Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

БШКнын жумушчу тобу КТРКга айыппул салууну сунуш кылды


Абдил Сегизбаев телетаймаш учурунда. 30-декабрь, 2020-жыл. Сүрөт түз ободо чыккан видеодон алынган.
Абдил Сегизбаев телетаймаш учурунда. 30-декабрь, 2020-жыл. Сүрөт түз ободо чыккан видеодон алынган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) үгүт иштери боюнча жумушчу тобу КТРКнын башкы директоруна 5 500 сомдук айыппул салуу, президенттик шайлоого талапкерлердин дебатынын үчүнчү күнүндөгү видеону «YouTube» хостингине кайра жүктөөгө милдеттендирүүнү сунуш кылды.

Бул тууралуу жумушчу топтун мүчөсү Семетей Аманбеков «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, жумушчу топ КТРКнын видеосунун порталга жүктөлүп, кайра өчүрүлүшү боюнча маселени 2-январда талкуулап, Боршайкомго ушундай сунуш киргизди.

30-декабрдын кечинде КТРКда талапкерлердин кезектеги дебаты өткөн. Ага президенттикке талапкерлер Бабыржан Төлбаев, Курсан Асанов, Равшан Жээнбеков, Улукбек Кочкоров, Жеңишбек Байгуттиев жана Абдил Сегизбаев катышкан.

Түз ободо чыккан дебаттын видеосу аталган порталдан бир сааттан кийин өчүрүлгөнү ар кандай талкууларга жем таштаган.

КТРК алгач эч кандай маалымат бербей, кийинчерээк муну техникалык мүчүлүштүк катары түшүндүргөн.

Дебат учурунда Сегизбаев дагы бир талапкер Садыр Жапаровду кескин сындаган. Ал Жапаров менен УКМКнын азыркы төрагасы Камчыбек Ташиев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тоюна барганын айтып, буга далил катары сүрөттөрдү көрсөткөн.

Социалдык түйүндөрдүн бир катар колдонуучулары дебаттын видеосунун «YouTube» каналынан табылбай калышын Абдил Сегизбаевдин ушул билдирүүсү менен байланыштырган. (NT)

XS
SM
MD
LG