Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 20:52

«Журналисттерге каршы чабуулдар иликтениши керек»


Иллюстрациялык сүрөт.

ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча кеңсесинин байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы президенттик шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу орто аралыктагы баяндамасын жарыялады. Анын чоо-жайы тууралуу суроолорго миссиянын жетекчиси Тамаш Месерич жооп берди.

- Тамаш мырза, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча кеңсесинин байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы ишин баштаганына он күндөн ашып калды. Сиздин баамыңызда өлкөдө президенттик шайлоо өнөктүгү кандай өтүп жатат? Кандайдын бир адаттан тыш жагдайларды байкадыңарбы?

- Ооба, бул жакта жүргөнүбүзгө он күндөн ашып калды. Биз узак мөөнөттүк байкоочуларды Кыргызстанга алып келдик. Бишкекте 15 командабыз бар. Мындан тышкары 11 командага бөлүнгөн узак мөөнөттүк байкоочулар Кыргызстандын бардык аймактарына жөнөтүлдү. Биз шайлоо өнөктүгүнө жаңыдан гана байкоо жүргүзө баштадык. Дагы бир топ убакыт бар.

Азырынча бир маанилүү жагдайды байкадык. Бул өнөктүк жай жана тынч башталды. Эми гана экинчи баскычына көтөрүлө баштады окшойт. Анын үстүнө бул ирет үгүт өнөктүгүнүн мөөнөтү да чектелүү эмеспи.

Башка шайлоолорго салыштырмалуу бул өнөктүк жайыраак жүрүп жатат. Буга коронавирус да себеп болушу мүмкүн. Мындан тышкары быйыл шайлоо башка жыл мезгилинде да өтүп жатат.

- Сиздер орто аралыктагы соңку баяндамаңарда да шайлоо өнөктүгү чектелүү экенин белгиледиңер. Мындай жагдайдын кандайдыр бир саясий себептери жокпу?

Эл аралык байкоочулар миссиясынын жетекчиси Тамаш.
Эл аралык байкоочулар миссиясынын жетекчиси Тамаш.

- Менин жоромолум боюнча, Кыргызстан жакында эле узакка созулган парламенттик шайлоо өнөктүгүн баштан өткөрбөдүбү. Андыктан бул ирет бардык негизги оюнчуларга кошумча дем-күч табууга туура келүүдө. Бул шайлоо өнөктүгүнүн чектелүү болушунун бир себеби. Мындан башка саясий себептерди деле айта албайм. Баарынан мурда бул абдан маанилүү шайлоо. Аны бардыгы түшүнүп турушат.

- Соңку баяндамаңызда журналисттерге байланыштуу бир жагдайга басым жасадыңыз. Анда Кыргызстанда журналисттер чабуулга кабылып жатканына тынчсызданууңузду билдирдиңиз. Шайлоо өнөктүгүндө бул маселе канчалык кеңири байкалып жатат?

- Орто аралыктагы баяндамабызда айтылган бул окуялар иликтениши керек. Журналисттер физикалык чабуулга кабылганын өнөктүк маалында байкай элекпиз. Бирок оозеки коркутуп-үркүтүү уланып жатат. Мындай маалыматтын бир бөлүгүн биз баарлашкан адамдардан алдык.

Негизги тынчсыздануу журналисттердин коопсуздугуна байланыштуу. Эгер журналисттер өздөрүн коопсуз сезбесе, жыйындарга барбайт. Коомчулукка керектүү маалыматтарды жеткире албай калат. Онлайн чабуулдардан улам журналисттер көргөндөрүн ачык айтып чыкпай коюшу мүмкүн. Натыйжада жалпы коомчулук керектүү маалыматтан куру калат.

- Октябрь айынын башындагы парламенттик шайлоо добуш сатып алуу жана административдик ресурсту колдонуу аракеттери менен коштолгону белгилүү. Бул жолку шайлоодо ал маселелер байкалбайбы?

- Биздин байкообуз аягына чыга элек. Ишибиз башталганына бир нече күн гана болду. Андыктан бул жолку шайлоо өнөктүгү боюнча акыркы тыянагыбызды чыгара элекпиз. Биз түрдүү адамдар менен сүйлөшүп жатабыз. Алар жогорудагы дооматтардын айрымдары тууралуу сөз кылып жатышат. Биз андай маалыматтарды изилдеп, узак мөөнөттүк байкоочуларыбыздан тактап жатабыз. Азыр бул иш аягына чыга элек.

Октябрь айындагы шайлоодо добуш сатып алуу маселе жаратканы бышык. Азырынча бул маселе президенттик шайлоо үчүн чоң көйгөй эмес. Байкоочуларыбыздын маалыматын көрө жатарбыз.

Талапкер Садыр Жапаров менен жолугушууга келген эл. Баткен шаары, 2-ноябрь, 2020-жыл.
Талапкер Садыр Жапаров менен жолугушууга келген эл. Баткен шаары, 2-ноябрь, 2020-жыл.

- Учурда рекорддук сандагы же 18 талапкер президенттик үчүн ат салышууда. Алардын ар бирине бирдей шарт түзүлгөн деп айта алабызбы?

- Шайлоого чейин дагы 17 күн бар. Азыр кандайдыр бир баа берүүгө эрте. Бирок биз бул маселеге байланыштуу мыйзамдык жоболорду изилдеп жатабыз. Анын жыйынтыгы да чыга элек. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өнөктүгүн тескөөгө байланыштуу биз үчүн так болбой жаткан бир катар жагдайлар бар. Толук айта албайм.

- Кыргызстан 10-январда президенттик шайлоо менен кошо мамлекеттик башкаруу формасын аныктай турган референдум өткөргөнү жатат. Референдумга коюлган суроо боюнча элге толук маалымат берилип жатабы?

- Мунун эки жагы бар. Биринчиден, элдин кызыгуусу бар. Себеби бул маселе коомчулукта бир топтон бери эле талкууланып келет. Таптакыр жаңы маселе эмес.

Ошол эле учурда Кыргызстандын медиа айдыңы абдан жандуу. Андыктан жеке өзүм көргөндөй, маалымат каражаттарында референдум маселеси кыйла эле көп чагылдырылып жатат.

Ошол эле учурда Венеция комиссиясы сыяктуу эл аралык уюмдардын бул маселе боюнча бир катар кеп-кеңештери бар. Алар адатта референдумду башка бир шайлоо менен кошо өткөрүүнү сунуш кылышпайт. Бирок бул сунуштарды аткаруу милдеттүү эмес.

- ЕККУнун байкоочулары 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо добуш сатып алуу маселе жаратканын өздөрүнүн баштапкы баяндамасында ​белгилешкен. Аны эске албаганда уюмдун тыянагында октябрдагы шайлоого жалпысынан оң эле баа берилгендей эле болгон. Бирок ошол шайлоо элдик толкундоого себеп болбодубу. ЕККУнун байкоочуларынын кырдаалга так баа берүүчү каражаттары жетиштүүбү?

- Биринчиден, баштапкы баяндамабыз абдан жакшы маанайда болгон деп айта албайм. Себеби анда добуш сатып алуунун кеңири катталганы кескин сынга алынган. Албетте, биз өз жол-жоболорубузду жана техникабызды дайыма жаңылап, кайра карап чыгып турабыз. Добуш сатып алуу маселе жаратканы бышык. Мындай көрүнүш алдыдагы шайлоого да тиешелүү деп азыр айта албайбыз.

Ал кезде өзүм бул жакта болбосом да, түшүнгөнүмө караганда, андагы нааразылыктын бир себеби шайлоо босогосуна байланыштуу болчу. Бир нече партиялар босого чектен аз гана айырма менен өтпөй калышкан. Бул кыжырдануу жараткан жагдай. Венеция комиссиясы да чекти жогорулатуу демократиялык нормаларга шайкеш келбейт деп билдирген. Бирок бул маселе алдыдагы президенттик шайлоого тиешелүү эмес.

Арашан айылындагы жергиликтүү шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү. 3-октябрь, 2020-жыл.
Арашан айылындагы жергиликтүү шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү. 3-октябрь, 2020-жыл.

Ошентсе да бизде шайлоолорго байкоо жүргүзүш үчүн керектүү тажрыйба жана тиешелүү каражаттар бар деп ишенем. Тыянак чыгарыш үчүн биз адистер менен да баарлашабыз. Алар кандай ойлорду айтса да биз акыры келип өзүбүз күбө болгон жагдайлардын негизинде бүтүм чыгарабыз.

Биз азыр маектешип жаткан чакта биздин байкоочулар жер-жерлерде бийлик өкүлдөрү, өкмөттүк эмес уюмдардын мүчөлөрү сыяктуу тиешелүү тараптар менен баарлашып жатышат. Бул ыкма менен кыйла көп маалымат топтоп койдук.

- Пандемияга байланыштуу ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча кеңсесинин байкоочуларынын саны чектелүү экени белгилүү. Учурда канча байкоочу иштеп жатканын, алардын акыркы тыянагы качан чыгарын түшүндүрө кетесизби?

- COVID-19га байланыштуу кырдаалдан улам биздин байкоочуларыбызды саны чектелүү. Бул - ЕККУнун коронавирус инфекциясы тарагандан бери иштеп жаткан жалпы эрежеси. Ага ылайык, бизде шайлоо күнү иштей турган кыска мөөнөттүк байкоочуларыбыз болбойт.

Бул биринчиден, логистикалык кыйынчылыктарга байланыштуу. Ушундай шартта жоон топ байкоочуларды алып келүү оңой эмес. Мындан тышкары кишилер көбөйгөн сайын вирусту өлкөгө алып кирүү тобокелчилиги да жогорулайт. Бул Кыргызстандын коопсуздугу үчүн да маанилүү. Бирок мындай жагдай бизге ишенимдүү жана бейтарап корутунду чыгарууга тоскоол боло албайт.

11 команданын ичинде 22 байкоочу бар. Эки байкоочудан турган бул топтор аймактарда иштеп жатышат. Алар жалпы өнөктүккө көз салышат жана шайлоо күнү да иштешет. Шайлоодон кийинки кырдаалга да байкоо жүргүзүшөт.

Биз шайлоонун эртеси алдын-ала корутундубузду жарыялайбыз. Ал корутундуда шайлоо бүткөнгө чейинки абал камтылат. Албетте, шайлоодон кийинки кырдаал да маанилүү. Биз ага да байкоо жүргүзөбүз. Акыркы тыянагыбызды жана сунуштарыбызды шайлоодон эки ай өткөндөн кийин беребиз.

XS
SM
MD
LG