Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:47

Кыргызстандык балбан Руслан Царев Дүйнө кубогунда коло байге утту


Алтын байге ээси Балинт Корпаси, күмүш байге ээси Малхас Амоян, коло байге ээлери Руслан Царев (оңдон экинчи) жана Сенгиз Арслан. Дүйнө кубогу. Сербия, Белград шаары. 13-декабрь, 2020-жыл.
Алтын байге ээси Балинт Корпаси, күмүш байге ээси Малхас Амоян, коло байге ээлери Руслан Царев (оңдон экинчи) жана Сенгиз Арслан. Дүйнө кубогу. Сербия, Белград шаары. 13-декабрь, 2020-жыл.

13-декабрда кыргызстандык балбан Руслан Царев грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда коло медаль тагынды.

Дүйнө кубогу ушу тапта Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат. Руслан Царев 72 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, алгачкы беттешинде венгер балбаны Балинт Корпасиге жеңилди. Корпаси мелдештин финалына чыгып, Царев көңүл жубатуучу күрөшкө түштү.

Царев коло байге үчүн болгон алгачкы беттешинде украиналык Максим Евтущенкону 4:0, экинчи беттешинде болгариялык Аик Мнацакианды 3:1 эсебинде жеңип, коло байге тагынды.

Грек-рим күрөшү. Дүйнө кубогу. 72 кг. Коло байге үчүн беттеш Руслан Царев (Кыргызстан) - Аик Мнацакиан​ (Болгария)

Спорттук күрөш түрлөрү боюнча Дүйнө кубогу 12-декабрда башталып, алгачкы эки күндө грек-рим күрөшүнүн балбандары күч сынашты. Кыргызстандын атынан тогуз балбан тогуз салмак категориясында килемге чыкты.

13-декабрда Руслан Царев (72 кг), Балбай Дордоков (55 кг) жана Калмурат Ибрагимов (67 кг) коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алып, Дордоков менен Ибрагимов жеңилди.

Ал эми Акжол Махмудов (77 кг), Кайратбек Түгөлбаев (82 кг), Атабек Азисбеков (87 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг) алгачкы беттештеринде атаандаштарына жеңилип, мелдештен четтешти.

Жеңил салмактарда 13-декабрда күрөшкө түшкөн Жоламан Шаршенбеков (60 кг) финалга чыкса, Калы Сулайманов (63 кг) коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Балбандардын беттеши бүгүн, 14-декабрда өтөт.

Бүгүн кыз-келиндердин күрөшү башталат жана мында Айсулуу Тыныбекова килемге чыгат. (GT)

XS
SM
MD
LG