Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Социалдык кызматкер: Сузакта сабалган аял 2-топтогу майып


Видеодон алынган кадр.
Видеодон алынган кадр.

Бул маалыматты Сузак райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын өкүлү Абдикерим Мусаев 16-июнда Жалал-Абадда уюштурулган басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, сабалган аял бир нече жыл мурун жүрөгүнөн операция болгон.

Маалымат жыйыны “Дильраба жалгыз эмес” деп аталып, ага “Каниет” кризистик борборунун, “Акыйкаттык” уюмунун, “Данакер” майыптар коомунун, Сузак райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жана милициянын өкүлдөрү катышты.

Укук коргочулар жабыркаган аялды юридикалык коргоого алып, жергиликтүү бийлик түшүндүрүү иштерин күчөткөнүн билдирди. Облустук ички иштер башкармалыгы кордолгон аял тосмо арыз жазып бергенине карабай козголгон иш акырына чейин тергелип бүтөрүн маалымдады. Катышуучулар коомчулукту мындай иштерге кайдыгер карабай, үй-бүлөлүк зомбулукту токтотууга салым кошууга чакырды.

12-июнда социалдык тармактарда тараган видеодо эркек киши моюнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы көрсөтүлгөн. Окуя Сузакта болгону аныкталган.

Кийинчерээк 47 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул факт боюнча Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Күйөөсү сот чечими менен 15 суткага камалган.(RsK)

XS
SM
MD
LG