Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Сабалган баланын апасы тосмо арыз жазды


Сабалган бала.
Сабалган бала.

Чүйдө алты жашар бала катуу токмоктон улам ооруканага түштү. Баланы сабаган деп шек саналып, анын өгөй атасы кармалды. Сабалган баланын апасы күйөөсүнө доосу жок экенин билдирип, милицияга тосмо арыз жазды.

18-ноябрда Бишкектеги №3 балдар ооруканасына Сокулук районунун алты жаштагы тургуну түшкөн. Оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Жамила Анакеева бала оор абалда түшкөнүн жана дарыгерлер «катаал мамиле» деген негизде милицияга кайрылганын айтып берди:

«Мээси чайкалыптыр. Денесинде, көзүндө ур-токмоктон алган жарааттары бар болчу. Мындай учурда дарыгерлер дароо баланын тек-жайын, анын ден соолугу эмнеден жабыркаганын тактайбыз. Ошол учурда өгөй атасы урганы билинди. Биз дароо милицияга кайрылдык. Апасы баласын төрт күн карап жатты. Бир күн мурун үйгө суранып кетишти. Баланын абалы канааттандырарлык».

23-ноябрда алты жаштагы өгөй баласын сабаган деп шек саналган жаран кармалып, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Нургүл Нусупова билдирди:

«Сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүп, анын негизинде зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Бул боюнча сотко чейинки териштирүү иштери ИИМдин жана Чүй ОИИББнын жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынган».

Маалыматка караганда Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну алты жаштагы уулун жолдошу сабаганын айтып, арыз менен кайрылган. Окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси («Үй-бүлөдөгү зомбулук») боюнча катталып, чогултулган материал Сокулук райондук милициясына жиберилген.

Ушул эле күнү сабалган баланын апасы күйөөсүнө доосу жок экенин билдирип, милицияга тосмо арыз жазды. Аялдын юристи Шердор Абдыкапаров эненин чечимин мындайча түшүндүрдү:

«Баланын апасы «азыркы күйөөм менен жашайм» деп арыз жазып берди. Баланын абалы жакшы, азыр аны таенесине, Ат-Башыга алып кетишти. Энеси кош бойлуу болуп, өзү да ооругандыктан эч кандай комментарий бергиси келген жок».

Социалдык тармактарда көзү көгөрүп, бети кан жалаган баланын ооруканада жаткан сүрөтү тарап, кызуу талкууга түшкөн. Анын сабалышы Эл аралык балдар күнү белгиленип жаткан учурга туш келди.

Окуяны көзөмөлүнө алган «Балдар лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекова ушул тапта баланын укугун коргош үчүн координациялык кеңеш түзгөнүн билдирди:

«Биринчи кезекте баланын укугун коргош керек. Мындай уруп-сабоого жаш бала эмес, чоң адам чыдай албайт. Биз ушундан улам укук коргоочулар, Сокулук районунун жергиликтүү өкмөтү, соцкызматкерлер менен бирге кеңеш түздүк. Кеңештин аракетинен кийин уулун сабаган адам милицияга жеткирилди. Азыр баланын апасы менен иш алып барып жатышат. Мындай учурда коомчулуктун реакциясы да абдан маанилүү. Эгер социалдык тармакка бала тууралуу маалымат жазылбаганда ошол бойдон билинбей калмак».

Адистер бул сыяктуу окуялар дүйнөлүк пандемияга байланыштуу көбөйүп жатканын айтышууда.

Психолог Сейил Калдыбаева ата-энелер өз көйгөйүн чече албаганы үчүн баласына агрессивдүү мамиле жасабашы керек экенин белгиледи:

Сейил Калдыбаева.
Сейил Калдыбаева.

«Көбүнчө ачуусун сыртына чыгара албаган адам балага кол көтөрөт. Андай адамдын мотиви ар кандай болушу мүмкүн. Аялына басым көрсөтүү же өч алуу үчүн баласына асылгандар бар. Пандемия учурунда адамдардын психикасы да бузулуп, стресс болду. Адамдын ичинде жылуулук жок болсо башкага эмнени берет? Эң аянычтуусу - бала психикалык жактан жараат алды. Эми аны менен адистер тыгыз иштешкени жакшы. Андай болбосо келечегине терс таасирин тийгизет. Баланы урган адамга да психолог керек».

Жакында эле Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жарыялаган иликтөөдө үй-бүлөдөгү зомбулук иштеринин 70% тараптардын келишип алышы менен токтогону көрсөтүлгөн.

Расмий маалыматтарга караганда, 2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5 миңден ашуун факты катталган. 580 иш сотко чейинки териштирүүгө алынган.

Мыйзам боюнча үй-бүлө зомбулугу үчүн айыпталуучу 15 күндөн 5-7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бирок «Зомбулук» беренеси менен сотко чейин жеткен учурлар жокко эсе.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2019-жылы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине жашы жете элек балдарга каршы жасалган 2462 кылмыш фактысы катталган. Анын ичинен 184и оор, 36сы өзгөчө оор кылмыштар.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG