Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 03:45

ЕАЭБ, коррупция жана энергетиканы эске салган соңку дебат


Солдон оңго карай: Улукбек Кочкоров, Бабур Төлбаев, Бактыбек Калмаматов, Жеңишбек Байгуттиев, Имамидин Ташов, Мыктыбек Арстанбек.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясындагы (КТРК) президенттик шайлоого байланыштуу теледебаттардын экинчи турунун үчүнчү күнүндө алты талапкер чыкты.

Алар: Улукбек Кочкоров, Бабыржан Төлбаев, Бактыбек Калмаматов, Жеңишбек Байгуттиев, Имамидин Ташов жана Мыктыбек Арстанбек.

Таймашта энергетика, медицина, финансылык саясат, Евразия Экономикалык Биримдиги жана башка темалар сөз болду. Бул саясий өнөктүктөгү эң соңку беттеш болуп калды.

Энергетика, ЕАЭБ жана коррупция

8-январдагы дебатка алдын ала белгиленген талапкерлер толук келди. Берүүнүн башындагы учкай кайрылуудан кийинки эле суроо энергетика боюнча берилди.

Улукбек Кочкоров бул тармакты оңдоо үчүн андагы коррупцияны жоюу керектигин айтты. Ал Кыргызстандын 144 млрд. кВт саат гидропотенциалы бар экенин ортого салып, азыр 15,5 млрд. кВт саатты гана иштетип жатканына токтолду.

Бабыржан Төлбаев мунун баарын иштетүү үчүн инвестиция тартуу зарыл деди:

Бабыржан Төлбаев.
Бабыржан Төлбаев.

«Эгер биз энергетиканын көйгөйүн жоёбуз десек, буга өтө чоң инвестиция салуу керек. Мен анын жолдорун билем. Жөн гана ишкер катары буга чейин өлкөгө 100 млн. доллар инвестиция алып келгем. Мында болгону инвесторлорду ишендириш керек, аларды коргош керек. Биз Нарын дарыясынын 5% гана потенциалын пайдаланып жатабыз. Президент болуп калсам, менин мөөнөтүм аягына чыккыча ар бир жаран электр энергиясын аз төлөй турган болуп калат. Анткени чоң ГЭСтерди жана чакан ГЭСтерди салып, кубаттуулукту көбөйтө алам».

Бактыбек Калмаматов отун-энергетикалык коопсуздук мамлекеттин көз карандысыздыгын камсыздап турган үч түркүктүн бири экенин, Кыргызстан кеминде 50 млрд. куб метр суу өндүрүп, бирок анын 13-15 млрд. куб метринен башкасын коңшу өлкөлөргө жөн эле агызып жиберип жатканын сынга алды.

Жеңишбек Байгуттиев азыркы «Токтогул» ГЭСинде 12 млрд. куб метрге жетпеген суу калганын кабарлап, 2021-2022-жылдары өлкөдө суу тартыштыгы, энергетикалык кризис болорун эскертти. Ал ошондой эле бул тармактагы CASA-1000 долбоорунун кереги жок экенин айтып, бул өлкөнү башка өлкөлөргө көз каранды кылып коерун белгиледи.

Имамидин Ташов Кыргызстандын өзүнө жетпей жаткан чакта, электр энергиясын сыртка экспортоону токтотуу зарылдыгын айтса, Мыктыбек Арстанбек ал президент болсо өндүрүштү көбөйтүп, жарыкты элге акысыз бере турганын убада кылды.

Экинчи суроо Евразия Экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жөнүндө болду. Тагыраагы алып баруучулар Амантур Шергазиев менен Зарина Уметалиева «Бишкек ЕАЭБдин бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу үчүн эмне кылыш керек?» дешти.

Мыктыбек Арстанбек менен Имамидин Ташов бул үчүн мурдагы бийликтерди айыптады. Алар уюмдан мигранттар гана пайда көрүп жатканын келтиришип, биримдиктеги Кыргызстандын укуктарын кайрадан карап чыгуу зарылдыгын көтөрүштү.

Талапкерлердин бири Жеңишбек Байгуттиев өзү өкмөттө иштеп турган учурдагы мисалдарынан кеп баштады:

Жеңишбек Байгуттиев.
Жеңишбек Байгуттиев.

