Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 09:38

Узаган жылы аялдар менен балдарга кысым күч болду


Сүрөтчү Татьяна Зеленскаянын сүрөтү.

Адистер 2020-жыл Кыргызстанда адам укуктары үчүн оор жылдардан болду деп эсептешет.

Быйыл пандемияда үй-бүлө зомбулугу 65% көбөйүп, 20дан ашык аял зомбулуктан мерт болду. Жыл башынан бери ондон ашык өспүрүм суицидге барып, балдар укуктарынын маселеси улам-улам козголуп турду.

Баркталбаган балдар укугу

Жыл соңунда зордукталган Тоңдогу 13 жаштагы кыздын окуясы коомчулуктун үрөйүн учурду.

Декабрдын башында өспүрүмдү үч эркек зордуктап, кийин сот алардын бирөөнү жети жарым жылга кесип, экөөнү актап жиберген. Окуяга дагы эле чекит коюла элек. Жабырлануучунун агасы «Азаттыкка» айыпталуучулардын басымы токтобой жатканын айтып, кыздын жакындары акыйкаттык үчүн күрөштү улантарын кошумчалады:

«Шектүү тараптын туугандары 30-40 адам болуп үйүбүзгө келип, бизге басым көрсөтүштү. Алар «элге-журтка уят кылдыңар, биздин бала күнөөлүү эмес» деп жатышты. Алар бизди «тынч чечишкиле же башка жакка көчүп кеткиле» дешти. Биз дароо милицияга кайрылдык. Кыз азыр жатак мектепте. Анын телефонун алып, Интернетке киргизбей жатышат. Биз аягына чейин күрөшөбүз. Азыр кайрылуу каттарын жалдап, маселени чечүүгө жардам сурайбыз. Кыздын тагдырына балта чаап, бузган адамдар сөзсүз жазага тартылышы керек».

13 жаштагы кызды зордуктагандардын акталышы адам укуктарын коргоого багытталган 16 күндүк акция аяктап жаткан учурга дал келди. Айтмакчы, жыл сайын БУУнун демилгеси менен өтүп келген өнөктүк быйыл пандемия шартында онлайн форматында өткөрүлдү. Ошондуктан өнөктүк да, жогорудагы окуяга болгон реакциялар да социалдык тармактарда онлайн акция, флешмобдор менен коштолду.

Быйыл кыз-келиндердин укуктарына байланыштуу бир канча долбоорлорду ишке ашырып келген «Айкын багыт» коомдук бирикмеси Тоңдогу окуяны көңүл сыртында калтырган жок. Бирикме борбор шаардагы Эмен багында сот адилетсиздигине каршы «Таш жүрөккө каршы» деген акция өткөрдү.

Анда эстеликтерге «Адамдар жардам сурап кыйкырганда, ташка да үн бүтөт», «Искусство корголот, адам коргоосуз калууда» деген жазуулар коюлду.

Бирикменин жетекчиси Мунара Бекназарованын айтымында, Ысык-Көл облусунун Тоң районунда кордолгон өспүрүм кызга карата акыйкатты алар ушундай салыштыруулар менен талап кылууну чечишкен.

Мунара Бекназарова.
Мунара Бекназарова.

«Биздин «Айкын багыт» коомдук уюму Тоң районунда зордукталган 13 жашар кызды колдоо үчүн акция өткөрүүнү чечтик. Кыз жана анын ата-энеси адилетсиз чечим болгонун айтып сот залынан кыйкырганда таш да сүйлөп жибере жаздайт. «Жүрөгүңүз таштан бүттү беле?» деп соттон сурап жатабыз. Эмнеге үн катпайсыз, эмнеге эстеликтей болуп унчукпай турасыз? Сиздерге караганда ушул жерде турган эстеликтерде жагымдуу баалуулуктар камтылган. Бул жердеги адамдар убагында акыйкат үчүн күрөшкөн. Ушундай эле милдети бар соттун кылганы азыр туурабы? Биз бул акция менен жалпы коомчулукка кайрылдык. Мындай окуялардын кайрадан болушун каалабайт элек. Кордолгон кыздарыбыз болбошу үчүн коомчулукту кайдыгер болбой үн катууга чакырабыз».

Тоңдогу окуя - жыл башынан бери балдар укуктарына байланыштуу жалгыз учур эмес. Бир ай мурун Ошто эки кыз жанын кыйган. Бири тоодон бой таштап, экинчиси сууга агып көз жумган. Быйыл жазында карантиндик чектөөлөр кирген учурда дагы онго жакын өспүрүм өз жанын кыйган болчу. Адистер пандемия шартындагы аралыктан окуу жана карантиндеги чектөөлөр балдарга кедергисин тийгизгенин айтып келишти.

Балдар зомбулугу коомчулукта кызуу талкууланган дагы бир учур Сокулукта өгөй атасы токмоктоп, апасы баш тарткан алты жаштагы баланын окуясы болуп калды. Баланы учурда таенеси багып жатканы айтылып, аны урган өгөй атасынын жоопкерчилиги талкуу сыртында калды.

Быйыл жыл башында Москвада ушул өңдүү уулун ууруп жаткан атанын видеосу тараган. Баласын аёосуз сабаган кыргызстандык эркекти Москва шаарынын соту үч жарым жылга соттогону жыл соңунда белгилүү болду.

«Балдардын укугун коргоо лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекова 2020-жыл балдар үчүн оор болгонун белгиледи:

«Пандемия балдардын укуктарын коргоо жаатына да терс таасирин тийгизди. Быйыл зордук-зомбулукка учураган балдар көп болду. Ошол эле кезде, жакырчылыкта жашаган үй-бүлөлөр көбөйүп, балдарга да бул жагдай таасир этти. Экономикалык жагдайдан улам балдар үчүн шарттар дагы бир-эки жыл жакшырбашы толук мүмкүн».

Быйылкы 2020-жыл Балдарды колдоо жылы деп да жарыяланган. Укук коргоочу Турдубекова анын алкагында пландалган иштер толук аткарылбай калганына кейиди:

Назгүл Турдубекова.
Назгүл Турдубекова.

«Негизи, Кыргызстанда интернаттарда 10 миңге жакын бала тарбияланчу. Быйыл пандемияда балдардын 80% жакынын ата-энелери, туугандары үйүнө алып кетишти. Бул абдан жакшы көрүнүш. Бирок ошол балдарды кайра жакындары алып келбеши үчүн жер-жерлерде социалдык кызматтарды уюштуруу керек. Аны ишке ашырыш үчүн быйыл социалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча мыйзам жана Балдар кодексине өзгөрүү киргизиш керек болчу. Бирок ал да ишке ашпай калды. Кодекстеги өзгөртүүлөр балдарга карата зордук -зомбулуктун алдын алууга жардам бермек».

Аялдардын абалы оорлошкон жыл

8-мартта Жеңиш аянтында кыз-келиндердин укуктарын коргоо, зомбулукка кабылган кыздардын маселесин көтөрүү максатында уюштурулган митинг башталбай жатып аяктаган. Ал жерге беткап, калпак кийген белгисиз адамдар барып, акцияны үзгүлтүккө учураткан. Милиция акцияга чыккан алты кишиге айыппул салган болчу. Аялдардын укуктарына арналган «Феминнале» аттуу көргөзмө да коомчулуктун бир топ өкүлдөрүнүн нааразылыгынан улам үзгүлтүккө учураган.

Бир ай мурда Жогорку сот милициянын быйылкы 8-марттагы аракетин мыйзамдуу деп тапкан чечимди жокко чыгарды. Укук коргоочулар муну активисттердин жеңиши катары баалашты.

2020-жылдын жарымында эле 2019 зомбулук фактысы катталган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 65% көп экенин Ички иштер министрлиги билдирди. COVID-19 пандемиясына байланыштуу карантин маалында үй-бүлөлөрдө аялдар кабылган зомбулуктун көрсөткүчү да дээрлик 70% өскөнү расмий маалымдалган.

Карантинде өлкөдөгү кризистик борборлор жардамга муктаж адамдарды кабыл алууну токтотуп, жардам берүүнү онлайн режимге өткөрүшкөн. Ушундан улам зомбулук көргөн аялдарга түнөк табуу кыйынчылык жараткан.

12-июнда социалдык тармактарда эркек киши моюнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы көрсөтүлгөн видео тараган. Бул окуя онлайндан кийин акция, флешмобдор уюштурулган. Бир айдан кийин жабырлануучу тосмо арызын артка алганын жана айыпталуучуну сот шарттуу түрдө кескени белгилүү болду. Кыскасы, бул учур деле башка учурлардай бат эле унутулуп калгандай.

БУУнун Аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран үй-бүлө зомбулугуна байланыштуу маселеге кыргыз коому, өкмөтү көңүл бура турган учур келди деп эсептейт.

«Мындай абал Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азия чөлкөмүндө, бүткүл дүйнө жүзүндө болгонун да эске алыш керек, - деди ал. - Бирок бул жагдай кыргыз бийлигин актаганга себеп болбошу керек. Кайсы чара иш жүзүндө иштейт же иштебейт? Аны тактап алыш керек. Чындыгында, мыйзамдуулуктун деңгээлинде коргоону камтыган бир топ чаралар көрүлдү. Бирок маселе ошол көрүлгөн чараларды каржылоого келип такалат. Экинчиден, мында президенттин, парламент мүчөлөрүнүн, министрлердин чечими маанилүү. Ошондуктан алар аялуу топторго, аялдарга карата зомбулук болгон учурда өз позицияларын ачык-айкын көрсөтүшү керек».

Жыл башында өлкөдө аялдар күйөөсүнүн колунан каза тапкан бир нече учур катталды. Расмий маалыматка караганда, 2020-жылдын 10 айында 28 аял каза таап, анын ичинен 23 учуру боюнча иш козголгон. Кыргызстанда аялдардын өмүрүнө көбүнесе эркектер кол салат. Мындай тыянак жыл соңунда «Клооп» порталы жарыялаган иликтөөдө айтылат.

Бул изилдөөдө кыз-келиндердин киши колдуу болушу жана ага түрткү болгон башка кылмыштардын статистикасы берилет.

2020-жылы аялдар ур-токмоктон көп жабыр тартты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:07 0:00

Адатта аял кишинин эркек киши тарабынан киши колдуу болушу фемицид деп аталат. Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка көз жуумп койгон учурларда барышат.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык​, 2010-жылдан баштап 2020-жылдын алгачкы тогуз айына чейин «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча аялдардын киши колдуу болгонуна байланыштуу ​762 кылмыш иши козголгон​.

Акыркы 10 жыл ичинде жалпы эле киши өлтүрүү, анын ичинде аялдарды өлтүрүү учурлары азайган — ушундай эле динамика катталган бардык киши өлтүрүү учурларынын саны боюнча сакталууда.

Быйыл жайында июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров каза болду. Аскаровго «оң тараптуу пневмония» деген диагноз коюлган. Тергөө Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдирген. Ал эми укук коргоочу өзү көзү тирүү кезинде бир нече кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайылап уюштурганын, айыбы жок экенин айткан.

Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сындаган билдирүүлөрдү таратышты.

Аскаровдун сөөгү жакындарына берилип, Өзбекстанга коюлган. Байбичеси Хадича Аскарова укук коргоочу өмүрүнүн аягына чейин ага карата адилеттик орноп, абактан бошотуларына ишенгенин айтып берген:

«Мен аягына чейин күрөшөм. Күйөмдүн акталышын эми мен талап кылам. Сотторго барып турам».

2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана калыс сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген. Ушул маалыматка таянган Аскаровдун жесири Хадича Аскарова бийлик кенемте төлөп бериши керек деп эсептейт.

20-августта Бишкек шаардык соту укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө каршы жазган доо арызын карады. Натыйжада мурунку сот бутагынын «бул иште өкмөт жоопкер эмес» деген чечимин күчүндө калтырды. Аскаров былтыр кыргыз өкмөтүн «БУУнун сунуштарын эске албай, чечимин аткарбай жатат» деген жүйө менен сот берген.

Азимжан Аскаровдун укугун коргоп келген «Бир дүйнө - Кыргызстан» уюму укук коргоочуга карата Бишкек шаардык соту чыгарган чечимге каршы Жогорку сотко кайрылган.

69 жаштагы Азимжан Аскаров быйыл 25-июлда түрмөдө пневмониядан каза болгон. БУУнун Адам укуктары боюнча Башкы комиссариаты Аскаровдун өлүмү боюнча көз каранды эмес иликтөө жүргүзүү зарыл экенин жана анын үй-бүлөсү бийликтен кенемте өндүрүп алууга укугу болгонун 28-июлда Женевада билдирген. Ошондой эле Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар да кыргыз бийлигин сындаган билдирүүлөрдү таратышкан.

Жакында эле укук коргоочулар пандемия шартында жабык мекемелердеги адамдардын укугун иликтеп чыгышкан. «Бир дүйнө – Кыргызстан» уюмунун, Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери жана Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү түзөтүү колонияларын кыдырып, COVID-19дун алдын алуу чаралары тууралуу иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялашкан. Иликтөөдө №47 колонияга 1000ге жакын адам пневмония менен кайрылганы жана алты адам каза болгону жазылган.

Ал эми «Кыйноого каршы коалиция» уюму быйыл май айында жарыяланган мунапыс өз максатына жеткен жок деп эсептейт. Декабрдын башында уюм мунапыс тууралуу мыйзам долбоору жазылып жатканда 3 миңден ашуун киши жөнүндө айтылганын, бирок иш жүзүндө 959 адам мунапыс алганын билдирген.

Деген менен жарандык активисттер мунапыс менен бошогон адамдар тууралуу маалымат берүүнү талап кылышкан. Алар мунапыс алгандардын арасында оор кылмыш жасагандар болушу ыктымал деп күмөн санаганын билдиришкен. Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп турганда абактан 200дөн ашуун адам бошотулган болчу.

Быйылкы жыл соттордун чечимине нааразы болгон учурлар менен да эсте калды. Февраль айында дарыканадан 25 миң сом уурдаган адамды сот беш жылга эркинен ажыраткан. Коомчулук ал адам адеп ооруган баласына дары сурап келгенин эске албай катаал чара көрүлгөнүнө нааразы болгон.

Чыгарган чечими үчүн коомчулуктун нааразылыгына судьялар Айбек Эрнис уулу жана Сабыр Содонбеков да кабылды. Буга эки учурда тең соттор өспүрүм кыздарды зордуктоо боюнча шектүү адамдарды актап койгону себеп болгон. Адистер ушул сыяктуу учурлар элдин сот системасына болгон ишенимин азайтканын айтышат.

Кыргызстандагы адам укугунун абалы эл аралык уюмдардын да назарында болуп келе жатат. 10-декабрда эл аралык «Human Rights Watch» уюму атайын отчётун жарыялады. Анда Кыргызстанда майыптыгы бар миңдеген балдар атайын жайларга бөлүнүп, толук медициналык жардам албай, билим алууга болгон укуктары чектелип жатканы белгиленген.

«Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстанда майып балдардын сапаттуу инклюзивдик билим алууга мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирди. 74 беттик баяндамада Кыргызстан Майыптардын укуктары боюнча конвенцияны ратификациялаганына карабай, майып өспүрүмдөрдүн укуктары бузулган учурлар арбын экени белгиленген.

«Кыргыз өкмөтү инклюзивдик билим берүүнү камсыз кылууга кепилдик берген. Бул мүмкүнчүлүгү чектелген балдар кадимки мектептерде билим алгандай болушу керек деген сөз»,- деп билдирди «Human Rights Watch» уюмунун изилдөөчүсү, баяндаманын автору Лора Миллс.

Баяндамада кыргыз өкмөтү 2012-жылы өлкөдөгү 17 балдар үйүн, анын ичинде майып балдар жашаган үч үйдү жабууга убада бергени эскертилген. Бирок учурда 300дөн ашык майып бала балдар үйлөрүндө жашап жатканы айтылган. Өкмөт бир гана атайын мектеп-интернатты жабууга жетишкен.

Жогоруда айтылгандай, пандемия Кыргызстандагы адам укуктары жаатындагы абалга терс таасирин тийгизди. Коронавирус илдети Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагындагы алешемдиктерди да ачыкка чыгарды.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG