Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Индия неге Oxford / AstraZeneca вакцинасын жактырды?


Индиялык жаран COVID-19 илдетин элестеткен тулдун жанында турат. Мумбай (мурдагы Бомбей), Индия. 2020-жылдын 30-декабры.
Индиялык жаран COVID-19 илдетин элестеткен тулдун жанында турат. Мумбай (мурдагы Бомбей), Индия. 2020-жылдын 30-декабры.

Индия 2-январдан тартып COVID-19 илдетине каршы жапатырмак эмдөө алдында машыгуу өткөрүп жатат. Ал эми келээрки аптадан тартып бул өлкөдө Оксфорд университети / AstraZeneca вакцинасы менен жапатырмак эмдөө иштери башталмакчы.

Индиянын бийликтери 2-январда жалпы өлкө боюнча COVID-19 илдетине каршы жапатырмак эмдөө алдында машыгуу иш-аракетин баштады. Бул - дүйнө жүзүндөгү эмдөө программасына эң ири камылга көрүү аракетинен болуп саналат.

Индия өкмөтү 1-январдагы отурумунда Улуу Британиянын Оксфорд университети менен AstraZeneca компаниясынын вакцинасын чукул кырдаалда колдоууга уруксат берди. Эми Индиянын дары-дармекке көзөмөл башкармалыгы уруксат кылчу болсо, анда келээрки аптанын башынан тартып Oxford / AstraZeneca вакцинасы менен жапатырмак эмдөө башталмакчы.

Адистер Индиянын дары-дармекке көзөмөл башкармалыгы тарабынан бул вакцинага уруксат бериле тургандыгына күмөн жок деп белгилешүүдө.

Учурда Индия пандемияга учурагандардын саны жагынан дүйнөдө АКШдан кийин эле экинчи орунга чыкты. Азыркы тапка чейин мында 10,3 миллиондон ашуун киши коронавируска чалдыккан. Өлкөдө бери дегенде 149,218 киши ушул илдеттин айынан өмүрүнөн ажыраган.

Индия өкмөтү өтө жогорку мерчемди жарыялады: бийликтер 2021-жылдын ортосуна чейин 1,3 миллиард кишиден турган өлкө калкынын 300 миллиондоюн эмдеп чыгууга белсенүүдө.

Оксфорд университети менен AstraZeneca компаниясынын “Ковишилд” (“Ковид-калкан”) вакцинасынын бир нече ондогон миллион дозасы дарыгерлер кампасына топтолуп калды жана 96 миң дарыгер жана медайымдар эмдөө үчүн машыгуудан өттү.

Ал эми 2-январдагы бүткүл өлкө боюнча машыгуу маалында ар бир окутуу борборунда саламаттык сактоонун 25тен кызматкерине вакцина сымал зат сайылды. Бул – жапатырмак эмдөөнүн алдындагы адистик камылга түрү болуп калды.

Индиянын саламаттык сактоо министри Харш Вардхан COVID-19 илдетине каршы эмдөөнүн машыгуулары маалында Делидеги Гуру Тег Бахадур (GTB) ооруканасын кезди. 02.1.2021.
Индиянын саламаттык сактоо министри Харш Вардхан COVID-19 илдетине каршы эмдөөнүн машыгуулары маалында Делидеги Гуру Тег Бахадур (GTB) ооруканасын кезди. 02.1.2021.

Индиянын саламаттык сактоо министри Харш Вардхан бул машыгуулар алдыдагы жапатырмак эмдөө өнөктүгү эч тоскоолсуз өтүүсү үчүн тажрыйба топтоодо өзгөчө зарыл болгондугун баса белгиледи. (Ассам, Андхра Прадеш, Пенжаб жана Гужарат сыяктуу айрым аймактарда 2020-жылдын 28-29-декабрында жергиликтүү машыгуулар өткөрүлгөн).

Вардхан мырза ошондой эле эмдөөдөн калайыктын баш тартуусуна алып келчү ар кандай ушак-айыңдарга каршы туруу үчүн атайын маалымат өнөктүгүн жүргүзүүгө мекендештерин үндөдү.

Илим жана сокур ишеним

Ар кыл диндеги ашынган эскичилдер 2020-жылы Индия менен Пакистанда коронавируска каршы күрөшкө өздөрүнүн сокур ишенимдеринин айынан кыйла жолтоо кылышкандыгы маалым.

Тасма. Пакистандагы “Таблиг-и жамааттын” өкүлдөрү дуба окуп эле коронавируска каршы күрөшүүгө чакырышкан. Архив.

Пакистандын Пенжаб аймагынын борбору Лахор шаарына жакын жайгашкан Райвинд шаарчасында “Таблиг-и жамаат” (арапча “Жамаату т-Таблииғ”; “(Ислам динин) жайылтуу жамааты”) аттуу диний кыймылдын борбору негизделген.

Бул шаардын Райвинд Марказ (“Райвинд борбору”) деген аймагынан 5 чакырымдай алыстыкта “Ижтима Гах” деген жерде жыл сайын “Таблиг-и жамаат” уюмунун эң ири курултайы өтүп турат. Аны Мекеден кийин эле сунний мусулмандар көбүрөөк чогулган экинчи ири жай деп санашат экен.

2020-жылы март айында да “Таблиг-и жамаат” кыймылынын 90дой өлкөдөн келген 250 миңдей зыяратчылары “Ижтима Гах” жайында чогулуш өткөрдү. 13-мартта (үч күндөн кийин) бул жыйын таажы вирусунун коркунучуна байланыштуу эртерээк таркатылды, бирок ири диний жыйын көптөгөн чет өлкөлүктөрдү таажы вирусуна чалдыктырууга үлгүрдү.

“Таблиг-и жамаат” уюмунун Пакистандын Райвинд шаарчасындагы ири жыйынынан таркап бара жаткандар. 13.3.2020.
“Таблиг-и жамаат” уюмунун Пакистандын Райвинд шаарчасындагы ири жыйынынан таркап бара жаткандар. 13.3.2020.

Пакистандагы “Экспресс Трибюн” басылмасы былтыркы 29-марттагы кабарында ишемби күнү (28-мартта) 72 жаштагы Сардар Илйас (Ильяс; Sardar Ilyas) деген кыргызстандык дааватчы жана ардагер майор Абботтабад шаарындагы ооруканада кайтыш болгондугун жазды. Сардар Илйас менен кошо барган кыргыз дааватчылары кийин бул илдетти Кыргызстанда таркатууда себепчилерден болушкан.

Ал эми Индиядагы айрым кадыр-барктуу делген индус улутчулдары болсо 2020-жылдын жаз айларында «коронавируска каршы күрөштө уйдун сийдигинен өтөөр даба жок» деп үгүт жүргүзүштү.

“Ахил Бхарат Хинду Махасабха” (Akhil Bharat Hindu Mahasabha” – “Жалпы индиялык индус ынтымагы”) деп аталган уюм Дели шаарындагы баш кеңсесине 2020-жылдын март айында 200дөй кишиден турган жамаатты чогултуп, уй сийдигин ичүү жөрөлгөсүн уюштурган. Айрымдар ал түгүл бул затты өсмөгө (ракка) каршы дары деп эсептешкени маалымдалууда.

2020-жылы жазында Индияда таркаган ушак-айыңдардын биринде коронавирусту ойрон кылуу үчүн чай ичүүдөн өтөөр ылаажы жоктугу, Кытайдын өзүндө чай негизги дары зат катары колдонулуп келээри тууралуу жалган маалымат камтылганын Би-Би-Си жазган.

Бул ушакты көбүртүп-жабыртуу үчүн ал түгүл Уханда алгач ирет коронавирус илдети тууралуу эскерткен кытай дарыгери Ли Вэнляң (магистр Li Wenliang; 12.10.1985––07.2.2020) мырзанын өзү чай гана таажы вируска каршы натыйжалуу ылаажы экен, деп айтканы тууралуу карандай калпты кошуп айтып жүрүштү. Чындыгында көз ооруларын айыктыруу адиси болгон маркум Ли Вэнляң андай сөздү эч айткан эмес.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди азыркыдай вакцина чыга элек доордо, башкача айтканда, 2020-жылдын 14-апрелинде, коронавируска каршы күрөш стратегиясына обочолонуу, беткап тагынуу ыкмаларынан тышкары АЙУШ министрлиги сунуштаган ыкмаларды, башкача айтканда, элдик тажрыйбага ылайык дары чөптөрдү колдонууну да калайыкка сунуш кылган болчу.

Индиядагы АЙУШ министрлиги – бул Айурведа, йога, унани, сиддха жана гомеопатия министрлиги (Ministry of Ayurveda, Yoga & Naturopathy, Unani, Siddha and Homoeopathy). Анын негизги милдети – Индиядагы жергиликтүү калктардын салттык медициналык системалары тууралуу иликтөө, таалим берүү жана анын салтын кеңири жайылтуу. (Кыргызстандыктар дарыгер Хашим Зайналиевди жана башка элдик дарыгерлерди элестетсе эле, Индиянын бул министрлигинин ишмердигин түшүнө алышат).

Бирок Индиядагы дарыгер окумуштуулар коронавирусту уйдун сийдиги, чай, дары чөп, дуба окуу, табынуу аркылуу эле жеңсе болот деген мындай сокур ишенимге жетеленген түшүнүктөргө эч азгырылбоого чакырышкан.

Неге Индияга Окфорд/ AstraZeneca вакцинасы көбүрөөк ынады?

Ал эми AstraZeneca plc компаниясы – Улуу Британияда расмий катталган британдык-шведдик дары-дармек өндүрүүчү компания. Ал 1999-жылы шведдердин Astra AB компаниясы менен британдык Zeneca Group компаниясынын жуурулушуусунун негизинде пайда болгон. Анын башкеңсеси Кэмбриж шаарында жайгашкан.

2020-жылдын июлунан тартып AstraZeneca компаниясы британдык Оксфорд университети менен бирдикте коронавируска каршы вакцина чыгаруу долбооруна киришип, ал долбоордук заттардын бири – AZD1222 дарысы үчүнчү сынактан өткөн.

2020-жылы 23-ноябрда AstraZeneca компаниясы менен Оксфорд университети өздөрүнүн коронавируска каршы вакцинасы сыноодон ийгиликтүү өткөндүгүн, алардын вакцинасынын алгачкы дозасы 70 пайыздай натыйжалуу болгондугун, эгерде кардар экинчи ирет эмделсе, анда эмделгендердин 90 пайыздайы дурус натыйжага ээ болушу мүмкүн экендигин биргелешип жарыя кылышты.

Бул компаниянын вакциналык дары заты Индияга эмне үчүн көбүрөөк ынады? Биринчиден, анын наркы өтө эле арзан.

Pfizer/BioNTech вакцинасы 21 долларга тете болсо, Moderna вакцинасы 34 долларга тете, ал эми АстраЗенека/Оксфорд вакцинасы болсо 4,1 АКШ долларына (б.а. 320 сомдой) гана турат.

Дүйнөдө коронавируска каршы сунушталган айрым вакциналардын салыштырма жадыбалы. Би-Би-Си. 23.11.2020.
Дүйнөдө коронавируска каршы сунушталган айрым вакциналардын салыштырма жадыбалы. Би-Би-Си. 23.11.2020.

Экинчиден, аны сактоо жана ташуу үчүн шарттар да кыйла жеңил. Оксфорддогу технология ар кыл өлкөлөрдө өндүрүшкө салуу үчүн алда канча ыңгайлуу. Анын үстүнө AstraZeneca компаниясы өз вакцинасын чыгарууда “иши кылып эле кирешенин артынан кубалабай тургандыгына” да убада кылды.

Эгерде эң мыкты вакцина саналган Pfizer/BioNTech вакцинасы Целсий боюнча бери дегенде минус 70 даражада (градуста) сакталышы керек болсо, Moderna вакцинасы – бери дегенде минус 20 даражада сакталууга тийиш, ал эми Оксфорд университети менен AstraZeneca компаниясы чыгарган вакцина (орусиялыктардын Sputnik-V вакцинасындай эле) үйдөгү кадыресе муздаткычта эле минус даражада сакталат.

Аймагынын көпчүлүк бөлүгүнө ысык климат мүнөздүү болгон жана калкынын кыйла бөлүгү жакыр келген Индия үчүн Оксфорд университети менен AstraZeneca компаниясы чыгарган вакцина алгылыктуу болуп жаткандыгын эми түшүнүү кыйын эмес.

Индиядагы Серум институтунун аткаруучу директору Суреш Жадхав:

"Азыркы күндө Индия вакцинаны өндүрүү боюнча маанилүү өлкөлөрдүн бири. Албетте биздин да атаандашыбыз бар. Ал – Кытай. Вакцинаны ири көлөмдө өндүрүү боюнча Индия эбегейсиз зор мүмкүнчүлүккө ээ", – деп былтыр жыл соңунда билдирген.

Серум институту вакцина өндүргөн дүйнөдөгү эң ири компаниялардын бири болуп эсептелет. Мекеме “АстраЗенека”/Оксфорд вакцинасынын 50 миллиондой дозасын атайын чакан бөтөлкөлөргө куюп, эмдөө камылгаларын көрдү.

Ошондой эле бул институт жылына 1 миллиард дозадан турган эмдөө затын өндүрө ала тургандай кылып, өзүнүн өндүрүш кубаттуулугун арттырууда.

Индияда өндүрүлгөн коронавируска каршы вакциналардын алгачкы топтому бул илдеттен өзгөчө жабыркап жаткан ушул өлкөнүн өзүндө эле колдонулары күтүлүүдө.

Албетте, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр Индиянын эмдөө тажрыйбасына жана ал сунуштай турган арзан вакцинага кызыгаары шексиз.

Кошумча маалымат.
3-январдагы кабарларга караганда, Индиянын дары-дармекке көзөмөл мекемеси өлкөдө чукул кырдаалда коронавируска каршы эмдөөдө колдонуу үчүн эки дарыга уруксат кылды: бири Оксфорд университети менен AstraZeneca компаниясы биргелешип чыгарган вакцина болсо, экинчиси - индиялык Bharat Biotech компаниясы чыгарган вакцина (бирок бул кийинки вакцинаны сыноонун 3-баскычы соңуна чыга элек).
Өкмөт башчы Нарендра Моди бул чечимди "тарыхый бурулуш жасаган чечим болду" деп 3-январда жогору баалады.

XS
SM
MD
LG