«Мен экономиканы жөнгө салуу министри катары 2010-жылы Орусиянын тиешелүү аткаминерлери менен ошол учурдагы Бажы биримдигине кирүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөм. Мен ошол учурда уюмга кирип жатканы үчүн Кыргызстанга 3 млрд. доллар колдоо болушу керектигин сунуштагам, орус тараптан 1,5 млрд. доллар деген сунуш болгон. Кийин белгилүү болгондой 2015-жылы биздин бийлик мындан беш эсе аз суммага макул болуп койгон. Мен бул өтө туура эмес болгон деп эсептейм. Бирок мен алгач аталган Бажы Биримдигине, кийин ЕАЭБ деп аталган уюмга киргенибиз туура кадам болгон деп ойлойм. Бул биздин салттуу сатуу рыногубузду сактап калды. Тилекке каршы, биз мүмкүнчүлүктөрдү жакшы колдоно албай калдык. Анткени биздин бийлик жетиштүү аргументтешкен эмес жана билим деңгээли жеткен жок».

Бабыржан Төлбаев 2014-жылдан бери ЕАЭБдин тарапкери экенин, бул бирикмеге кошулгандан улам кыргыз мигранттары жеңилдик алганын жана Орусияда иштөөдө уруксат кагаздарын алуудан эле 500 млн. доллар үнөмдөп жатканын тактады.

Улукбек Кочкоров кепти экономикага буруп, уюмдан татыктуу орун табуу үчүн Кыргызстандын атамекендик өндүрүшүн колдоо зарылдыгына токтолду.

Бактыбек Калмаматов болсо сөздү саясий нукка бурду:

Бактыбек Калмаматов.
Бактыбек Калмаматов.

«Бажы биримдиги бул экономикалык биримдик эмес, бул саясий биримдик. Саясий союздан пайда табам деген даана келесоолук. Жаныбызда 1,5 млрд. калкы менен Кытай турса, 1,5 млрд. эли менен Европа турса, ЕАЭБдеги 180 миллион рыногу бар базарды базар дегенибиз жаңылыштык. Бажы биримдиги саясий чечим болгон. Мигранттардын тагдырын ойлоп гана киргенбиз. Башка эч кандай киреше бербейт. Андан көрө биз Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруп, реэкспорт менен алектенишибиз керек. Биз ЕАЭБге киргенден кийин "Дордой" жана "Кара-Суу" базарларын жок кылып алдык. Эки базардын тең абалы мышык ыйлай турган абалга жетип калды. Биздин экономика сырттан чечилет. Пайда көрө албайбыз, анткени талаптардан эң төмөнкү көрсөткүч болчу. ЕАЭБдин талабына жооп бере албайт болчу. Биз 90% сырттан ташып келип тамак жеген мамлекетпиз, реэкспорт менен жашаган мамлекет болчубуз. Эми чыгыштын кереги жок, өз экономикабызды өнүктүрүшүбүз керек. Биз чындап экономиканы көтөрөбүз десек, мамлекеттин эгемендигине негизделген долбоорлорду ишке ашырып, ошого баш урушубуз шарт».

Журналисттер үчүнчү суроо менен коррупция менен күрөштүн натыйжалуулугун кантип арттырса болорун сурашты. Улукбек Кочкоров мында санариптештирүүнү күчөтүүнү, кадр саясатын оңдоону сунуштады.

Мыктыбек Арстанбек коррупцияга каршы күрөштү ислам динине алып барып такады:

«Азыркы системада коррупцияны жеңиш мүмкүн эмес. Келген президент бул системанын туткунуна айланат. Ошондуктан системаны бузбай, коррупцияны жеңем деген жалган сөз. Системаны бузуш керек, кайрадан мамлекетти куруп чыгыш керек. Келиңиздер ошол жаңы системаны өзүбүздүн динибизден издебейлиби. Жоопкерчилиги бар системаны койбойлубу деп жатабыз. Жоопкерчилик бул эмне? Бул жаза. Аткарасың, аткарбасаң жазаланасың. Муну дин башка кайсы система аткарат, жок башка система. Жазаны ошонун негизинде жасаш керек».

Бабыржан Төлбаев менен Жеңишбек Байгуттиев биринчи кезекте президент өзү таза болушу керек десе, Имамидин Ташов аны жоюуда салттуу, элдик ыкмаларга басым жасады.

Бактыбек Калмаматов коррупция менен күрөштү азыркы президенттик шайлоодон баштоону сунуштады:

«Бүгүн фаворит деп жаткан талапкердин эсебинде, 50 млн. сом бар. Ал түрмөдөн эми эле чыкты. Бул мыйзамсыз баюу. Ал алган акчасынын булагын айта албай атса, коррупция менен күрөшөт дегенге ким ишенет? Коррупционерлердин, криминалдардын кайра бийликке келишине шарт түзбөгүлө. Кошоматчы боло берип беш президентти, 30дан ашык өкмөттү алмаштырдык. Өздөрүн туура эмес шайлап жатабыз. Коррупция менен күрөшө турган адамды тандагыла».

Негизги талапкер деп мында премьер-министрлик кызматын убактылуу токтотуп шайлоого аттаган Садыр Жапаров аталып жатат. Шайлоого эң көп каражат короткон Жапаров шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүгө коротуп жаткан акча элден келгенин мурдараак билдирген эле. Ал 21-декабрда Баткенде шайлоочулар менен жолугушууда суроолорго жооп берип жатып минтип айткан.

«Талапкерлик фондумда сарпталган акчанын бүт баары элден келип жатат. Пенсионерлер пенсиясынан берип жатат. Мобу турган плакаттарды да эл өзү жасады. Мен түрмөдө отурганда да акчасын, тамак-ашын, кийим-кечени көтөрүп жүрүп, мени эл бакты. Үч жыл бою эл, силер мени бактыңар».

Дебаттагы кийинки талкуу медицина тармагындагы кемчиликтер жана аны оңдоо маселеси жөнүндө уланды.

Медицина, дары-дармек саясаты жана Жетим-Тоо

Мыктыбек Арстанбек медицина тармагын оңдош үчүн да шариятты карап чыгып, ошондогу идеяларды пайдалануу керектигин айтты. Имамидин Ташов кадрларга басым жасаса, Жеңишбек Байгуттиев дары өндүрүшүн жолго коюуну жана жеке медицинаны өнүктүрүүнү колдоду.

Бактыбек Калмаматов да кыргыз фармацевтикасын түзүүнү жактаса, Бабыржан Төлбаев биринчи кезекте реформалоону медициналык билим берүүнү жакшыртуудан баштоо керектигин маалымдады.

Улукбек Кочкоров жалпы тармак артка кетинин белгиледи:

Улукбек Кочкоров.
Улукбек Кочкоров.

«Бул тармактагы туура эмес саясат - саламаттык сактоо секторун рынокко сатып жибердик. Калкты жеткиликтүү дары менен камсыз кылабыз деген шарт менен фармацевтикалык компанияларды бардык салыктардан бошотконбуз. Анан эмне болду? Бул сектордо 16 млрд. сом товар жүгүртүү бар, ал салык бул тармакта 0,5% болуп жатат. Анан дарылар арзандадыбы? Жок, арзандаган жок, натыйжада зыян тарттык. Пандемияда клексан, гепарин 17 миң сомго чейин чыкты. Кадимки күндөргө караганда 10 эсе кымбаттап кеткен. Бул тармактагы аткаминерлер дарыларды арзан кылгысы келбейт. Ошондуктан тартипке салыш керек. Мен эмне сунуштайм? Дары каражаттарын жана препараттарды электрондук каттоого алыш керек. Өндүрүүчүдөн баштап колдонуучуга чейинки жүгүртүүсүн мамлекет каттоого алып, көзөмөлдөп турушу шарт. Эл да канча дары бар, кайсы жерде, баасы кандай, ачык көрүп тура тургандай болсун. Мындан сырткары бул тармакты толугу менен мамлекет тиешелүү салык менен администрлеши кажет».

Ошо менен таймашка келгендер экинчи раундга өтүштү. Мында талапкерлер бири-бирине суроо узатышты. Улукбек Кочкоров «Эл президенттерди өзү шайлап, кайра өзү эмнеге кууп салып жатат?» деп суроо койду. Буга талапкерлер түрдүүчө жоопторун, талдоолорун беришти.

Төлбаев эл тандаганды билбей жатат десе, Калмаматов шайлоо байлардын гана оюнуна айланып калганын, эл жакырчылык айынан акчага сатылып жатканын айтты. Байгуттиев азыр моралдык-нравалык ориентир өзгөрүп кетти десе, Мыктыбек Арстанбек да ушуга үндөш ойлорун мисал келтирди.

Имамидин Ташов мындай пикирлери менен бөлүштү:

«Үч жолку төңкөрүштөгү канчалаган балдардын өлүмү дагы бизге сабак боло албай жатат. Тилекке каршы, коомчулук, эл ошончо нерседен сабак албай жатат. Ушунчалык жакыр болдук, өз келечегибизди акчага сатып жатабыз. Ушунчалык билимсиз болдук, өзүбүздүн беш жылдык келечегибизди ойлобой жатабыз. Буга чекит койчу күндөр алыс эмес. Биз түшө турган деңгээлге түшүп бүттүк, эми өйдө чыгышыбыз керек».

Суроо-жооптордо өздөрү сыймыктанган иштер, аткарган жумуштар, элдин каалоосу, талабы, финансылык-насыялык саясат жана башка темалар да сөз болду. Мамлекеттик башкаруудагы диндин орду да кыйла талкууланды.

Жеңишбек Байгуттиев ортодон убакыт таап, Жетим-Тоо темир кенине байланыштуу маселени козгоду:

«Бизде кендерди иштетүү улуттук кызыкчылыктарга каршы болуп калууда. Билесиздерби, кезинде кендерге болгон лицензиялар 300 сомдон берилип келген. Болбогон сумма турчу. Азыр биз Жетим-Тоо кенин иштетүү коркунучунун алдында турабыз. Мен бул нерсе кооптуу деп айтат элем. Биринчиден, кенден чыккан суу ылдый аккан дарыянын өзөгүн түзөт. Кумтөрдө да кезинде ушундай жол менен чоң мөңгүлөрдү жок кылып алганбыз. Ошондуктан Жетим-Тоону кийинки муундарга калтырышыбыз керек деп ойлойм. Жаңы технологиялар чыгып кенди зыянсыз казууну үйрөнгөнүбүздө гана кайрылып келсек болот».

Нарын облусунда жайгашкан кенди иштетүүгө байланыштуу маселе 2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин Кыргызстанда бийлик алмашкан соң чыккан.

14-ноябрда өткөн басма сөз жыйынында, ошол учурда президенттин милдетин аткарып турган Садыр Жапаров Кытай мамлекетине болгон карыздан кутулуунун жолу катары Жетим-Тоонун кенин чийки зат катары берүү ыкмасы караштырылып жатканын айткан. Ошол эле учурда Жапаров тоо өзү коңшу өлкөгө берилбей турганын, карызды төлөөнүн башка жолдору табыларын тактаган. Бул коомчулукта талкууну күчөткөн.

Президенттик милдетти өнөктөшү, Жогорку Кеңештин төрагасы Талантбек Мамытовго өткөрүп берип, премьер-министрлик кызматын убактылуу тапшырып президенттикке аттанган Садыр Жапаров буга байланыштуу талапкер болуп катталгандан кийин жооп берип келет. Ал өз сөздөрүндө Кумтөр боюнча келишимдер каралып чыгарын айтса, Жетим-Тоо кени Кытайга сатылбай турганын, Кыргызстан өзү иштетерин маалымдаган жайы бар.

Садыр Жапаров 8-январда «7-каналга» берген маегинде да ушул маселеге кайрылды:

«Жетим-Тоо эч кимге сатылган жок. Кен бүгүнкү күндө 100% мамлекеттин карамагында турат. Сатып жибериптир, антип-минтип жибериптир деп жатышпайбы, Жетим-Тоо боюнча мен жөн гана оюмду, планымды айттым. Анткени биз экономикалык кризистен кантип чыгып кетебиз, эки-үч жылдын ичинде сырткы карыздан кантип кутулсак деген маселелер турат. Мына ушуга жолдорду издегенибизде чоң-чоң эки-үч долбоорлорду таптык. Ошонун бирөө Жетим-Тоону иштетүү. Биз ошол жерге завод сала албасак дагы, иштете албасак дагы, чийки зат катары сатсак дагы кризистен чыгып кетет экенбиз деген ойду айттым. Анан эртең эле барып, Жетим-Тоону сатабыз деген эч ким жок. Ал жакта долбоор да, башка иштер да даярдала элек. Бул жерде жөн гана сөздү көбүртүп-жабыртып, «Кытайга сатып жибериптир» деген сөз чыгарып жатышат. Ошондуктан бүтүндөй кыргызстандыктарга кайрылат элем, Жетим-Тоону азырынча унутуп эле койгула. Качан гана эл каршы чыкпаса, ошондо иштетебиз»,-деди ал.

