Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 21:28

Өкмөт Жетим-Тоо боюнча планынын четин чыгарды


Жетим тоо кыркалары.

8-январда вице-премьер-министр Максат Мамытканов менен Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев басма сөз жыйынын өткөрүп, Жетим-Тоо боюнча өкмөттүн позициясын ачыкка чыгарышты.

Ачык акционердик коом түзүлөт

Жетим-Тоо темир кенин иштетүү - октябрь айындагы элдик толкундоодон кийин өлкө башына келген бийликтин демилгеси. Алар кен казуу жолу менен тышкы карыздан кутулса жана экономиканы көтөрсө болорун айтып келет.

Нарын облусунда жайгашкан кен байлык акырындык менен азыркы бийликтин дарегине айтылып жаткан сын-пикирлердин эң негизги себебине айланууда.

Ушундан улам аткаруу бийлиги Жетим-Тоо боюнча түшүндүрмө берүүнү туура көргөн. Вице-премьер-министр Максат Мамытканов темир кени боюнча өкмөттүн планынын четин чыгарып, ачык акционердик коом (ААК) түзүлө турганын билдирди:

Максат Мамытканов.
Максат Мамытканов.

«Ачык акционердик коом түзөбүз. Биздин оюбуз, ниетибиз ушундай. Анан ачык болгондон кийин инверсторлор, алардын акча булактары ачык болот да. Канча акча келе турганын эсептеп чыкмайынча айта албайбыз. Мына өзүбүздүн Фондулук биржабыз бар. Ошол жактан акциялар сатылат. Анын баасы өсөбү же өспөйбү, аны базар чечет. Бирок ошентип инвесторлор тартылат. Буга чейин кен байлыктар мындай эле сатылып келген да. Мындай кийин баары ачык болот».

Бирок өкмөттүн басма сөз жыйынында Жетим-Тоо качан иштетиле турганы, аны иштетүү үчүн канча каражат кетери жана темир кендин кору боюнча так маалымат берилген жок. Максат Мамытканов Жетим-Тоо темир кенинин акциясынын канча пайызы мамлекеттики болорун да ачыкка чыгарбады. Ошол эле учурда кендин акциясын чет өлкөнүн жарандары да сатып алса болорун жашырган жок.

Ачык акционердик коом (ААК) - бул башка акционерлердин макулдугу жок эле өз акцияларын үчүнчү тарапка өткөрүп берүүгө мүмкүн болгон коом. Анын акциялары, баалуу кагаздары фондулук биржада сатыкта болот. Мыйзам боюнча ачык акционердик коомдо жамааттык башкаруу иштеши керек. Башкача айтканда акционерлер компанияны директорлор кеңеши аркылуу башкарат.

Экономика боюнча эркин эсперт Кайрат Итибаев ачык акционердик коомго мындайча түшүндүрмө берди:

Кайрат Итибаев.
Кайрат Итибаев.

«Негизи ачык акционердик коом элге маалымат берип туруш керек болот. Бирок иш жүзүндө дайым эле андай эмес. Практика көрсөткөндөй жамааттык башкаруу опурталдуу нерсе. Анткени акционерлер директорлор кеңешине өзүнүн досторун, тааныштарын дайындап коюшат. Компаниянын акцияларын капчыгына жараша каалаган жаран же юридикалык жак сатып алса болот. Эгерде Кыргызстандын ичиндеги фондулук биржага чыгарылса, анда акциялар өлкөнүн ичинде эле сатылат. Бирок Жетим-Тоону ачык акционердик коом аркылуу иштетебиз дегенге ишенбей турам. Анткени кенди казганга биздин экономикабыз, дараметибиз жол бербейт».

Жетим-Тоону иштетиш үчүн ачык акционердик коом түзүү боюнча демилге ар кандай талкууга жем таштады. Алардын бир бөлүгүн акцияларга каалаган адамдын же компаниянын ээ болуу мүмкүнчүлүгү кооптондуруп жатат.

Саясатчы Жеңиш Молдокматов мурдагыдай эле Жетим-Тоонун үлүшү чет өлкөнүн жарандарына сатылып кетет деген ойдо.

Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

«Максат Мамытканов «Жетим-Тоонун акциясына жалпы кыргыз эли ээ боло алат» деп жатат. Карапайым жарандарыбыз эч качан акционер боло албайт. Бул бийлик ачык акционердик коом түзүү менен Жетим-Тоонун үлүшүн, акцияларын Кумтөрдөгүдөй сырттагы инвесторго, анын ичинен Кытайга сатууну көздөп жатат. Ачык калтырган акцияны ким сатып алат? Колунда акчасы жок отурган эл сатып алмак беле? Бүгүн Кытайдын изи табылып жаткан инвесторлор сатып алат. Бийликте тургандар Кытайга болгон карызды шылтоо кылып Жетим-Тоону сатып жибергени турат. Биз Жетим-Тоонун иштетилишине акырына чейин каршы турабыз. Бизди камап же атып гана токтото алышат. Мен азыркы учурда бийликте тургандарды Нарынга чакырам. Ушул сөздөрүн элдин алдында айтып көрсүн», - деди ал.

Жетим-Тоону иштетүүнү алгачкылардан болуп, азыр өкмөт башчылыктан убактылуу кетип, президенттикке талапкер болуп жаткан Садыр Жапаров айтып чыккан. Ал кенди Кыргызстан толугу менен өзү иштете турганын билдирген болчу.

Өкмөт: Кооптонууга негиз жок

Ушундан улам буга чейин коомдук-саясий чөйрөдө «Жетим-Тоодогу темир кенин тышкы карыздардан кутулуш үчүн өкмөт Кытай мамлекетине берет экен» деген күдүк кептер айтылып келген. Кыргыз өкмөтү бул сөздөр чындыкка дал келбей турганын билдирүүдө.

Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев мындан ары кендерди иштетүү ачык-айкын болорун билдирди:

Жыргалбек Сагынбаев.
Жыргалбек Сагынбаев.

«Жетим-Тоо кенин мамлекет кандай иштетет - баары ачык-айкын болот. Биздин кен байлыктарды мурдагы бийликтердин тушунда чет өлкөлүк инвесторлорго берип келсек, эми өзүбүз иштетебиз. Шылуундукка жол берилбейт. Бүгүнкү күндө айрым эксперттер улам-улам коомго чыгып «Жетим-Тоо сатылып кетти» деп жатышат. Бул сөздөр туура эмес. Өз убагы келгенде мындай сөздөр үчүн жоопкерчилик тарта турган кишилер бар. Кенди өзүбүз иштетели деп турабыз».

Аткаруу бийлигинин айтымында, жакын арада Жетим-Тоону иштетиш үчүн мамлекеттик ишкана түзүлөт. Өкмөт ишкана алгач чалгындоо иштерин жүргүзүп, Жетим-Тоодогу темирдин реалдуу корун аныктай турганын, андан кийин кендин техникалык экономикалык негиздемеси түзүлүп, анын жыйынтыгы менен өндүрүү баштала турганын айтып жатат.

Буга чейин Садыр Жапаров ал мамекеттик ишкананы башкаруу мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевге сунушталышы мүмкүн экенин айткан.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Өзүбүздүн күчүбүз менен иштетсек болот, өзүбүз иштетебиз. Кудай буюруп, президент болуп шайланып калсам, аны иш жүзүндө көрсөтөм. Бул биздин экономикалык саздан сууруп чыга турган долбоор болот. Ачык эле айтайын, бул боюнча иш баштап койгонбуз. Премьер-министр болуп шайланган күндөн баштап, балдарга тапшырма бергем. Мамлекеттик ишкана ачылат, анын башына Темир Сариевди сунуш кылгам. Ал экономикалык багыттагы башка балдар менен иш алып барып жатат. Кудай буюрса, келе жаткан жылдын жай же күз айларында иштетип калабыз деген максатыбыз бар. Аны 100% өзүбүз иштетебиз. Бир да инвестордун үлүшү болбойт, бир да чет элдик киши катышпайт. Баарын Кыргызстан өзү иштетет, 2-3 миңдей иш орун түзөбүз, биздин мамлекеттин гана жарандары иштейт».

20-декабрда «Жетим-Тоо темир кенин коргоо» кыймылы түзүлгөн. Анын төрагасы Тилекмат Кудайбергенов азыркы бийлик кенди иштете албай турганын айтып, себебин мындайча чечмеледи:

«Торугарт чек арасын бери жылдыруу, Солтон-Сары алтын кени, Ат-Башыдагы логистикалык борбор жана Жетим-Тоо темир кени, Сандык алюминий кени Бакиевдердин үй-бүлөлүк кланы менен кошуна өлкөнүн долбоору болчу. Силер ошолорду ишке ашырганы келе жатасыңар».

Геологиялык чалгындоолордун жыйынтыктарына таянсак, Нарын облусунун Нарын районундагы Жетим-Тоо кыркаларындагы (Хребет Джетим) кен союз учурунда, 1956-жылы ачылган. Жалпысынан алганда, кен үстүртөн гана изилденген. Алгачкы изилдөөлөрдө анда С2 категориясындагы темир рудасынын 5,5 млрд. тонна (1,74 млрд. тоннасы темир) запасы аныкталган. Бирок кийин, 1980-жылкы изилдөөлөрдө таза темирдин көлөмү тоодо 10 млрд. тоннадай экени болжолдонгон.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Пикирлерди көрүңүз (62)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG