Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

COVID-19: Эмдөө менен бирге чектөө чаралары күчөтүлөт


Ашыктар. Нью-Йорк шаары. 2020-жылдын 31-декабры.
Ашыктар. Нью-Йорк шаары. 2020-жылдын 31-декабры.

Жонс Хопкинс университетинин 3-январдагы маалыматына ылайык, АКШда коронавирустан көз жумган адамдардын саны 350 миңден ашты. 20 миллион америкалык вирусту жугузуп алды. Жыл этегинен бери өлкөдө эки башка вакцина менен эмдөө жүрүп жатат. Биринчи кезекте медкызматкерлер менен карылар үйлөрүндө жашагандар, ал жерлерде иштегендер эмделүүдө. Бирок вакцинация программасынын башаламан жана жай жүрүп жатканын сындагандар да бар.

2-январга карата вакцинанын биринчи дозасы болгону 4,2 миллион адамга сайылды. Жер-жерлерге 13 миллиондой доза жеткирилген болчу. Бийлик 31-декабрга чейин 20 миллион киши эмделээрин билдирген.

АКШдагы CNN каналынын мурдагы таанымал ток-шоу алып баруучусу Ларри Кинг COVID-19 илдетине чалдыгып, учурда Лос-Анжелес шаарындагы ооруканада бир аптадан бери дарыланып жатканы маалымдалды.

Ал ортодо Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө да вакцинация уланып жатканы менен чектөөчү чараларды күчөтүү каралууда. Британ премьер-министри Борис Жонсон карантиндик жаңы чаралар көрүлөөрун эскертти, Германияда айрым расмий адамдар карантинди январдын этегине чейин узартууга чакырышууда. Адистер Ыйсанын туулган күнү майрамында жана Жаңы жылдык майрам маалында калайыктын топтолушу инфекциялангандардын көбөйүшүнө алып келээрин болжолдошот. Буга кошумча вирустун алгач Улуу Британияда аныкталган жаңы штаммы да камтама жаратууда.

Орусияда COVID-19га чалдыккандар үчүнчү күн катары менен көбөйүп жатат. 3-январга карата өлкөдө дагы 25 150 кишиде вирус аныкталды, 19 847 бейтап айыкты, соңку күнү бери дегенде 504 киши илдеттен өлдү.

Декабрда жергиликтүү "Спутник V" вакцинасы эмдөөдө колдонула баштаган. Өкмөт башчы Михаил Мишустин 800 миңден ашуун киши эмделгенин, бир жарым миллион доза вакцина таратылганын билдирди.

Индия коронавирустун жайылышы боюнча дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи орунга чыкты. Өлкөнүн өкмөтү 1-январдагы отурумунда Улуу Британиянын Оксфорд университети менен "AstraZeneca" компаниясынын вакцинасын чукул кырдаалда колдоууга уруксат берди. Эми Индиянын дары-дармекке көзөмөл башкармалыгы уруксат кылчу болсо, анда келээрки аптанын башынан тартып "Oxford / AstraZeneca" вакцинасы менен жапатырмак эмдөө башталмакчы.

Андан тышкары Индия бийлиги жергиликтүү "Коваксин" вакцинасын сыноосунун 3-баскычы бүтө электе эле колдонууга уруксат бергенин "Hindustan Times" гезити жазды. (AA)

XS
SM
MD
LG