Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:02

Жогорку сот Азимжан Аскаровдун ишин карайт


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Бүгүн, 22-октябрда Жогорку сот укук коргоочу, маркум Азимжан Аскаровдун иши боюнча маркумдун жесиринин кассациялык арызын карайт.

Бишкек шаардык сотунун быйыл 20-августта Аскаровдун тирүү кезинде өкмөткө каршы апелляциялык доо арызын карап, административдик соттун чечимин күчүндө калтырган.

Ага чейин 12-июнда Бишкектин административдик соту «иштин алкагындагы талашта өкмөт жооптуу эмес» деген жүйө менен Аскаровдун доо арызын өндүрүштөн кыскарткан. Маркумдун жубайы Хадича Аскарова Бишкек шаардык сотунун Азимжан Аскаров боюнча чечимине каршы Жогорку сотко кайрылган.

Аскаровдун укуктарын коргоп келген «Бир дүйнө Кыргызстан» уюму кыргыз өкмөтүн «БУУнун сунуштарын эске албай, чечимин аткарбай жатат» деп күнөөлөп келет. Уюм 21-октябрда тараткан билдирүүдө Бишкек шаардык сотунун чечими Азимжан Аскаровдун жубайынын укугун чектей турганын билдирген.

«Кыргызстандын Конституциясы боюнча өлкөдө адам укуктары жана эркиндиги жогорку баалуулуктар болуп саналат. Бул бардык мамлекеттик органдардын, мамлекеттик кызматкерлердин ишмердүүлүгүн аныктап турат», деп жазылган билдирүүдө.

«Бир дүйнө - Кыргызстан» башка эл аралык өнөктөш уюмдар менен кошо Азимжан Аскаровдун укуктарын коргоону уланта бермекчи. Уюм укук коргоочунун өлүмүн иликтөө иши да үч айдан ашуун убактан бери созулуп жатканына кабатыр экенин билдирген.

2010-жылдагы июнь окуяларында жапырт башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 69 жаштагы Азимжан Аскаров быйыл 25-июлда түрмөдө пневмониядан каза болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG