Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Иран коронавирустун вакцинасын алыш үчүн четтеги резервдерин колдонууга АКШ макул болгонун жарыялады


Абдулнасер Хеммати.
Абдулнасер Хеммати.

Ирандын чет өлкөдөгү валюталык резервдериндеги каражатты коронавируска каршы вакцина сатып алыш үчүн которууга АКШ макул болду.

Бул тууралуу Ирандын Борбордук банкынын башчысы Абдулнасер Хеммати билдирди. Анын айтымында, буга чейин салынган санкцияларга карабай Кошмо Штаттардын Финансы министрлигинин карамагындагы чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы швейцариялык банкка акча которууга макулдук берген.

Эми Иран бийлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун планына ылайык 16,8 миллион доза вакцина алыш үчүн 244 миллион долларды которот.

Буга чейин расмий Тегеран АКШ салган санкциялардын кесепетинен акча которо албай жатканын билдирип келген.

Хеммати теледен сүйлөп жатып: «Бул жолу АКШ эл аралык коомчулуктун басымы астында акча которууга макул болду», - деп билдирди.

АКШнын Финансы министрлиги трансферге уруксат берилгени боюнча маалыматты расмий ырастай элек.

Иран Жакынкы Чыгыштагы коронавирус пандемиясынан эң көп жабыр тарткан өлкө болуп саналат. Бул мамлекетте вирус 54 миңден ашык адамдын өмүрүн алды.

Кошмо Штаттар Иранга карата санкцияларды 200-жылдардын башында өзөктүк курал үчүн уран байытууга каршы салган. Иранга каршы санкциялардын көбү 2015-жылы Тегеран менен кубаттуу алты державанын (АКШ, Франция, Улуу Британия, Кытай, Орусия жана Германия) ортосунда келишилген өзөктүк макулдашууга ылайык алынган. Бирок 2018-жылы АКШ ал макулдашуудан чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG