Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:02

Бийликти сындаган тамашага тыюу салынды


Нарынбек Молдобаев, Абдылда Иманкулов жана Рахман Разыков.
Нарынбек Молдобаев, Абдылда Иманкулов жана Рахман Разыков.

Куудулдар алардын «Ордодо турса үч пахан, оңолмок элек биз качан» аттуу концертине бийлик бут тосуп жатканын айтып чыкты. Уюштуруучулар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аларды суракка чакырганын айтты.

Куудулдардын концерти өткөн Оштогу Бабур театрынын жетекчилиги атайын кызматтын өкүлү менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди. Ал эми УКМК бул тууралуу маалымат тарата элек.

Бул маалыматка удаа эле куудулдардын Жалал-Абаддагы 6-7-январга белгиленген концерттик программасы облустук штабдын чечими менен болбой калганы маалым болду.

«Саясат менен таң атат,
Саясат менен күн батат.
Сайдагы аккан суулар да,
Саясат болуп баратат.
Саясат аткан ок болуп,
Саясат күйгөн от болуп.
Саясий саздан чыгарчу,
Саясатчылар жок болуп.
Эртеге "президент" болом деп,
Сай-сайда жүрөт топтолуп», - деп башталат куудулдардын коомчулукта талкуу жараткан «Үч пахан» аттуу интермедиясы.

Концерттин жарнак барагы.
Концерттин жарнак барагы.

Дал ушул сахналаштырылган көрүнүштүн айынан куудулдардын бири Рахман Разыков 2-январь күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Оштогу башкармалыгына чакырылганын билдирүүдө. Атайын кызмат андан «Үч пахан» интермедиясын концерттик программадан алууну буюрган.

«Мага "мыйзамда ушундай берене бар" деп көрсөттү. Шайлоо учурунда кайсы бир талапкердин сүйлөгөн сөзүн ага каршы колдонууга мыйзам уруксат бербейт дешти. Аны тамашалаганга, келеке кылганга да жол берилбейт экен»,— деди Рахман Разыков.

Бирок Разыков интермедияда президенттикке талапкерлердин бирөөнө эле эмес, баарына бирдей тамаша жолдонгонуна ынандырууда.

Ошондой болсо да алар атайын кызмат менен сүйлөшкөндөн кийин интермедияны программадан алып салууга мажбур болушкан.

Оштогу Бабур театры.
Оштогу Бабур театры.

Белгилүү куудулдар Рахман Разыков, Абдылда Иманкулов, Нарынбек Молдобаевдин «Оңолмок элек биз качан, ордодо турса үч пахан?» аттуу концерти Оштогу Бабур театрында 1-январдан 5-январга чейин коюлган. Анда Кыргызстанда өтө турган президенттик шайлоо тамашага салынган.

Атайын кызматтын өкүлдөрү куудулдар менен удаа эле Бабур театрынын жетекчилигине телефон чалып, концертти кимдер жана кайсы күндөргө коюп жатканы жөнүндө тактап сураганы айтылууда. Бул тууралуу театрдын жетекчиси Аззам Рахим мындай деди:

«Жок, бизди суракка чакырган жок. Телефон аркылуу сүйлөшүп, "кимдер концерт коюп жатат?" деп сурады. Биз маалымат бердик».

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул окуяга азырынча түшүндүрмө бере элек.

Концертке тыюу, тойлорго уруксат

Куудулдар Ош шаарынан кийин ушул эле программасы менен 6-7-январь күндөрү Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрына бармак.

Бирок коронавируска каршы облустук штабдын маданият үйлөрүнүн иштөөсүнө тыюу салган чечиминин негизинде концерт өтпөй калган.

Жалал-Абад шаары.
Жалал-Абад шаары.

Штабдын чечими 4-январь күнү чыгарылып, анын негизинде облустун, шаардын аймагындагы маданият мекемелеринин иштөөсүнө тыюу салынган.

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук администрациясынын басма сөз катчысы Нурайым Турдумаматова мындай деди:

«Барпы театры, филармониянын жетекчилигине эскертүүлөр берилип, протоколдор менен буга чейин тааныштырылган. Маданий мекемелер күз айларынан тартып иштей баштаган, 2021-жылдын 4-январында штаб алардын ишин токтотуу чечимин кабыл алды. Кафе-ресторандар иштеп эле атат».

Куудул Рахман Разыков «Азаттыкка» курган маегинде, мындан ары концерт уюштуруу үчүн бир нече маданий мекемелерге чалганда, алар «"Үч пахан" концертти коюлбасын» деп кат алгандарын айтып, баш тартып коюшканын билдирди. Куудул катты УКМК тараткан болушу мүмкүн деп божомолдоду.

«Шайлоо мыйзамдары тамашаны тыйбайт»

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоо мыйзамдарында талапкердин айткан сөздөрүн тамашага салуу боюнча берене жазылбаганын билдирди.

«Биздин шайлоо мыйзамдарында андай жагдайлар каралган эмес. Шайлоо мыйзамы боюнча "үгүт иштеринде бирөөлөрдүн жеке сапатына, жекелигине тиешелүү сөздөрдү айтпаш керек" деген гана нормалар бар».

Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүндө төмөндөгүчө жазылган:

«Жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылган же башка ыкма менен таратылган маалыматтык материалдардын мазмуну калыс, так болушу керек, талапкерлердин, саясий партиялардын теңдигин бузбоого тийиш, аларда кандайдыр бир талапкерге, саясий партияга артыкчылык берилбеши керек».

29-декабрь күнү куудулдар ушул эле концерттин жарнамасын ОшТВ телеканалы эфирден бербей койгонун айтып чыгышкан. Муну «саясий кысым» катары баалашкан. Телеканалдын жетекчилиги куудулдардын айтканын четке кагып, келишим түзүлбөгөндүктөн жарнама эфирден кетпей калганын билдирген.

XS
SM
MD
LG