Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:33

Дебат: Жетим-Тоо, Кой-Таш жана Матраимов


Президенттикке талапкерлер Клара Сооронкулова, Абдил Сегизбаев, Арстанбек Абдылдаев, Равшан Жээнбеков, Каныбек Иманалиев жана жарыштан чыгып кеткен Рашид Тагаев.
Президенттикке талапкерлер Клара Сооронкулова, Абдил Сегизбаев, Арстанбек Абдылдаев, Равшан Жээнбеков, Каныбек Иманалиев жана жарыштан чыгып кеткен Рашид Тагаев.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясындагы (КТРК) теледебаттардын экинчи турунун экинчи күнүндө да беш талапкер беттешти. Алар Клара Сооронкулова, Абдил Сегизбаев, Арстанбек Абдылдаев, Равшан Жээнбеков жана Каныбек Иманалиев. Алтынчы талапкер Рашид Тагаев мурдараак жарыштан чыгып кеткен. Таймашта Жетим-Тоо кени, Кой-Таш окуясы, мурдагы бажычы Райымбек Матраимов жана башка темалар козголду.

Децентралдаштыруу, бажыдагы коррупция жана насыя

7-январдагы дебаттын башталышында эле айым талапкер Клара Сооронкулова алып баруучулар Амантур Шергазиев менен Зарина Уметалиевага кайрылып, беймаани суроолорду бербөөгө чакырды. Ал мурдагы күнкү беттештегидей кептин төркүнүн манипуляция кылбоону талап кылды.

Бардык талапкерлердин кайрылуусунан кийинки биринчи суроо аймактык башкарууга байланыштуу болду. Тагыраагы «Өзүн-өзү башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын көбөйтүү керекпи же борбордук бийликти чыңдоо зарылбы?» деген собол жаңырды.

Клара Сооронкулова, Абдил Сегизбаев, Равшан Жээнбеков децентралдаштырууну жактай турганын, укукту көбүнчө айыл өкмөттөргө жана шаар башчыларына берүүнү туура көрүшөрүн айтышты. Алар жергиликтүү жетекчилерди эл өзү түз шайлашы керек деген пикирин ортого салышты.

Арстанбек Абдылдаев мында жалпы кеп менен чыкса, Каныбек Иманалиев бийликти тең бөлүштүрүү зарыл экенин айтты.

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

«Аскердик министрликтер, чек ара жана ички иштер органдары вертикалдуу болуш керек. Чарбалык, социалдык маселелер горизонталдуу болуш керек. Ошол экөөнүн балансын тапсак, бизде ийкемдүү, жоопкерчиликтүү, мамлекетти өнүктүрө турган бийлик болот. Биринчиден, Кыргызстанда 40 район, 40 шаар бар. Бул өтө көп. Район-облусу жок, чакан 20 аймак кылсак болот. Экинчиден, бизде 453 айыл өкмөтү бар, аларды ирилештирип 300дөй эле айыл аймакка бириктирсек болот. Аларга жоопкерчиликти, салык чогултууну берүү кажет. Айыл өкмөттөр курултайда шайланыш керек, мэрлер түз шайланыш керек. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрин эл шайласа, алар президентке эмес, элге отчёт берет», - деди Иманалиев.

Экинчи тема экономикалык кризиске жана бизнести өнүктүрүүгө арналды. Каныбек Иманалиев дүйнөнүн 193 мамлекетинин 170инде, анын ичинде Кыргызстанда экономикалык каатчылык болуп жатканын, мындан реформалар менен чыкса болорун белгиледи. Равшан Жээнбеков да алгач саясий кризистен чыгып, андан кийин укук коргоо жана сот органдарын реформалоо менен экономикага оң таасир этүүгө мүмкүн экендигине токтолду. Абдил Сегизбаев да азыркы бийликтин душманы «президенттикке талапкерлер эмес, экономикалык кризис экенин» кошумчалады.

Арстанбек Абдылдаев экономиканы көтөрүү үчүн бажыда жана башка тармактардагы жемкорлукту жоюу керек экенин белгиледи:

Арстанбек Абдылдаев.
Арстанбек Абдылдаев.

«Мен кезинде мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылып чыккам. Кийин жаштар, эл чыгып, «коррупциянын символу» атыккан Райымдын (Матраимов-ред.) жоопко тартылышын талап кылган. Бүгүнкү күндө дагы эле кул сезимдеги адамдар бийликке келип, аларды жоопко тартмак тургай бир күкүмүн чачтырып, «2 млрд. сом төктү» деп коргоп отурат. Мындай адамдар башыбызда турганда дагы эле ошол ууручулук улана берет да. Кыргыздын экономикасы көтөрүлмөк тургай, мүшөктөп пул алып келсең да жоголот. Коррупция менен күрөштүк деп жатат. Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун чыры эмнеден чыкты? Райым капчыкты, акчаны алып келбеди, анан аны Сапар Исаков кызматтан алды, Жээнбеков Исаковду иштен алып койду. Булар аны менен күрөшпөй эле өздөрү түзүп, өздөрү кармап келишкен. Анан кантип биздин экономикабыз көтөрүлөт?».

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу чуу мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда башталган. Былтыр күздө өлкөдө бийлик алмашкандан кийин Матраимовдун бажыдагы иштерине кылмыш иши козголуп, президенттин милдетин аткаруучу болгон Садыр Жапаровдун буйругу менен ал үй камагына алынган. Жапаров Матраимов бюджетке 2 млрд. сом төгөрүн убада кылган.

Кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов күнөөсүн моюнга алып, 1 миллиард 400 миллион сомду бюджетке накталай акча түрүндө кайтарып бергенин билдирген. Мындан тышкары, анын бир соода борбору жана тогуз батир түрүндөгү 600 миллион сомдук кыймылсыз мүлкү мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн.

Экономика жөнүндөгү кептин учугун улай соңку дебатта Клара Сооронкулова насыя тууралуу сөз козгоду:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«Сиз мага азыркы азыркы өкмөттүн «100 миң сомго чейин насыя алган жарандарга жардам берем» деген популисттик кадамын эстетип койдуңуз. Эгер биз чындап көмөк көрсөткүбүз келсе, анда ал даректүү болуш керек. Көп балалууларга, жалгыз башпаанегин күрөөгө койгондорго, аз эмес, тескерисинче карызга батып калгандарга жардам кылышыбыз керек. Ошондо гана ал натыйжалуу болот. Мен эмне үчүн аны популисттик деп жатам? Факт жүзүндө буга акча жок болгон. Бюджет өзү олчойгон дефицитте олтурат. Бул ачык эле шайлоо алдындагы пиар болгон. Өкмөт башчылык ыйгарым укугун токтоткон Садыр Жапаров муну кызматынан аша чабуу менен пайдаланды».

Садыр Жапаров өкмөт банктардан насыя алган адамдарга колдоо көрсөтүү механизмин иштеп чыкканын 2020-жылдын 9-ноябрында Нарында эл менен жолугушуу учурунда айкан. Ал бул үчүн бюджеттен 1 миллиард 200 миллион сом жумшаларын билдирген.

«100 миң сомго чейин насыя алгандардын үч айлык пайыздык үстөгү боюнча жардам беребиз. 100 миңге чейинкилерге гана. Бул – аябай начар турмушта жашагандар, 20 миң, 50 миң же 80 миң алгандар. Андан өйдө мамлекеттин күчү жетпейт экен. 10-15 күндөн бери ушул маселенин үстүндө иштеп жатканбыз. Акыры кечээ чечиштик», - деген ал ошол күнү.

2021-жылдын 4-январында Финансы министрлиги билдирүү таратып, Кыргызстанда 100 миң сомго чейин насыя алган 673 миңден ашуун жаран үч ай бою пайыздык төлөмдөн бошотуларын кабарлаган. Муну үчүн 1,253 миллиард сом талап кылынары, каражат салыктык эмес кирешелердин эсебинен 2021-жылдын республикалык бюджетинен алынары маалымдалган.

Кой-Таш окуясы жана Сегизбаевдин Жапаровго суроо-жообу

Кийинки суроо санариптештирүү жөнүндө берилди. Клара Сооронкулова бул өзгөчө сот тармагына керек экенин айтса, Равшан Жээнбеков санариптешүү бул чөйрөдө ишке ашпаганын өзүнүн соттук ишинен көрүп жатканын келтирди.

Абдил Сегизбаев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун буга байланыштуу аракеттери ишке ашпаганын айтып, сынга алды. Арстанбек Абдылдаев башка кепке ооп кетсе, Каныбек Иманалиев бажы, салык, мамлекеттик сатып алуу, энергетика жана башка тармактарды электрондоштуруу боюнча сүйлөдү.

Билим берүү жөнүндөгү собол да көп талкуу жаратты. Мында Иманалиев Кыргызстанга Финляндиянын билим берүү системасын алып келүүнү сунуштаса, Жээнбеков «жалпы эле Батыштыкын үйрөнүш керек» деди. Сегизбаев мугалимдердин баркын көтөрүү демилгелерин көтөрсө, Абдылдаев илим-билимди өнүктүрүү ата-энелерди тарбиялоодон башталарын толуктады. Сооронкулова «көпчүлүк мектептер балдарды Орусияга мигрант катары даярдап жатат» деп кейиди.

Дебаттын деми талапкерлердин бири-бирине суроо берген бөлүгүндө кызыды. Мында Каныбек Иманалиев негизги деп аталып жаткан талапкер Садыр Жапаровдун дебаттарга катышпай жатканы боюнча атаандаштарынын ойлорун сурады. Сөз алган талапкерлер муну айыпташты.

Жапаров телетаймаштардын биринчи турунда 29-декабрда, экинчи турунда 6-январда келген эмес. Алгач шайлоочулардан жолугушуудан бошобой калганы айтылса, кийин өзү «дебаттар ушакташуу, акыйнек айтышуу болуп калгандыктан барбаганын» ачыкка чыгарган.

Мурдагы дебаттарда Абдил Сегизбаев Садыр Жапаровго сегиз ачуу суроо узаткан. Сегизбаев атаандашынан дебаттан, же башка жерден жооп ала албаганы үчүн өзү көтөргөн маселелер боюнча өзүнүн жүйөлөрүн жарыя кылды:

Абдил Сегизбаев.
Абдил Сегизбаев.

«Биринчи суроом - «2001-жылы «Ысык-Көл Инвест» банкынан алдың беле?» деген суроо болчу. 400 миң долларды алыптыр. Мына бул жерде документ, кийин өчүрүп коюптур, бирок маалыматтар базасында, серверде калыптыр. Кийин буйтап, төлөбөй коюптур. Кылмыш иши козголуптур, акчаны кайтарып бергиле дептир, эч кандай жооп жок. Экинчи ошол «Ысык-Көл Инвест» банкты бир тууганың, Райкүл Жапарова менен менен басып алдыңбы?» дегем, ага да жооп болбоду. Бул жөнүндө Жогорку соттун чечими бар, басып алыптыр. Мындан сырткары «5 млрд. долларды адалдадыңар беле?» дегем, мына Улуттук банктын документтери. Ошол банк аркылуу Максим Бакиевге 5 млрд. долларды «жууп» бериптир. «Киев көчөсү, №74 даректеги Максим Бакиевдин кеңсесин мародерлордон сатып алдың беле?» дегем, сатып алыптыр. Мына документ, өзү да айткан экен, «500 миң долларга сатып алгам» деп. Дагы бири - бир нече миллион доллар турган Жыргалаң шахтасын 12 млн. сомго сатып алган экен. Кытайларды алып келип иштетип, кийин техникасын, металлын сатып туруп, кытайлыктарга биротоло өткөрүп бериптир. Кумтөр боюнча 2009-жылкы келишимдерге тиешеси бар, ошондой эле кырдаал Жетим-Тоо боюнча да болгон. Аны да 2009-жылы, «Арт Майнинг» компаниясына өткөрүп берген экен, анын ээси Маким Бакиевдин жардамчысы болгон. Кийин 20 млн. долларга Кытай инвесторуна сатып жиберишкен. Алар Үрүмчүдө завод салып: «Качан бересиң?» деп он жылдан бери Максим Бакиевди тепкилеп келген. Азыр болсо үкөлөрү бийликке келди, Жетим-Тоону «карызды төлөйбүз» деп дароо бергени турушат».

Садыр Жапаров мындагы бардык маселе тууралуу комментарий бербесе да, ар кайсы маектеринде жана билдирүүлөрүндө көпчүлүк фактылар жөнүндө оюн айтып, төгүндөп келген. Маселен, эжеси Райкүл Жапаровага козголгон кылмыш иши саясий буюртма болгонун, Жетим-Тоо Кытайга берилбей турганын, Максим Бакиев менен байланышы жок экенин айткан. Өз билдирүүлөрүндө ал мунун баарын курулай айыптоо, ушак-айың деп баалаган.

6-январда Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушуп жатып Садыр Жапаров буларга токтолгон:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Мына «Бакиевдер, Максим келип кетиптир» деген сөздү таратып жатышат. Аэропортто, учак конгондон, кирип-чыкканга чейин камералар турат. Максимдин атасынан башы барбы? Бул жакта жок, келген жок. Калптарды таратканда дагы, кудайды карап тараткыла. Абдил Сегизбаев чыгып алып, «Садыр Жапаровдун момундай кылмыштары бар, жети суроо бар, тогуз суроом бар» деп айтып атпайбы. «Жаныш Бакиевдин тоюнда жүргөн» деген бир сүрөттү көргөзүп жатат. Ал той, 2008-2009-жылы болгон, мен комиссар элем, жетекчилердин баарын, парламенттин баарын чакырган. 90 депутат барган, миңдей киши отурган. Адахан Кимсанбаевич камчы белек кылып, «укпагандарды ушу менен башка чап» деген. Ошол эле той. «Чакырган жерден калба, чакырбаган жерге барба» дейт, чакырып жатса барасың да. Ошону үчүн ошондой ушактарга алданып кетпеңиздер. Абдил Сегизбаев мисалы, 2017-жылы мени камаганда, эч нерсе таппай, «2013-жылы Каптагаевди барымтага алып алды» деп, ошол ишти чаптап, камаган. Каптагаев келип сайрап турду, «ай, мунун эч катыштыгы жок» деп Жогорку сотко чейин келип жүрдү, ошондо да чыгарбады. Эгерде Абдил Сегизбаев сураган 8-9 кылмышым болсо, ошондо эмне үчүн чыгарбайт? Ошону менен жаппайбы анан, «мына, мобу кылмыштары бар эле» депчи. Ошону үчүн логикалык жактан ойлонуп көрүңүздөр, кандай максат менен жамандап жатканын».

Абдил Сегизбаев 2015-жылдан 2018-жылдын апрелине чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти башкарган. Садыр Жапаров анын тушунда кармалып, 2018-жылы 11 жыл, алты айга кесилген. 2020-жылдын октябрь айларында өлкөдө бийлик алмашкандан кийин, иши шашылыш каралып, кайра кароого жиберилген. Кийин иш кыскартылганын Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов кабарлаган.

Ошентсе да Жапаровго байланыштуу бул жана башка маселелерге соңку дебатта башка талапкерлер Каныбек Иманалиев, Клара Сооронкулова жана Арстанбек Абдылдаев да кайрылды.

Бул жөнүндө кеп айтуудан абайлаган Равшан Жээнбеков телетаймашта Кой-Таш окуясы жөнүндө билдирүү жасады:

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

«Биз «президенттердин айынан дагы трагедия болбойбу» деп айтып жатабыз. Бирок ошого карабай эле азыр кайрадан келип «президенттик бийлик түзөбүз» деп жатабыз. Кой-Таш окуясындагы атайын кызматтын кызматкеринин өлүмү биз үчүн трагедия. Бирок кызматкердин колуна автомат берип, ким жиберди ошол жакка? Атамбаев суракка чакырганда, келбей койду. «Не кылсаңар ошол кылгыла» деп, болгону тынчтык жол менен келбей койду. Өзүнүн жеке менчик үйүндө жатып алды. Президент Сооронбай Жээнбеков жиберди да. Президенттик бийлик бизди трагедияга алып келип жатат. Эгерде Сооронбай Жээнбеков менен УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаев, ИИМ министри Кашкар Жунушалиев үчөө жөнөтпөсө, Кой-Таш окуясы болбойт эле да. Колдоруна курал берип, Атамбаев менен анын тарапташтарын атып кел деп жөнөтүштү да. Ошондуктан Сооронбай Жээнбеков, Опумбаев, Жунушалиев жана аларды колдоп олтурган Жамшитов, Салиев, силер эртели-кеч кылмыш жоопкерчилигине тартыласыңар. Атамбаев аткан жок, силер аттыңар. Мынакей президенттердин кабыл алган чечими».

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы 2019-жылдын август, айында Кой-Таш айылындагы анын үйүндө өткөн. Анда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Бул иш боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн. Азыр күбөлөр суралууда. 250дөй күбөнүн он чактысы суралып бүттү. Батукаевдин ишине байланыштуу Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган.

Дебатка канаттангандар жана аны сындагандар

Дебаттын 3-раундунда бул жолу да КТРКнын социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жана мессенжердеги номерлерине келген суроолор талапкерлерге жолдонду. Мында көбүнчө талапкерлердин эски окуялары, көз караштары жана аракеттерине тиешелүү соболдор узатылды.

Маселен, Клара Сооронкуловага мурда Конституциялык палатадан канда негизде кеткени, шайлоого акчаны кайдан алганы, ал лидерлик кылган «Реформа» партиясынын ыдырап кетиши жөнүндө суроо берилди. Абдил Сегизбаевден ЖЭБ, Равшан Жээнбековдон Батышты колдогону, Каныбек Иманалиевден илгери менчиктештирилип кеткен имарат тууралуу, Арстанбек Абдылдаевден «коронавирусту Кытайга жөнөтүп жибергени» боюнча суралды.

Жарандык коомдун өкүлү Бурул Макенбаева шайлоочу катары дебат жөнүндө ойлору менен бөлүштү:

Бурул Макенбаева.
Бурул Макенбаева.

«КТРКнын алып баруучулары орунсуз суроолорду берген учурлары көп болду. Өзгөчө аяк жагында атайын даярдалгандай, же стреотиптерге негизделген, тапталган суроолорду узатып алышты. Элден келген дегенге таянуу менен буга чейин эле белгилүү болгон же болбогон бирдемелерди сурап жатышты. Суроонун ичинде талапкерге баа берип, «батышчыл же мамлекетке каршы иштеген» деген сыяктуу алдын-ала бүтүм чыгарган да соболдор узатылды. Ошого карабастан менимче соңку дебат аябай жакшы болду. Талапкерлердин деңгээли мени жалпысынан канааттандырды. Терең көз караштарын бөлүштү, жакшы сунуштарды айтышты».

Ошол эле учурда дебатка катышкан саясатчылар жалаң эле Садыр Жапаровду сындоого басым жасап жатканын айыптагандар да бар. Соңку беттеште да саясий жарыштагы негизги оюнчу көп сөз болгону белгиленди.

Баяндамачы Тургунбай Алдакулов дебаттардын экинчи туру тууралуу пикирин мындайча айтты:

Тургунбай Алдакулов.
Тургунбай Алдакулов.

«Дебат - талапкерлер деңгээлин көрсөтө турган, программасын элге жеткире турган жакшы платформа. Азыр ал мүмкүнчүлүктү ким кандай колдонуп жатканын көрүп жатабыз. Көбүнчөсү дебатка чыккан талапкерлердин баары бир талапкерге – Садыр Жапаровго каршы, алдын ала сүйлөшүп алгандай чабуул коюп жатканы байкалууда. Компроматтарды топтоп, кээде реалдуулукка жакындабаган нерселерди келтирип жатышат. Өздөрүн көрсөтүүдөн мурда Жапаровду каралоого көбүрөөк күч жумшашууда. Бирок көрөрмандар, шайлоочулар өздөрү талдап алат болуш керек. Менимче талапкерлер өздөрү деле жеңе албай турганын билип турушат, бирок сыягы алар шайлоону экинчи турга калтыруу максатын көздөп жатышат окшойт».

Талапкерлердин дебаттарынын биринчи туру 28-29-30-декабрда болгон. Экинчи айлампада орун алмашуу менен кайрадан беттеш башталды.

6-январдагы дебатта Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Курсан Асанов, Элдар Абакиров жана Аймен Касенов чыкты. Бул күнкү дебатка башка талапкер Садыр Жапаров келбей койду. Ал мурдагы телетаймашка да катышкан эмес.

8-январда Улукбек Кочкоров, Бабыржан Төлбаев, Бактыбек Калмаматов, Жеңишбек Байгуттиев, Имамидин Ташов жана Мыктыбек Арстанбек дебат кылышат.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өтөт. Үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталган, ал 9-январга чейин уланат. Президенттик жарышка 18 талапкер чыккан, анын бири талапкерлигин алып салды.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG