Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:26

Сүрмө топко тартылган спортчулар


Бишкектеги залдардын биринде машыгып жаткан мушкер. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.
Бишкектеги залдардын биринде машыгып жаткан мушкер. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Кыргызстанда спортчулар криминалдын ордун басууга аракет кылып жатканы айтылууда. Спортчулар кылмыш дүйнөсүнө аралашкан учурлар Кыргызстанда байма-бай катталып турат. Жакында эле опузалап акча талап кылуу үчүн шектүү катары белгилүү балбан кармалганы айтылды.

Кыргызстанда спортчулар ишкерлерден акча опузалап, талап-тоноого барып жатканы тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жыл аягындагы басма сөз жыйынында билдирди. Төрага спорчуларды криминалдык чөйрөгө аралашпай мыйзам менен жашоого чакырды.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

«Биз коомду эми гана кримтөбөлдөрдөн тазаласак эми спортчулар чыгып жатат. Кечээ эле ишкерден акча талап кылган Кыргызстандын чемпиону, спорт чебери, балбан кармалды. Урматтуу спортчулар, мен силерге дагы кайрылам. Спортчулар элди коркутуп, талап-тоноого катышпай, тескерисинче дүйнөнүн ар кайсы мамлекетинде өлкөбүздүн желегин көтөрүшүңөр керек. Эми биз анын атактуу спортчу экенине, бирөөнүн тууганы экенине карап отурбайбыз. Мындан кийин баары тынч жана мыйзам менен жашайт. Эч бир бандит кандайдыр бир ишке кийлигишип, ишкерлерден акча талап кылып, талап-тоноого барбашы керек».

Ташиев сөз кылган спортчу, грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиону Роман Царев экени Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги балбанды улуттук курама командадан четтеткенден кийин билинди.

Ага чейин, 23-декабрда Бишкектин милициясы шаардын тургунунан 380 миң сом опузалаган кылмыштуу топту УКМКнын кызматкерлери менен бирге кармаганын кабарлаган.

Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигине караштуу Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциянын директору Жоомарт Шамканов балбандын улуттук курамадан чыгарылышы боюнча буларды айтты:

Жоомарт Шамканов.
Жоомарт Шамканов.

«Роман Царев биздин жобого ылайык улуттук курама командадан четтетилди. Азыр Царев камакта да. Кантип биз камакта отурган баланы улуттук курама командада деп айтабыз? Бизде спортчунун этикасы деген бар. Спортчулар улуттук курама командага киргенден кийин эки тараптуу келишим түзүлөт. Анда баары жазылган. Азырынча Роман Царевду эч ким күнөөлүү деп айткан жок. Аны сот четет. Соттун чечими менен акталса биз чечимибизди кайрадан карап көрөбүз. Эгер күнөөсү аныкталса, ошол боюнча улуттук курама командага киргизилбейт».

30 жаштагы Роман Царев - грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын 2020-жылдагы чемпиону. 2018-жылы Азия чемпионатына катышкан. Ал - быйыл Сербияда өткөн спорттук күрөш түрлөрү боюнча дүйнө кубогунда коло байге уткан балбан Руслан Царевдун эгизи.

23-декабрда Руслан Царев байге алганы үчүн Мамлекеттик резиденцияда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун колунан сыйлык алган болчу.

Ушул эле күнү Ички иштер министрлиги Бишкекте шаардын тургунунан 380 миң сом опузалап алган деген шек менен эки киши кармалганын кабарлаган. Кармалгандар учурда Бишкектеги №1 абакта камакта экенин ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Анна Копытина «Азаттыкка» билдирди.

«Учурда бул факты боюнча бардык териштирүү иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы чыккан соң сотко жөнөтүлөт. Кармалгандардын бөгөт чарасы 24-декарда каралып, алар эки айга камакка алынган».

Роман Царевдун эгизи, балбан Руслан Царев бир тууганы тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты. Ал эми Царевдун жакындарынан жана адвокатынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Саркарбаевдин «санаасы»

Бул окуя Кыргызстанда спортчулар кылмышка аралашып кармалган биринчи учур эмес. Өткөн айда эле УКМК Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси Кылычбек Саркарбаев аты-жөнүн жасалма документ аркылуу өзгөрткөн деген шек менен кармалганын кабарлаган. Кийинчерээк ал ээлегенин кызматынан бошотулган. Атайын кызмат анын кылмыш дүйнөсүнө жакындыгы да аныкталып жатканын билдирген.

УКМКнын маалыматына ылайык, Саркарбаев 2006-жылы «Талап-тоноо» деген берене менен бир жылга шарттуу кесилген. Ал кылмыш ишин жаап-жашыруу максатында паспортундагы «Сулайманов» деген фамилиясын «Саркарбаев» кылып өзгөрткөнү айтылган.

Саркарбаев өзү буга чейинки маектеринде фамилиясын өзгөртүүнүн себебин техникалык катачылыктар менен негиздеген жана мыйзам бузуу тууралуу дооматтарды четке каккан.

Ош облустук милициясы Саркарбаев 2019-жылдын күз айларында Ош шаарына жакын Фуркат айылында мурдагы милиция кызматкери, эрежесиз мушташ чебери Төлөгөн Рахманберди уулун атканы жөнүндө маалымат тараткан. Андан көп өтпөй Рахманберди уулу өзүн өзү атып алганын айтып чыккан эле. Бирок 2020-жылдын февраль айында Рахманберди уулу Саркарбаев менен Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов ур-токмокко алганын айтып, ошол учурдагы президентке видео кайрылуу жиберген.

Спортчулардын аты аталган иликтөө

Ал арада дагы эки спортчунун аты аталган чуулгандуу окуя ачыкка чыкты. 5-декабрда «Kloop.kg» сайты парламенттик шайлоо учурунда мекеменин кабарчыларына кол салган адамдар спортчулар экенин аныктап чыгышкан иликтөөсүн жарыялады.

«Kloop.kg» сайтынын редактору Элвира Султанмурат кызы ал жөнүндө буларды айтты:

Элвира Султанмурат кызы.
Элвира Султанмурат кызы.

«Ош шарындагы №5316 шайлоо участогунда биздин кабарчыларга кол салуу болгондо кол салган эки кишинин тең жүзү камерага түшүп калган. Анын бирөө Достук Жолдошов экенин кабарчыбыз таанып калган. Биз текшерип ал «Ош-Тазалыкта» иштей турганын, грепплинг менен машыгарын аныктадык. Экинчи кол салган киши да спортчу болушу мүмкүн экенин божомолдоп, жергиликтүү спортчуларга көрсөткөнүбүздө ал Манас Алмаматов экенин айтышты. Ал да грепплинг менен машыгат экен. Алмаматовдун Ош аэропортунда иштегенин анын «Фейсбуктагы» баракчасынан билдик. Ош мэриясында спортчулар жетекчилик кызматта иштегени айдан ачык. Алардын шайлоодогу таасири боюнча да иликтөөдөн көрсөтүп бердик. Алар шайлоодо участкаларга бөлүнүп, бийликчил партияга ишегенин биз аныктадык».

«Kloop.kg» сайтынын иликтөөсүндө аты аталган спортчулар Достук Жолдошов менен Манас Алмаматов 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо учурунда Ош шаарындагы №5316 шайлоо участогунда журналисттерге кол салганы айтылган.

Спортчу Достук Жолдошов «Азаттыктын» кабарчысына өзүнүн дарегине айтылган дооматтарды четке кагып, муну жалган жалаа деп атады:

«Биринчиден, кол салган эмесмин. Аларга эч ким тийген эмес. Алар көчөдө турган адамды келип тартып жатпайбы. Андайды эч ким жактырбайт да. Мен жөн гана «тартпагыла» деп камерасын ары түртүп коюп, өз жолум менен кетип калгам. Андан башка эч кандай сөз айтылган эмес. Мен эч кандай партияга иштеген эмесмин».

«Kloop.kg» сайтынын иликтөөсүндө 5-октябрдан кийинки Оштогу так талаш учурунда мэр Таалайбек Сарыбашов бир топ спортчулар менен аянтка келип, мэрияга сүрүп киришкени, кийинчерээк Таалайбек Сарыбашов өз ордунда калганы да айтылган.

Спорт журналисти Сурат Жылкычиев Кыргызстанда спортчулар кримчөйрөгө аралашып эле тим болбостон, керек учурда сүрмө топторго да тартыларын айтып, буларга токтолду:

Сурат Жылкычиев.
Сурат Жылкычиев.

«Спортчулардын кримчөйрөгө аралашып кетишинин эки себеби бар. Биринчиси - спортто жыйынтык көрсөтө албай калганда. Экинчиси - акчасы жоктугунан ушундай жолго барат. Андан сырткары бизде акчасы көп бай кишилер, депутаттар, фирманын жетекчилери, саясатчылар спортчуларды айланасына топтоп, өзүн же бизнесин коргош үчүн спортчуларды кармашат. Ал спорчтулар рекетчилик менен эле алектенбесе, спортто жыйынтык көрсөткөндөрү жокко эсе».

Адистер кийинки убакта спорттун айрым түрлөрү менен алектенген спортчулар кримчөйрөгө аралашып, дүкөндөр менен кафелерге салык салып, жарандарды сабап, мушташ чыгарган учурлары көп кездеше баштаганын белгилешет. Айрым учурда шайлоолордо кайсы бир партияга иштеп, журналисттерге кол салган учурлар да бар. Спорт журналисти Жылкычиев анын алдын алыш үчүн жетиштүү чаралар жүрбөй жатканын белгилейт.

Таймаштын аралаш түрлөрү (ММА), грэпплинг боюнч машыктыруучу, «FIGHTER KG» клубунун негиздөөчүсү Кенжебек Чекиров спортчулардын айрым бир күчтөргө курал катары колдонулуп жатканына кейиди.

Кенжебек Чекиров.
Кенжебек Чекиров.

«Спортчуларды спортто жакшы жыйынтык көрсөтсүн деп машыктырып жүрсөң эле акчалуулар көрө калып тартып кетишет. Алар спортчуларды өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн гана колдонушат. Болбосо ар бир машыктыруучу эли-жерине күйгөн, спортто жогору жыйынтык көрсөткөн балдарды тарбиялагысы келет. Бирок спортчулар шайлоодо же кайсы бир окуяларда курал катары колдонулганын көрөсүң. Спортто жогору жыйынтык көрсөтүп жүргөн спортчулар көп. Айрым учурда талап-тоноочулукка же мушташка аралашып аты чыккан спортчулар башка спортчулардын бетине көө жаап жатканын түшүнүшпөй жатышат. Ошондуктан мен саясатчылардан суранат элем, алар спортчуларды курал катары колдонбосо».

6-январда Ош шаардык соту 4-октябрдагы парламенттик шайлоо учурунда «Клооптун» журналисттерине кол салууга байланышкан эки фактыны карады. Шаардык милиция журналисттер «жабыркаган эмес» деп кыскартып койгон ишти сот кайрадан тергөөгө жөнөттү.

XS
SM
MD
LG