Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:35

Башкаруу формасын талашкандардын дебаты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ушул күндөрү мамлекеттик КТРК, ЭЛТР телеканалдарында президенттик же парламенттик системаны жактагандардын жана экөөнө тең каршы болгон топтордун дебаттары өтүүдө.

4-январда Коомдук телерадиоберүү корпорациясында (КТРК) президенттик башкарууга «макул» жана «каршы», парламенттик башкарууга «макул» же «каршы» жана бардык варианттарды колдобогон үгүт топторунун дебаты болду.

КТРК бул талкууну «YouTube» каналына сала элек. Парламенттик башкарууну колдогон тарап берүүнү түз эфир учурунда жаздырып алып Интернетке жүктөдү.

Президенттик башкаруу формасына каршы үгүт тобунун жетекчиси, экс-депутат Бактыбек Калмаматов Кыргызстанда бийлик бир колго топтолгон күчтүү президенттик башкаруунун кесепеттерин санап берди:

Бактыбек Калмаматов.
Бактыбек Калмаматов.

«Президенттик башкарууга кайтуу – бул реваншисттик саясат. Бул – Акаевдин маалында Аксыда эл, Бакиевдин убагында апрель окуясында 100 бала туура атылган дегенге барабар. Жээнбековдун маалында Үмүт туура атылган деп моюнга алганга тете. Президенттик башкаруу адамды кыргандан, кулчулук мүнөздү калыптандыргандан башка эч бир саясий мүнөздү калыптандыра албайт. Өзгөчө кыргыз элине президенттик башкаруу жарабай турганын түшүнүш үчүн жүздөгөн адамдардын жаны кыйылды. 40тан ашык саясатчынын башы алынды. Бүгүн да ошондой өзүм билемдик саясатты кайра алып келүүгө далалат кылып жатышат. Октябрь революциясынан кийин келген бийликтин мыйзамсыз аракеттери, өзүм билемдик, өзүм гана чечем деген саясаты – бир адамдын колуна абсолюттук бийлик берүүгө болбой турганынын даана далили».

Бактыбек Калмаматов президенттик башкаруунун тушунда болгон кандуу окуяларды эске салып, анын кайра кайталанышын каалабагандарды референдумга каршы чыгууга үндөдү. Ал парламенттик башкаруу капчыгы жука, тааныш-билиши жок, бирок идиреги бар билимдүү жаштардын бийликке келишине аз да болсо жол ачарын айтып, жаштарды өз кызыкчылыгын коргоого чакырды.

Буга окшогон сын-дооматтарга парламенттик башкарууга каршы топтун мүчөсү Мыктыбек Тилек уулу жооп берди. Ал Кыргызстанда премьер-министрлер «ат тезегин кургатпай» алмашып, өлкөдө экономика жерден боор көтөрө албай жатышын парламенттик башкаруу менен байланыштырат. Анын сөзү боюнча, Жогорку Кеңешке өтүп келген партиялар кызмат бөлүштүрүүнү бизнеске айлантып алып тар кызыкчылыктардан кутула алышкан жок.

«Партиянын идеологиясы, карманган багыты болот, - деди ал. - Бизде ал жок да. Биз Европа өлкөлөрүн мисал кылганды жакшы көрөбүз. Алардын тарыхын карасак партиянын мүчөлөрү, депутаттар партиянын идеологиясы үчүн куугунтукталып, түрмөгө отуруп аягына чейин өз оюнан тайган эмес. Бизде болсо бир аз кысым болсо, соодалашуу болсо партиядан партия которуп кетишет. Бир эле депутат 3-4 партия алмаштырган учурлар бар».

Эгемендик алгандан бери президенттик башкарууда жашап келген Кыргызстан 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин жаңы Конституцияны кабыл алган. Ошол кездеги Конституциялык кеңешме 2010-жылдын 27-июнунда жаңы Баш мыйзамды референдумга чыгарып, анда өлкөнү парламенттик-президенттик башкаруу формасына өткөрүү сунушталган. Президент бир гана мөөнөт алты жылга шайланары жана парламенттик фракциялар коалициялык өкмөт түзөрү каралган.

Башкаруунун бул формасында мамлекетте Жогорку Кеңештин ролу күчөтүлүп, өлкөдөгү чарбалык ишке премьер-министр толук жоопкер болгон.

10-январга дайындалган референдумда башкаруунун бардык формасына каршы үгүт тобунун мүчөсү, жарандык активист Азият Жекшеев бул кагазда эле калып, иш жүзүндө өлкөдөгү кыбыр эткен кыймылдын баарын президент көзөмөлдөгөнүн айтып жатат:

Азият Жекшеев.
Азият Жекшеев.

«Абсолюттук президенттик башкарууга умтулган жана аны жактагандардын логикасына түшүнбөй турам. Биз иш жүзүндө 29 жылдан бери президенттик башкарууда жашап келдик. Ал башкаруу кандай экенин көрдүк. Эми ошону мыйзамдаштырып койгондон бир нерсе өзгөрөбү? Албетте, жок. «Депутаттар соодалашууну адат кылып алышкан» деп айтышууда. Ооба, аны билебиз, көргөнбүз. Бирок ага негиз болгон парламент эмес, президент болуп жатпайбы. Парламентке президенттин батасын алган партиялар келип атып ушундай абал жаралды».

Парламентаризмди жактагандар 2010-жылы кабыл алынган Конституция толук иштебей парламенттин алсыз болгонунун бир нече себептерин айтышты.

Парламенттик башкарууну колдогон топтордун биринин лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин сөзүнө караганда, анын негизги себеби президент Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетти (УКМК), Башкы прокуратураны жана сот бийлигин көзөмөлдөгөнүндө.

Парламенттик башкарууну жактагандардын жүйөсүндө өлкө жетекчиси укук коргоо органдарын саясий атаандаштарына каршы колдонду. Анын айтымында бул органдар президенттин кемчилигин ачык айткандардын артынан түшүп иш козготуп, алдын түрмөгө отургузгандыктан депутаттардын көбү бийликтин тилинен чыкпай калган.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«2015-2020-жылдардагы парламенттик шайлоодо бүт партиялар, керек болсо оппозициялык партиялар да президентке кирип талапкерлердин тизмесин президент менен макулдашып чыгышкан. Президенттик башкарууда мына ушундай болот. Парламенттик республикада партиялар күчтүү болуп, эл партияга жана анын ичиндеги талапкерлерге добуш берет. «Биз парламенттик башкарууну көрдүк» деп айтышат. Андай эмес», - деди Бекешев.

Коомчулукта Жогорку Кеңештин VI чакырылышы парламентаризмди жек көрсөткөн, бир эмес үч президенттин кызыкчылыгы үчүн иштеген чакырылыш катары бааланып келет. Бийликтин тилинен чыкпаган, президенттин аппаратынын ишараты менен мыйзамдарды топ-тобу менен кабыл алган парламент деп сындан башы чыккан жок. Парламенттик башкарууга каршы үгүт тобунун мүчөсү Дариякан Шабданова мына ушул маселеге көңүл бурду:

«10 жылдан бери 120 депутатты жөн эле багып жүрдүк. Депутаттар бизге мөмөсүн берген жок. Акыркы эле пандемияда алар өз элине жакшылык кылган жок. Аткарган иштеринен аткарбаганы, жакшысынан жаманы көп болуп кетти. Биз кайсы депутаттан эмнени талап кылышты билбейбиз. Себеби, партиялык тизме менен мандат алыш үчүн соодалашып жүрүшөт. Биз тааныган акчасы жок анча-мынча адамдар калып калып, акчасы барлар депутат болду. Акчалуулар карапайым эл менен эсептешкен жок. Парламенттик башкаруу бизди жүдөттү. Жоопкерчилик жок. Канча деген премьер-министрлер отчёт бербей, жооп бербей кетип калды».

Президенттик башкаруу формасына каршы үгүт тобунун жетекчиси Бактыбек Калмаматов бул багыттагы сындарга мындайча жооп берди:

«Эгерде 120 депутаттын 90ну чылгый коррупционер, криминал, олигарх бийликтин административдик ресурсун колдонуп парламентке келген болсо, ага парламентаризм күнөөлүү эмес. Ага дал ошол партияларды сүйрөп келген президенттер күнөөлүү. Акаев «Алга Кыргызстанды», Бакиев «Ак Жолду» ушинтип алып келип өздөрү да, партиялары да жок болду. Ошентип КСДПны алып келген Атамбаев түрмөгө түштү. «Биримдик» менен «Мекеним Кыргызстанды» сүйрөп келген Сооронбай Жээнбеков бийликтен кетти. Бийликти бир колго топтоо эч качан жакшылыкка алып барбайт. Мамлекетти революциядан сактап калуунун бирден-бир жолу – парламентаризм. Кайчылаш, бир нече көз караш болгон жерде гана тынчтык болот».

10-январга дайындалган референдумда Кыргызстандын башкаруу ыкмасын аныктоого үгүт жүргүзө турган 15 топ Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) каттоодон өткөн. Алардын ичинде президенттик башкаруу формасы үчүн «макул» деп үгүттөөчү сегиз, президенттик башкаруу формасына «каршы» - бир, парламенттик башкаруу формасы үчүн «макул» деп үгүттөөчү үч, парламенттик башкаруу формасына «каршы» бир топ жана бардык варианттарды колдобогон эки топ бар.

Кыргызстанда биринчи жолу 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо менен кошо башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум да өткөнү жатат. Анда жарандарга үч суроо коюлат. Ага катышкандар президенттик же парламенттик башкаруу формасын колдой турганын, болбосо бардык варианттарга каршы экенин билдириши керек.

Бүткүл элдик добуш берүүгө катышуу ыктыярдуу түрдө жүрөт. Эгерде референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилгендердин 30% көбү добуш берсе, ал өттү деп эсептелет.

XS
SM
MD
LG