Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:28

2021: Ар бир кризистен кийин өнүгүүгө жол ачылат


Түндүк Македонияда тартылган сүрөт.
Түндүк Македонияда тартылган сүрөт.

2021-жылы дүйнөдө кандай чоң окуялар күтүлөт? Кандай тенденция, бурулуштар болушу мүмкүн? Пандемиядан чарчаган элдин жашоосу оңолобу? Жашоо мыйзамы ушундай - ар бир кризис жаңы мүмкүнчүлүккө жол ачат.

«21» деген сан сыйкырдуу, жакшы энергия ала келет дешет астрологдор. Анда ушул сыйкырдуу жылы эмнелер күтүлүп жатканын талдайлы.

Пандемия менен коштошобузбу?

2021-жылы коронавирус пандемиясы менен коштошууга даярданабыз деп айтсак болор. Эксперттер эмитен эле 2021ди «пандемиянын экинчи жылы» деп атап жатышат. Анткени коронавирус жоголгон жок, бардык мамлекеттерде ар кандай деңгээлде арышын жайылтууда.

Жаңы жылдын алгачкы алты айы «Pfizer-BioNTech», «Модерна» жана башкалар сунуш кылган вакцинага атаандаш ар түрдүү илимий долбоорлордун жарышын көрө алабыз.

Медицинада бир вакцинаны даярдоо буга чейин 10-20 жылдык убакытты талап кылса, бул жолу COVID-19дун дүйнөлүк коркунучунан улам болуп көрбөгөндөй кыска мөөнөттө сыноо өткөрүп, ушу тапта дүйнөдө 320дан ашуун жаңы вакциналардын үстүндө илимий иштер жүрүп жатат.

Эл аралык деңгээлде илимий, медициналык кызматташтык жеңсе, келерки жылдын аягында 2-3 миллиарддай кишиге вакцина сайылып, коронавирус таптакыр жоголуп кетпесе да, жайылышы сээлдеп, адамзаттын жашоосу жеңилдей түшөт деп күтүлүүдө.

Соңку сурамжылоо көргөзгөндөй, дүйнө калкынын 18 жаштан улуу муунунун төрттөн бири тез арада даярдалган вакцинанын организмге ар кандай көмүскө кесепети болот деп чочулап, аны сайдырууну каалабайт.

Бул көрүнүш да COVID-19дун коркунучун эл аралык деңгээлде жоюуда тоскоолдук болору шексиз. Дүйнөлүк коркунучу бар коронавируска каршы күрөштү натыйжалуу жүргүзүш үчүн бардык мамлекеттер ортосунда байланыш, кызматташтыкты күчөтүү зарыл.

Ошентип, коронавирус АКШ, Кытай, Орусия, Европа, деги бардык мамлекеттер биргелешип иштеши керек экенин дагы бир жолу далилдеди.

Глобалдык идеялар, аракеттер жанданат

Негизи кандай болбосун кризисти популист саясатчылар жөндөй албайт тура. COVID-19га башында текебер мамиле кылган АКШ, Бразилия, Мексика, Британия, Индия, Польша, Орусия жана башкалар аягында калкы эң көп жабыр тарткан өлкөлөр болуп калды.

Январдын аягында Америкада жаңы президент, демократ Жо Байден ант берип кызматка киришип жатканы дүйнөлүк аренада кайрадан глобалисттердин добушу бекемделет деген ишеничке жем берет.

Байден кантсе да, азыркы президент Дональд Трамптын далай чечимдерин өзгөртүп, АКШны Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДССУ) кайрадан киргизүү, глобалдык климаттын өзгөрүшүнө каршы Париж келишимине кошулуу жана Ирандын өзөктүк программасы боюнча алты тараптуу эл аралык келишимди кайрадан калыбына келтирүү өңдүү убадаларды берип жеңбедиби.

Ошондой эле Трамптын убагында киргизилген бир катар калкынын көбү мусулман мамлекеттердин жарандарына киргизилген миграциялык чектөөлөрдү жоёрун да айткан. Бул тизмеде Кыргызстан да бар.

Негизи эмгек мигранттары үчүн 2021 дагы эле кыйын жыл болот, чек аралар ачыла башташы мүмкүн, бирок чектөөлөр дагы эле катаал болчудай. Андыктан мигранттардын салган акчасына жашап көнүп калгандар эми киреше табуунун башка булактарын издеши керек.

Эл аралык уюмдар бардык мамлекеттерге ички туризмди өнүктүрүүгө, маалымат технологиясына байланышкан тармактарга басым жасоого кеңеш беришет.

Европадагы башкы глобалист, Евробиримдиктин лидери Ангела Меркел саясий сахнадан кетет. Күздө болчу шайлоого катышпай турганын алдын-ала айткан Меркел Германияда 16 жылдан ашуун канцлер болгон татыктуу лидер катары тарыхта калат.

Ал эл аралык деңгээлде каалаганынын баарын аткарта албаса да, ага каршы болгондорду артка чегинтүү жагынан алдына киши салбайт дешет.

Меркел Европадагы эң мыкты кризис-менежер аталды, ушунча жыл өзү башкарган Германияда да саясий туруктуулукту былк эткирбей камсыз кылып келди.

Анын ордун ким басарын азыр айтуу кыйын. Эксперттер Германияда саясий лидерлерди тарбиялап өстүрүүнүн мыкты мектеби бар деп эсептешет.

Баса, байкоочулар COVID-19ду ооздуктоо жагынан азиялык мамлекеттер мыктылыгын көргөзгөнүн, Кытай, Тайван, Түштүк Корея, Сингапур, Вьетнам жана башкалар чек араларын чычкан өткөргүс кылып жаап, эли да бийлик институттарына баш ийүү жагынан Батышка үлгү боло алганын белгилеп жатышат.

Жалпысынан геосаясатта Америка менен Кытайдын атаандаштыгы улана берет. Адистер Жо Байден Шинжаңдагы уйгур, казак, кыргыз жана башка азчылыктардын укуктарына, Гонконг менен Тайвандагы саясий эркиндикке басым жасап, Бээжинге Трамп калтырып кеткен соода тарифтерин улантып, эрегиш уланарын болжолдошууда. Баса, байкоочулардын баамында Кытайдын экономикасы пандемиядан бат эле оңолуп, 2021-жылы пландалгандан чоң секирик жасайт. Антпеске арга жок, пландуу экономика менен жашаган Кытайдын Коммунисттик партиясы ушул жылы 100 жашка толот.

  • Пандемиядан жабыркаган экономика көтөрүлө баштайбы?

«The Economist» журналы жазгандай, негизи азыр биз Азия кылымында жашап атабыз. Калкынын саны, анын өсүш темпи жагынан Азия дүйнөнүн эң алдыңкы бөлүгү, эл аралык кубаттуу компаниялар өндүрүшүн дал ушул континентке көчүрүп барып атканы да ошондон.

Көпчүлүк кийим-кечек, кездеме жана башка адамдын колу менен жасалган товарлардын көбү да дал ушул Азия өлкөлөрүндө өндүрүлөт, андыктан пандемиянын кесепети да ушул өлкөлөргө оор тийди. Дүйнөдөгү текстил же кездеме, кийим-кечектин 75% Бангладеш, Камбоджа, Филиппин, Кытай, Индия, Шри Ланка, Пакистан, Индонезия өңдүү азиялык он мамлекетте өндүрүлөт экен.

АКШ, Европа, Жапонияга андай товардын экспорту 2020-жылы 70% азайыптыр. Карантинден улам чек аралар жабылып, эл да товарды аз сатып алууда. Бул Азияда миллиондогон адамдар жумушсуз калды дегенди билдирет.

БУУ дүйнөдө быйыл 150 миллиондой киши жакыр жашагандарга кошулганын билдирди. Мисалы, автомобил жана башка техника куруу ишканалары акырындап робот, автоматташкан станокторду колдонууга өтүп жатышпайбы. Пандемиядан эң көп жабыр тарткан тармактар транспорт, айрыкча авиакомпаниялар, мейманкана жана башка тейлөө кызматтары болсо, эң көп пайда тапкандар IT, же элдин баарын онлайнга көчүргөн «Zoom», «Амазон», «Скайп», «Тик-Ток», «Хуавей», «Apple», «Нетфликс» жана башка маалымат технологиясына байланыштуу компаниялар болду.

Кээ бир адистер алар беш-он жылда пландап жаткан бизнес секирикти пандемиядан улам бир жылда жасап салышарын жазышты. Ошондуктан жана биз айткандай, 2021-жылы деле товарларды керектөө мурдагыдан аз болот, экономиканы көтөрүүнүн башка жолдорун издеш керек. Индияда вакциналарды сала турган чакан контейнер же атайын идиш чыгарган компаниялар көбөйүп, кирешеси асмандап кетти. Андан тышкары Интернеттен ар кандай сабак, өнөр, билим, же кесип үйрөткөндөрдүн күнү тууп жаткан кез.

  • Жумуш, жашоонун баары үйгө же Интернетке көчөбү?

- Ооба, кеңселер азайса каражат гана үнөмдөлбөй, жаратылышты коргоого да пайдасы көп экен. Экология, айлана-чөйрөнү коргоо жагынан 2021-жылы дагы башка жылыштар башталат. Коронавирус кризисинин дагы бир пайдасы ушул болду да.

Өнүккөн мамлекеттерде миллиондогон адамдар кеңселерге барбай үйүнөн иштөөгө өтүштү. Аны менен машине айдагандар, транспортко түшкөндөр азайып, кеңселерде электр жана башка отунду коротуу азайууда. Батышта онлайн иштегендер мындан ары улам көбөйө бериши күтүлүүдө.

Дүйнөдө азыр 250дөн ашуун компания электр менен жүргөн автомобилдерди өндүрө баштады. Электромобилдин алдыңкы үлгүлөрүн чыгарган «Tesla» компаниясынын акциялары азыр «Apple», Майкрософттукуна теңтайлашкан топко кирип калды. Келерки жылдын аягында Глазго шаарында Глобалдык климат боюнча дүйнөлүк саммит өтүшү керек. Ал жерде айлана-чөйрөгө эң көп зыян келтирген АКШ, Кытай, Индия, Нигерия өңдүү мамлекеттер жаңы милдеттенмелерди алып, жаратылышты сактап калуу багытында айрым чукул эл аралык чечимдер кабыл алынышы мүмкүн.

2021-жылы бир жыл кеч болсо да Токиодогу жайкы Олимпиада, Дубайда эл аралык ЭКСПО-2020 өтүшү мүмкүн деп үмүттөнө туралы. Баса, Токио Олимпиадасында алгачкы жолу спортчулар каратэ боюнча чемпиондукту талашат. Кыргызстанда каратэге кызыккандар көп экенин кошумчалай кетели.

Анда 2021-жылды оптимисттик маанайда тосуп алалы. COVID-19 кризиси жеке мага кандай жаңы мүмкүнчүлүк ачты деп ойлонуп көрөлү.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG