Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Европа Биримдиги COVID-19 илдетине каршы орток эмдөө иштерин баштады


Италиялык дарыгер Филомена Личчиарди (Filomena Licciardi) айым "Pfizer-BioNTech" вакцинасы менен эмделди. Неапол, Италия. 2020-жылдын 27-декабры.
Италиялык дарыгер Филомена Личчиарди (Filomena Licciardi) айым "Pfizer-BioNTech" вакцинасы менен эмделди. Неапол, Италия. 2020-жылдын 27-декабры.

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр 27-декабрда коронавируска каршы эмдөө программасын орток баштады.

Дүйнө жүзүндө 1,7 миллион кишинин өмүрүн алган бул алааматтуу пандемияны ооздуктоонун чарасы катары эмдөө иштери башка айрым өлкөлөрдө буга чейин эле башталган.

Европада оболу карыялардын үйлөрүнө (интернаттарына) вакциналар жеткирилүүдө. Европа Биримдиги 2021-жылдын ичинде бардык эрезеге жеткендерди эмдеп чыгуу максатын көздөп жатат.

Ошол эле учурда бул ынтымакка кирген бардык өлкөлөргө бирдей мамиле кылуу аракети жасалмакчы.

Германиянын саламаттык сактоо министри Йенс Шпан 26-декабрда эмдөө иштерин өлкөдө башкы улуттук иш-аракетке айлантууга чакырды.

Чехияда 10 миңдей вакцина дозасы Прагадагы ооруканага жеткирилди. Чех өкмөт башчысы Андрей Бабиш өрнөк катары өзү да алгачкылардан болуп эмделе тургандыгын айтты.

XS
SM
MD
LG