Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:10

Казакстан коронавируска каршы вакцина чыгара баштайт


Казакстанда коронавируска каршы жапырт эмдөө келерки жылдын башынан тартып башталат.
Казакстанда коронавируска каршы жапырт эмдөө келерки жылдын башынан тартып башталат.

Казакстан 22-декабрдан тартып Орусиянын коронавируска каршы «Sputnik V» вакцинасын жасай баштарын кабарлады. Ага ылайык, алгач ушул айда эки милилон доза вакцина даярдалат.

Казакстандын коронавируска каршы вакцинасын 4-декабрда өкмөт башчы Аскар Мамин жана президент Касым-Жоомарт Токаев өкмөттүн жыйынында талкуулашты. Анда Мамин жергиликтүү вакцина сыноодон ийгиликтүү өткөнүн жана жапырт эмдөөгө даяр экенин маалымдаган. Жыйында айтылган маанилүү билдирүүлөр өкмөттүн басма сөз кызматынын сайтында жарыяланды. Анда вакцинага катышып жаткан миңдеген ыктыярчылар жөнүндө да сөз болгон.

«Аскар Маминдин айтымында, вакцинанын эч кандай терс таасирлери катталган эмес жана жогорку натыйжалуулукту көрсөткөн. 25-декабрдан баштап клиникалык сыноолордун 3-этабынын алкагында 3 миң ыктыярчы эмдөөдөн өтөт. Изилдөөлөр 2021-жылдын март айынын аягында аяктайт» деп жазды Ак ордонун басма сөз кызматы.

Ошондой эле бул кызмат Казакстанда 22-декабрдан тартып Орусиянын коронавируска каршы «Sputnik V» вакцинасын жасай баштарын да жазды. Ага ылайык, алгач ушул айда эки миллион доза вакцина келери кабарланды.

«Орусиянын президенти Владимир Путин менен түзүлгөн келишимге ылайык, ушул жылдын 22-декабрында Казакстанда Орусиянын «Sputnik V» вакцинасынын өндүрүшү башталары маалымдалды».

Мындан тышкары, Токаевдин басма сөз кызматы коңшу Казакстанда 2021-жылдын башынан тартып өлкө калкына ыктыярдуу эмдөөнү баштоо пландаштырылып жаткандыгын билдирди. Вакцинаны биринчи кезекте калктын аярлуу катмарынын өкүлдөрү, дарыгерлер, мугалимдер жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери алат.


Ал эми ноябрь айында Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев орус вакцинасын өндүрүш үчүн атайын завод куруларын билдирген. Анын алдында эки өлкө вакцина алуу тууралуу макулдашкан. Ага ылайык Орусиянын Түз инвестициялар фонду вакцинанын кепилденген көлөмүн тестирлөөнүн бардык баскычтарынан өткөндөн кийин бериши керек болчу.

Ал арада казакстандыктардын коронавирус эмдөөсү боюнча эки ача ойдо болгонун байкаса болот. Айрымдары жергиликтүү вакцинаны колдоорун айтса, айрымдары буга каршы пикирлерин билдиришти.

«Кээ бир казакстандыктар чет өлкөгө барып дарыланып келишет эмеспи. Мындан улам мен же Европадан, же Америкадан келген вакцинага макул болмокмун».

«Ар бир вакцинанын өзүнүн таасири болот да. Ал эми биздин эл үчүн Казакстанда чыккан жана тастыкталган вакцина туура жана ишенимдүү болот деп ойлойм».


Буга чейин расмий Нур-Султан март айынан баштап өз вакцинасын чыгарарын маалымдаган. Анда Жамбыл облусунда наркы 7 млрд. теңгеге (16,5 млн долларга) бааланган коронавируска каршы казакстандык вакцина чыгара турган завод курула баштаганы айтылган. Ага ылайык, завод жылына 30-60 млн. доза өлчөмүндө коронавируска каршы вакцина өндүрмөкчү. Андан тышкары куш тумоосу, бруцеллез, дерматит сыяктуу илдеттерге каршы вакциналар чыгарылары айтылган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19га каршы эки казакстандык вакцинаны өз тизмесине кошкон.

Ал арада Казакстанда 5-декабрга карата 136 миңден ашык кишиге коронавирус жукканы аныкталган. Пандемия башталгандан бери 2079 бейтап көз жумган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG