Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 21:08

Кытайдын Борбор Азиядагы таасири күчөдү


Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама. 14-19-декабрь, 2020-жыл.

The Central Asia-Caucasus Analyst басылмасы Кытайдын Борбор Азиядагы таасиринин күчөшү тууралуу америкалык Стивен Блэнктин макаласын чыгарды. Автор макалада Кытай “Бир куур — бир жол” долбоору аркылуу Борбор Азияда көп тармактуу иш алып барып атканы жана аталган долбоордо ири аскердик компонент да бар экени жөнүндө сөз кылат.

“АКШны туурап Кытай да Борбор Азия өлкөлөрү менен өзүнүн 5+1 форматындагы жолугушууларын түптөгөн. Бул аянтча аркылуу Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнө оңой менен баш тарта албай турган инвестициялык долбоолорду сунуштап, натыйжада өз таасирин күчтөндүрүп жатат. Ошондой эле бул процесс Москванын ортомчулугусуз же кийлигишүүсү жок эле Борбор Азия өлкөлөрү менен тынбай карым-катнаш түзүү үчүн жакшы механизм. Аймактагы Кытайдын айрым долбоорлору Орусиянын күмөн саноосунан жана Москванын Борбор Азия чөлкөмүндө бара-бара таасирин жоготуп алуу коркунучунан улам ордунан жылбай турат. Дал ошол 5+1 механизми Кытайга Орусиянын каршылыгын айланып өтүү мүмкүнчүлүгүн берет жана экономикалык жактан үстөмдүк кыла алганын көрсөтүп турат”, — деп жазылат Стивен Блэнктин макаласында.

Кытайдын жаңы стратегиясынын натыйжасында коркунучка кептелчү эки өлкө катары Кыргызстан менен Тажикстандын аты аталат. Бирок автор андан ары Кыргызстан эмес, Тажикстан жөнүндө сөз кылат.

“Тажикстан карызын төлөй албай кыйналып жатат. Ошондуктан ал – карыз тузагына илинип калуу коркунучунда. Карызды төлөй албай калган учурда ири ишканалардын акцияларынан баш тартууга аргасыз болушу ыктымал. Мисалы, бул жүрүм Тажикстан өз аймагында Кытайдын аскердик базасына туруктуу жайгашуусуна шарт түзүп берүүсү аркылуу ишке ашуусу мүмкүн. Ошондой эле Кытай, 2011-жылы кылгандай эле, Тажикстанды жеринин бир бөлүгүн Кытайга берүүгө мажбурлашы ыктымал же болбосо өлкөнүн экономикалык ресурстарын өзү башкарышы мүмкүн.

2020-жылдын июнь айында Кытайдын президенти Си Цзинпин Тажикстанды “Бир куур — бир жол” долбоорун ишке ашыруу үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө чакырып, коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө көбүрөөк кызматташууну сунуштады. Бул көмүскө сунуш Тажикстандын экономика жана саламаттык сактоо тармактарына тереңирээк сүңгүп кирүүгө болгон Кытайдын кандайдыр бир аракети.

Бийлик жүргүзүүнүн — аскердик, дипломатиялык, экономикалык жана маалыматтык — бардык шаймандары бири-бири менен тыгыз байланышып, Кытайдын Борбор Азия жана башка аймактарда өз стратегиясын ишке ашыруу үчүн эриш-аркак иштеп жатат”, — деп белгилейт Стивен Блэнк.

Борбор Азия сырткы күчтөргө курал болбосо...

The Diplomat басылмасында өзбекстандык талдоочу Акрам Умаровдун “Борбор Азия лидерлеринин 3-жолугушуусу 2021-жылга жылдырылды” деп аталган макаласы жарык көрдү. Автор өз талдоосунда бул жолугушуу эмне себептен өтпөй калган себебин түшүндүрүп, Борбор Азия өлкөлөрү маселелерин өз ара чечүүсү үчүн ушундай жолугушуулардын мааниси чоң экенине токтолот.

“Аймактык жолугушуунун өтпөй калышына коронавирус пандемиясын негиз келтирилген менен эң негизги себеби ал эмес. Жолугушууну Бишкекте кеч күздө өткөрүү пландалып, кыргыз жана өзбек лидерлери даярдык көрүү жөнүндө сүйлөшө башташкан болчу. Ал тургай Борбор Азия өлкөлөрү достук жана кызматташуу жөнүндө мамлекеттер аралык документти даярдашкан эле. Ага Бишкектеги 3-жолугушуу учурунда кол коюшмак. [...] Бирок чоң иш-чараны жылдырууга Кыргызстандагы туруксуз саясий абал себеп болгон”, — деп белгилейт талдоочу.

Тагыраак айтканда, Кыргызстанда 2020-жылы октябрь айында болуп өткөн парламенттик шайлоо жана анын айланасында өлкөдө жаралган саясий кырдаал Борбор Азия лидерлердин маанилүү документтерге кол коюусуна тоскоол болгон делет. Эми бул жолугушуу 2021-жылы Түркмөнстанда өтө тургандай болуп калды.

Талдоочу А.Умаров эч нерсеге карабастан Борбор Азия өлкөлөрү өз алдынча жолугушууларды өткөрүп туруусу өтө маанилүү экенине басым жасайт.

“Биринчиден, жогоруда айтылган себептерге жана башка кыйынчылыктарга карабастан, онлайн болсо дагы жолугушуу өткөрүүнүн символдук мааниси жогору болчу. Коронавирус пандемиясы дүйнөнү, анын ичинде Борбор Азияны дагы социалдык-экономикалык жактан эбегейсиз зыянга учураткан маалда, бул аймактагы өлкөлөр көйгөйлөрдү биргелешип чечүү үчүн кызматташуусу зарыл. [...]

Экинчиден, өлкөлөрдүн ортосундагы мамиле жакшырып аткан менен Борбор Азия дале аймактагы суу ресурстарын колдонуу жана бөлүштүрүү, чек ара маселелери боюнча бир макулдашууга келиши керек. Аталган маселелердин эч бири эки тараптуу чечилбеши мүмкүн, ошондуктан аймактагы мамлекеттердин дагы талкууга катышуусу талап кылынат.

Үчүнчүдөн, сырткы таасирлерге карата Борбор Азиянын күчү жана биримдиги бийлик өкүлдөрүнүн ар кайсы деңгээлдеги туруктуу жолугушуусу аркылуу бекемделет. Сырткы күчтөрдүн “бөлүп жар да, башкара бер” деген саясатынын курмандыгы болбош үчүн Борбор Азия өлкөлөрү бирин-бири колдоого даяр экенин көрсөтүүсү кажет. Сырткы күчтөрдүн катышуусусуз аймактагы өлкөлөрдүн өз ара жолугушуусу Борбор Азиядагы лидерлердин жеке мамилелеринин жакшырышына өбөлгө түзөт”, — деп жазылат макалада.

"Facebook" компаниясын айланган сур булут

Өткөн жумада АКШнын өкмөтү менен 40тан ашуун штат "Facebook" компаниясын майда компанияларды сатып алып, атаандаштыкка каршы мыйзамсыз арга колдонууда деп сотко беришти.

"Facebook" 2012-жылы "Instagram", андан кийин 2014-жылы "WhatsApp" компанияларын сатып алуу менен өзүнө ор казып алды көрүнөт. Анткени, АКШнын өкмөтүндөгүлөр "Facebook’тун" мындай кадамын атаандаштыктан коркуу катары баалоодо. Алар "Facebook" компаниясынан "Instagram" менен "WhatsApp’ты" ажыратууну талап кылып, "Facebook’тун" мындан кийинки сатып алуу келишимдерине дагы чектөө киргизүү керек дешүүдө.

АКШнын Федералдык соода комиссиясынын маалыматына ылайык, дүйнөлүк желеде "Instagram" аябай популярдуу болуп, өз колдонуучуларын таба баштаганда, "Facebook’тун" негиздөөчүсү Марк Цукерберг монополия жүргүзүү бийлигинен кол жууп калуудан корккон. Сүрөт бөлүшүү платформасы менен атаандашуунун ордуна "Facebook" аны сатып алууну чечкен. Ушундай эле жол менен алар "WhatsApp" мессенжерди да сатып алган.

Ошондой эле "Facebook" платформасына туташкан үчүнчү жактарды, эгер атаандаштык жарата турган программаларды жасап чыгара турган болсо, "Facebook’тан" аларды платформадан алып сала турганын айтып коркуткан.

Сотко бергендердин максаты — "Facebook’тун" "Instagram" жана "WhatsApp" менен сатып алуу келишимин жокко чыгаруу жана инновацияны, ачык атаандаштыкты камсыздоо.

"Facebook" компаниясы болсо кандай гана айыптоолор болбосун, өз таламын жактап акырына чейин соттошууга даяр экенин айтууда.

Учурдагы АКШнын президенти Доналд Трамп да, шайланган президент Жозеф Байден да ири технологиялык компаниялар чынында ашыкча бийликке жана таасирге ээ болуп баратканына арызданышкан болчу.

Эми "Facebook" компаниясынын соттук иштери Байдендин бийлигинин тушунда карала турган болуп калды окшойт.

Элмурат Асан,

серепчи.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG