Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 4-апрель, 2020 Бишкек убактысы 10:50

Жүрүшкө чыккандарды милиция кармап кетти


8-март, 2020-жыл.

Бүгүн Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Бирок жүрүшкө чыккандарды милиция кармап кетти.

Алгач белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармай баштаган.

Милиция кармап кеткендердин арасында Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин жетекчиси Рита Карасартова, активист Алтын Капалова жана журналисттер бар экени кабарланды.

Кармалгандар Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө алып келинди. Райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев алар уруксат берилбеген жерде митинг өткөрүшкөнү үчүн кармалганын билдирди.

Жүрүшкө чыккандар зомбулукка кабылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:06 0:00


“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова Бишкекте зомбулукка каршы жүрүшкө чыккандардын кармалышын кескин сындады. Укук коргоочунун пикиринде, милиция Баш мыйзамда көрсөтүлгөн адам укугун бузду. Абдирасулова маршты өткөрүүгө бут тосуп, чатак чыгаргандарга чара көрүлбөгөнүнө нааразы болууда.

"Мыйзам боюнча милиция тынч жыйындын катышуучуларынын укугун коргошу керек болчу. Беткапчан келип кол салгандар кармалбастан, тынч жыйынга чыккан аялдардын кармалганы - мыйзамды одоно түрдө бузуу. Бизде бийлик, мыйзам барбы? Анда “Кырк чоро” бийликти алып расмий башкарсын!".

Аялдардын эл аралык күнүнө карата белгиленген жүрүштө аялдардын укуктары, гендердик теңдик жөнүндө маалыматтар айтылмак. Жөө жүрүштү активисттерден турган демилгелүү топ уюштуруп жаткан.

Аялдардын маршында кармалгандар бошотулду

Бул тууралуу «Азаттыкка» укук коргоочу Динара Ошурахунова маалымдады.

"Кээ бири түшүнүк кат жазышты. Айрымдарын жөн эле бошотушту, балким паспортундагы маалыматтарды жазып калса керек. Ал эми айрым уюштуруучулар «милицияга баш берген жок» деген негизде кармалган экен. Бирок милиция ал жакка келип «тарагыла» деп айткан эмес.

Укук коргоочунун айтымында, милиция марштын элүүдөй катышуучусун автобуска салып кеткен.

Мунун алдында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Ички иштер министрлигинин жетекчилиги менен байланышып, кармалгандарды бошотууну суранганын "Азаттыкка" билдирген.

Буга чейин жергиликтүү соттор Биринчи май, Ленин, Октябрь райондорунун бийликтеринин арызынын негизинде расмий эмес иш-чараларды, анын ичинде марштарды, митингдерди өткөрүүгө 1-июлга чейин чектөө киргизген. Мындай чечимдер арыз берген тараптардын коронавирустун жайылышына жана массалык башаламандыкка жол бербөө өтүнүчүнө ылайык кабыл алынган.

Бирок Бишкек мэри Азиз Суракматов коомчулуктун пикирин эске алып, борбор калаанын айрым райондорунда тынч жыйындарга тыюу салуу чечимине каршы экенин маалымдаган.

Ош шаарында да жүрүш өтпөй калды

Ош шаарындагы "Новый ритм" коомдук бирикмеси 8-мартта жөө жүрүш өткөрүүнү пландаган. Бирок жергиликтүү бийлик маршка тыюу салган. Ошол себептен бул күнү бирикменин кеңсесинде юристтердин, психологдордун, сексуалдык жана репродуктивдик укук боюнча адистердин катышуусунда жыйын өтүп, ага 30га чукул адам катышып жатат.

7-мартта "Новый ритмдин" төрайымы Гүлиза Абдыжапарова тилектештик маршын өткөрүү демилгесине байланыштуу "мамлекеттик органдар коркутту" деп "Азаттык" радиосуна билдирген.

"Мэриядан чалып коркутушту. "Колуңарды кайрып алып кетебиз" дешти. Артынан эле Ош ШИИБден чалышты. "Эгерде чыга турган болсоңор силер менен башкача сүйлөшөм. Юристти алып кеңсеме" кел деди. Милициянын кызматкери "Чыкпайсыңар, эгер чыксаңар, силерге бир нерсе болот. Биз силердин коопсуздугуңарга жооп бербейбиз" деп айтты", - деди Абдыжапарова.


Ош ШИИБ бул маалыматты териштирүүдө, ал эми мэрия коркутуу тууралуу дооматты четке какты.

"Новый ритм" коомдук уюму 2014-жылы негизделген. Уюм аялдардын укугунун сакталышына, гендердик теңчиликке арналган иш-чараларды өткөрүп келет. 2017-жылдан бери жыл сайын 8-мартта жүрүшкө чыгышат.

Үй-бүлөдөгү зомбулук тыйылган жок

8-мартка белгиленген жөө жүрүш коомдун көңүлүн үй-бүлөдөгү зомбулукка буруу максатын көздөмөк. Статистика боюнча үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жыл сайын өсүп баратат. Укук коргоо органдарынын кылмышкерди жазалоо жана кылмыштын алдын алуу боюнча иши чабал экени сынга алынып келет.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2012-жылы бүй-бүлөдөгү зомбулук боюнча 2415 окуя катталса, 2017-жылы - 7114гө, ал эми 2019-жылы бул көрсөткүч - 8159га жеткен. Ушул жылдын январь айында эле эркектердин зомбулугунан үч аял өлүп, бирөө оор абалда ооруканада жатат.


Ички иштер министринин орун басары Памирбек Асанов 2019-жылы "убактылуу коргоо" ордери 6145 үй-бүлөгө берилгенин, жалпы эле үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8159 арыз катталганын, анын ичинен 554 иш сотко жеткенин, 7045 жабыркоочу тергөө амалдары жүрүп жатканда зомбулук кылган адамга кечирим берип, арызын кайтарып алганын, учурда 560 иш тергелип жатканын маалымдаган.

Жаңы мыйзам эрежелери боюнча үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка учураган жаранга "убактылуу коргоо" ордери аймактык тескөөчү тарабынан үч күндөн отуз күнгө чейин мөөнөткө берилет.

Демократиялык процесстерди иликтөө борборунун адиси, үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча эксперт Гүлбарчын Жумабаева буларды белгилейт:

"Зомбулук, ур-токмоктон каза болгон келиндердин өлүмүнө биринчи кезекте айланасындагы адамдар ата-энеси, туугандары, кошуна-колоң жана коом күнөөлүү. Бизде күйөөсүнөн кордук көрүп келген келинди биринчи кезекте өз ата-энеси, туугандары “кандай болсо да жаша” деп кабыл албайт, кайра кыйналып турган аялга психологиялык басым жасашат. Коомдо “аял үй-бүлөлүү болушу керек” деген көз караш күчтүү".

Аялдарды саясатка жолотпогон мамиле

Кыргызстанда аялдардын саясаттагы орду, маанилүү чечимдерди кабыл алууга аялдардын катышуусу да көп талкууланган темалардын бири.

Былтыр Жогорку Кеңеш кабыл алган “Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө президент Сооронбай Жээнбеков 13-августта кол койгон.

Бул мыйзамга ылайык, жергиликтүү кеңеште 30 пайыздык квота аялдар үчүн резервде сакталат.


Мыйзамдын демилгечилеринин бири, вице-спикер Аида Касымалиеванын баамында, аял саясатчылардын чыкпай жатканына коомдун таасири чоң.

"Биздин коомдо саясатчы аялдарга болгон мамиле негизинен жакшы. Себеби бизде аял президент да болгон, аял башкаруучулар да бар. Бирок баары бир аялдар саясатта өзүнүн толук дараметин ача элек, баары бир экинчи планга түртүлүп калгандай сезилет. Саясаттагы эркектердин мамилеси да ошого себеп болот деп эсептейм. Аял абдан күчтүү саясатчы болсо да ага басым боло берет. Аял саясатка келсе да "анын деңгээли, социалдык маселелер, билим берүү, медицина" деп чектеп коюшкан".

Эксперттердин маалыматына караганда, Кыргызстан боюнча ар бир бешинчи айылдык кеңеште аял депутаттар жок. Башкача айтканда, аялдар жергиликтүү кеңештердин курамынын 11% гана түзөт.

Өндүрүштү көтөргөн аялдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:07 0:00

Эксперт Чынара Эсенгулдун баамында, аялдар саясатка аралашып, жакшы жыйынтык көрсөтүп жатканы менен, алардын коомдогу образы эски түшүнүктөргө байланып, диний таасирлерге да дуушар болуп жатат.

"Советтик доордогу көз караштар, мурдагы баалуулуктар жана биздин өзүбүздүн улуттук баалуулуктар деп жатышпайбы, ошого да кайрылып түшүнгөнгө аракет кылып жаткан кезде көбү эски көз карашты карманышат. Диний көз караштар күч алып жатканы да кошул-ташыл болуп жатат. Коомдо "аял жумушун да, үйүн да алып кете албайт, бул туура эмес" деген көз караштар басымдуулук кылат. Ошол эле учурда Бишкек жана Ошто шаарларында либералдык көз караштагы, кенен ойлонгон, туура жактарын түшүнүп, аялдардын саясаттагы ордун түшүнгөн топтор да бар. Бирок андайлар аз болуп жатат".

Расмий маалымат боюнча, 2019-жылдын 1-январына карата Жогорку Кеңеште айымдар жалпы депутаттардын 16% түзөт. Ал эми жергиликтүү кеңештердин деңгээлинде айымдар – 10%, мамлекеттик кызматтагы аялдардын орду 42%, муниципалдык кызматта – 37% түзөт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2019-жылы республикадагы аялдардын саны 3,2 миллионду, же элдин 50,4 пайызын түзөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (84)

XS
SM
MD
LG