Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

Дубайда жетекчисинин өлүмү үчүн шек саналып жаткан кыргызстандыктын соту уланууда


Дубай шаары. Июль, 2020-жыл.
Дубай шаары. Июль, 2020-жыл.

Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Дубай шаарында жетекчисинин өлүмү үчүн шек саналып жаткан 21 жаштагы кыргызстандык жигиттин соту уланып жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Дубайдагы консулу Айбек Маматбеков билдирди. Анын айтымында, келерки сот 27-январда болот. Териштирүү октябрда башталган. Дубайдагы консулдук абактагы мигрант менен байланышып, сот жараяндарына көз салууда.

Кыргызстандык жигит катышкан окуя 2020-жылдын июнунда коронавирус пандемиясы күчөп турган мезгилде болгон. Тергөөгө жана белгилүү себептерге байланыштуу киши өлтүргөн деп айыпталып жаткан жигиттин аты-жөнү жана окуянын чоо-жайы ачык айтылбайт.

Маалыматтарга караганда, кыргызстандык катышкан деген кандуу окуяга бул жигит менен анын жетекчисинин ортосундагы пикир келишпестик себеп болгон.

Дубайдагы индустриалдык жайлардын биринде иштеген жигит июндун ортосунда мекенине кайтыш үчүн жетекчисинен уруксат сураганы, бирок ал ага көнбөй койгондуктан уруш чыгып, анын аягы кандуу окуя менен бүткөнү айтылган. Каза болгон адам БАЭнин жараны эмес, чет өлкөлүк ишкер экени белгилүү болгон.

Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, БАЭнин мыйзамдары менен өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Эмираттардын мыйзамдары боюнча киши өлтүрүү жана баңгизат колдонуу, сатуу, жайылтуу эң оор кылмыш болуп саналат.

Башка араб мамлекеттеринен айырмаланып, бул өлкөдө өлүм жазасы жок. Бирок соттун чечими менен мындай кылмыштарга күнөөлүү деп табылгандар өмүр бою түрмөгө кесилет.

Консулдуктун маалыматына караганда, Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) түрмөлөрүндө алты кыргызстандык жазасын өтөп жатат. Алардын бири баңгизатка байланыштуу соттолуп, 25 жылга кесилген.

Дубайдагы консулдукта былтыр 2945 кыргызстандык каттоодон өткөн. Каттоого турбагандарды жана ал жакка убактылуу ишке баргандарды кошкондо алардын саны мындан бир топ көп болушу ыктымал. (NT)

XS
SM
MD
LG