Дебатка карата коомчулуктун баасы

Президенттик шайлоого чыккан талапкерлердин эң соңку дебатынын 3-раундунда бул жолу да КТРКнын социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жана мессенжердеги номерлерине келген суроолор талапкерлерге жолдонду.

Байкоочу Марат Мүсүралиев саясий таймашты шайлоочу катары мындайча баалады:

«Бул акыркы дебат болгондуктан аябай чоң үмүттөр менен отурганбыз. Бирок беттеш мурдагыларга караганда зеригиштүү болуп калды. Бир жагынан Бакыт Калмаматовдон көп нерсени күтүп жаттык эле, бул жолу анын атаандаштары күчтүү болбогону үчүн ачыла албай калды окшойт. Сөзмөр, чечендиги жагынан Төлбаев алдыга чыкты, менин ата-энеме маселен, Имамидин Ташов жагып калды. Мыктыбек Арстанбек менен Улукбек Кочкоров өз нугунда сүйлөштү, катуу кетишкен жок, мурдатан келген позицияларын түшүрүшкөн жок. Футболдун тили менен айтканда бул жолу аутсайдер – Жеңишбек Байгуттиев болду. Өзү кесипкөй экенин, көп темалар боюнча күчтүү ойлору барын көрсөттү. Бирок ошондо деле ага санаалаштары же тааныштары эле добуш бербесе, жарышта көп добуш алышы кыйын. Соңку дебаттагы дагы бир айырмачылык, мурдагы дебаттарга караганда Садыр Жапаровго көп асылышкан жок».

Ишкер, коомчулукта ар бир маселеге көз караштарын эркин айтып келаткан Манас Саматов теледебаттарды уюштурууга жана андагы сөздөргө маани берди:

Манас Саматов.
Манас Саматов.

«Дебатты баштаганда эле ЕАЭБ жөнүндөгү, сегиз жылдан бери келаткан алаксытма суроону берип, талапкер менен элдин ортосундагы байланышты үзүп салышты. Жалпы кептер болуп кетти. Менин оюмча да бул дебат аябай кызыксыз болду. Мунун баары менимче КТРК тараптан дебаттарды өткөрүү конструктивдүү болгонунан улам болуп жатат. Мурдагы эки дебат да БШКнын эскертүүсү менен башталып, талапкерлерге да, шайлоочуларга да каршы болгондой элес жаралып жатты. Негизи бизде шайлоо өнөктүгүндө эл менен жолугушууну токтотуп, билборд-баннер илүүнү таптакыр чектеп, жалаң дебаттарга өтүш керек экен. Азыркы он-он беш күн кылбай, эки-үч ай эле телеканалдарда дебат кылып, анан шайлоого бара тургандай шарт түзүш керек экен».

Бишкек эркин экономикалык аймагынын жетекчиси, мурдагы журналист Кудрет Тайчабаров «Фейсбуктагы» баракчасында мындай пикири менен бөлүштү:

«Эмнегедир ушул дебатта адекваттуу талапкерлер болгондой болду. Ушак, каралоо, айтышуу эмес билимдүү, маданияттуу адамдардай өздөрүн кармашты. Дебаттын фишкасы Калмаматовдун ашкан убактысына атасы жөнүндө айтып, анан мекендештерди «атаңарды ата дебей папа, аба, аке, байке дейсиңер, апаңарды мама, эже, жеңе дейсиңер. Өз аты менен атап, алардын акысын бергиле!» деген сөзү жакты».

Талапкерлердин дебаттарынын биринчи туру 28-29-30-декабрда болгон. Экинчи айлампада орун алмашуу менен кайрадан беттеш башталды.

6-январдагы дебатта Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Курсан Асанов, Элдар Абакиров жана Аймен Касенов чыкты. Бул күнкү дебатка башка талапкер Садыр Жапаров келген жок. Ал мурдагы телетаймашка да катышкан эмес.

7-январда Клара Сооронкулова, Абдил Сегизбаев, Арстанбек Абдылдаев, Равшан Жээнбеков жана Каныбек Иманалиев катышкан. Мында беттешке чыга турган алтынчы талапкер Рашид Тагаев мурдараак жарыштан чыгып кеткен.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өтөт. Үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталган, ал 9-январга чейин уланат. Президенттик жарышка 18 талапкер чыккан, жогоруда айтылгандай анын бири талапкерлигин алып салды.

Талпынган талапкерлер, айтылган убадалар
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:30 0:00

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG