Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 02:05

Пандемия дүйнөнү өзгөрткөн жыл


Загреб шаары. 21-май, 2020-жыл.

2020-жылды салют атып, шампан ачып, салтуу шаан-шөкөт менен тосуп алып жатканда адамзатты алдыда кыйын сыноо күтүп жатканын эч ким сезбесе да керек. Соңку 12 айда мурда жолукпаган коронавирус биздин жашообузду олуттуу өзгөрттү.

Илдет менен алпурушуп, айласын таппай калган медиктер, токтоп калган экономика, сыртка чыга албай үйүндө камалып отурган милииондогон адамдар, ээнсиреген мегаполистер, эң негизгиси - дабасы табыла элек дарттан кыйылган өмүрлөр... Айрым адистер ал түгүл 2020-жылкы окуяларды Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин болуп көрбөгөн апаат менен салыштырышат.

«Пандемия башталгандан бир жыл өткөндөн кийин биз трагедияга, гуманитардык чукул абалга туш болуп келатабыз. 1945-жылдан бери алгачкы жолу бүтүндөй дүйнө улутуна, расасына карабай жалпы коркунучка кептелди. Пандемия жакыр, аялуу катмарларга чоң сокку урду», - деп билдирди декабрдын башында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш.

Дүйнөгө таанылган Ухань

Расмий түрдө жаңы коронавирустун алгачкы клиникалык белгилери 2019-жылы 1-декабрда тастыкталып, бүт дүйнө Кытайдагы Ухань шаары тууралуу билип калган. Бирок ага чейин эле, 17-ноябрда Хубэй провинциясынын тургуну вирус жугузуп алыптыр. Кытай бийлиги 31-декабарда «белгисиз этиологиядагы вирустук пневомниянын» 27 учуру тууралуу кабарлаганда бул пандемиянын башаты экенин адистер да түшүнгөн эмес. Күн сайын бул көрсөткүч улам көбөйүп жатты.

Ухань шаары. 15-апрель, 2020-жыл.
Ухань шаары. 15-апрель, 2020-жыл.

Вирус жайыла баштаганда Ухандагы жаныбарлар базары жабылган. Анткени вирус дал ошол жакта сатылган жарганаттардан тараган деген шек пайда болгон. 7-январда Кытай бийлиги жаңы вирус аныкталганын, ага 2019-nCoV деген аталыш берилгенин жарыялады. Төрт күндөн кийин жаңы илдеттен көз жумган алгачкы адам тууралуу кабар түшкөн.

Саналуу күндүн ичинде табышмактуу вирус Азияда, Европада жана АКШда жайыла баштады. Январдын этегине карай чет өлкөлүктөрдүн көбү Кытайдан чыгып кетип, өлкө чек араларын жапты. 50 миллион калктуу Хубэй провинциясында карантин киргизилди.

Башында Кытай окумуштуулары коронавирус жарганаттардан башка жаныбарларга «жабышып», андан адамга жукса керек деп божомолдоп жатышкан. Конспирология теорияларына карабай, көпчүлүк илимпоздор жаңы вирус жасалма жол менен чыкпаганын айтышат, бирок ал кантип адамга жукканы - мал-жандык саткан базарданбы же Ухандагы вирус изилдөө лабораториясынанбы – мунун баары азыр да белгисиз.

Бээжин вирус жайыла баштаганда маалыматтарды жашырып же бурмалаган деген эл аралык коомчулуктун сынына азыркыга чейин кабылып келатат. Ушул январда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) адистери Уханда вирустун тарашы боюнча териштирүү жүргүзүшмөкчү. Буга чейин Кытай бийлиги көз каранды эмес иликтөөгө макул болбой келген.

Айтмакчы, окумуштуулар вакцина издөөгө дээрлик ошол эле убакта киришкен. Германиялык чакан «BioNTech» деген компания өсмөнүн (рактын) үстүнөн изилдөөсүн убактылуу токтотуп, жаңы долбоор баштаган.

Жашообузга «COVID-19», «Локдаун» деген жаңы терминдер кирди

11-февралда ДССУ мурда белгисиз илдетти COVID-19 деп атап, ошондон бери бул сөз элдин оозунан түшпөй келатат.

Бергамо шаары. 3-апрель, 2020-жыл.
Бергамо шаары. 3-апрель, 2020-жыл.

Бир нече күндөн кийин эле Кытайдын сыртында, атап айтканда Францияда алгачкы өлүм катталды. Көп узабай кошуна Италия коронавирустун очогуна айланып, дүйнөнүн назары ушул өлкөгө бурулду. Бергамо шаарындагы көрүстөндө жер жетпей, табыттар жүктөлгөн аскер машинелеринин колоннасы тартылган сүрөттөр азыркыга чейин үрөй учурат.

«Бейтаптар жакындары менен көрүшө албай, жалгыздыкта көз жумганы бул күндөрү биз туш болгон эң чоң мүшкүлгө айланды. Ооруп жаткандардын туугандары менен телефондон байланышып, абалын айтып берүүгө аракеттенүүдөбүз. Абалы жакшырактары өздөрү телефон чала алышат. Бирок улгайган бейтаптар андайга көнгөн эмес, алар менен биз байланыштырып беребиз», - деп айтып берген италиялык дарыгер Романо Паолуччи.

Италия менен Австриядагы лыжа курортторунан вирус Европанын башка өлкөлөрүнө тараган. Сентябрда кардарлардын укуктарын коргоо боюнча жеке менчик уюм Ишгль курортундагы коронавирустун жайылышы боюнча Австриянын бийлигине каршы төрт жарандык доо арыз бергенин кабарлады. Жергиликтүү тургундар жана миңдеген чет өлкөлүк туристтер дал ошол жактан, лыжа тепкенден кийин эл барларга, кафелерге топтолгондо вирус жугузуп алганын айтышат. Кардарлардын укуктарын коргоочулар бийликтин реакциясы жай болгонун, өкмөт туристтик бизнестин кысымына кабылган болушу ыктымал экенин да белгилешет. Расмий Вена дооматтарды четке кагууда жана ошол учурда колдо болгон маалыматтарга ылайык иш алып барганын маалымдап келатат.

Дегеле коронавирустун жайылышы улам-улам жооперчилик маселесин эске салып келди.

Париж. 11-май, 2020-жыл.
Париж. 11-май, 2020-жыл.

Италиянын аркасынан Испания, Франция жана Британия карантин жарыялап, сөздүгүбүзгө «локдаун» деген дагы бир жаңы термин кирди.

Көп узабай эле ДССУ COVID-19ду пандемия деп тааныды. Европанын ири бөлүгүндө чек аралар жабылды. Паникага түшкөн кардарлар азык-түлүк, башка керектүү, кереги жок да товарларды жабыла сатып алып, дүкөндөрдөгү текчелер айрым жерлерде бош калган учурлар да болду. Биринчи жолу тарыхта тынч заманда жайкы Олимпиада кийинкиге жылдырылды.

Апрелдин ортосуна карай 3 миллиард 900 миллиондой киши же дүйнө калкынын жарымы тигил же бул деңгээлдеги чектөөчү чаралардын шартында жашап калды. Миландан Нью-Йоркко, Делиге, Найробиге, Мехикого чейинки шаарлардын ээн, жымжырт көчөлөрүндө «Тез жардам» машинелеринин сиреналары гана жаңырып жатты.

Пандемия жоопкерчилик маселесин козгоду

Пандемия медицина тармагынын, жарыбаган маянага иштеген дарыгерлердин көйгөйлөрүн ачыкка чыгарды. Бир топ өлкөлөрдө медкызматкерлер коргоочу каражаттарсыз калып, канчалаган адистер вирус жугузуп алды, канчасы илдеттен көз жумду. Ооруканаларда орун жетишпей, көп жерде талаа стационарлары курула баштады.

Бара-бара жаз айларынын этегинде бир катар өлкөлөрдө кырдаал оңлогонсуп, коомдук жайлар, ресторан-кафелер ачылган. Бирок кээ бир эпидемиологдор эскреткендей эле күздүн башталышы менен экинчи, айрым жерелерде үчүнчү толкунга күбө болдук.

Илдетке каршы күрөш менен катар чектөөчү чараларга каршы чыккандар, социалдык аралыкты, беткап тагынуу жана башка санитардык эрежелерди сактабаган кишилер да четинен жолугуп жатты.

Жаир Болсонару. Бразилия, 18-март, 2020-жыл.
Жаир Болсонару. Бразилия, 18-март, 2020-жыл.

Медиктер бул коронавирус бекеринен жаңы деп аталбаганын, аны дарылоо, алдын алуу ыкмалары белгисиз болуп жатканын айтып келишти. Адистер муну менен катар айрым жетекчилер инфекционисттердин кеңештерине кулак салбай, шашып карантинди алып салышканын, жоопкерчиликсиз мамиле кылышканын да белгилешет.

АКШнын президенти Дональд Трамптын көпкө чейин беткап тагынуудан баш тартып, дезинфекциялык каражатты адамдарга саюу сыңары кеңештери, же Бразилиянын мамлекет башчысы Жаир Болсонарунун COVID-19га каршы натыйжалуулугу ырастала элек дары ичип айыкканын айткандары көпкө чейин эсте калчудай.

Жоопкерчилик жөнүндө декабрдын башында Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш да сөз кылып, пандемия тууралуу фактыларды четке кагып, ДССУнун сунуштарын аткаруудан баш тартып келген мамлекеттерди сындап, ошол эле учурда алар кайсы өлкөлөр экенин атаган жок:

«Башынан бери Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму фактыларга таянган маалыматтар менен бөлүшүп, илдетке каршы координацияланган глобалдык чара көрүүгө негиз болчу илимий кеңештерин берип жатты. Тилекке каршы кеңештердин көбүнө көңүл кош мамиле кылып коюшкан. Кээ бирде фактыларды четке кагуу, сунуштарды аткарбай коюу учурларга күбө болдук. Өлкөлөр өздөрү билгендей багытты тандап алганда, вирус ар кайсы багытта жайыла берет».

Айтмакчы, Болсонаро менен Трамптан тышкары дагы бир топ белгилүү адамдар, арасында Криштиану Роналдо, Мадонна, Жастин Трюдо, Новак Жокович, ханзада Чарльз, Борис Жонсон, Эммануэл Макрон жана башкалар ооруга кабылып, вирус алдында бардыгыбыз тең экенибизди көргөздү.

Жыл аягында вакцинанын үстүнөн иштеп жаткан компаниялар; арасында жогоруда сөз болгон «BioNTech» биринин аркасынан бири препараттарын каттоодон өткөрүп чоң үмүт артылган эмдөө жүрүп жатат.

«Бул - акыркы пандемия эмес»

Ошол эле маалда 27-декабрда ДССУнун башчысы Тедрос Адханом Гебрейсус COVID-19дан, азыркы абалдан сабак алыш керек экенин, алдыда дагы башка пандемия болбойт деп эч ким кепилдик бере албай турганын эскертти:

«Адамдар менен жаныбарлардын алакалары, климаттагы өзгөрүүлөр өңдүү маселелер чечилмейинче, калктын саламаттыгын жакшыртуу аракеттеринен майнап чыкпайт. Тарых көргөзгөндөй, бул акыркы пандемия эмес. Эпидемиялар адамзатты коштоп, жашообуздун бир бөлүгү болуп калган. Бирок өкмөттөрдүн, коомчулуктун колдоосу менен саламаттык сактоо тармагына инвестиция жумшоо, бул чөйрөдө бирдиктүү саясат жүргүзүү менен балдарыбыз, урпактарыбыз коопсуз, туруктуу дүйнөдө жашагыдай шарт түзө алабыз».

АКШ 1918-1919-жылкы пандемия маалында.
АКШ 1918-1919-жылкы пандемия маалында.

Тарыхка кылчайып карасак, COVID-19 өлүм-житим жагынан эң кыйраткыч пандемия деп аталуудан кыйла эле алыс. XIV кылымда кара тумоо дүйнө калкынын чейрек бөлүгүн алып кеткен.

СПИДден 53 миллион киши дүйнө менен кош айтышты. 1918-1919-жылдардагы «испан тумоосунан» кеминде 50 миллион киши өлгөн.

Баса, ошол пандемиядан аман калып, азыркы коронавирустан айыгып чыккан бир нече учур тууралуу маалымдалган. Мисалы андалусиялык Ана дел Валье 106 жашында COVID-19ду жугузуп алып айыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG