Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 13:45

Будамайлоочул аң-сезим үчүн Жогорку Кеңеште орун жок


Айрым шайлоочулар "бардык партияларга каршы добуш бергиле!" деген ж.б. ураандарды чакырып, "Ала-Тоо" аянтына жыйынга чогулушту. Бишкек. 2020-жылдын 23-сентябры.

Мыйзам чыгаруу менен алектенчү бийлик бутагына туура адистерди шайлоо – өлкө болочогун аныктай турган өзөккү арга. Түркияда байырлаган жаш илимпоз Элмурат Кочкор уулунун блогу.

Жаалданган жоон топтун канчалык кооптуу экенин кайра баштан өткөргөн соң, дагы бир жолу аңдагандай болгонсудук. Алардын айрымдары койгон радикалдуу талаптардан улам мамлекет жана мамлекеттүүлүк кыска жана узак мөөнөттүү көптөгөн кесепеттерге учурады... Коомдук аң-сезимдин өсүүсүнө, маданий иш-чараларга акча сарптагандан жылдар бою жаа бою качкандар, ошонун натыйжасында пайда болгон, ал топко бир нерсени түшүндүрүп, тынч-аман үйүндө отуруусун камсыздай албай уйкусу качып олтурат.

«Түркөйлүктүн оту өрттөбөгөн токой болбойт», – деп түрк жазуучусу Рыфат Неждет Эвример таамай айткан экен, көрсө. Бүгүнгө чейин диний маанидеги фанатизмдин, радикализмдин себептери, кесепеттери тууралуу кеп кылып келем. Аң-сезим артта калган соң бардык эле жаатта окшош натыйжа берет тура.

Эгемендүүлүктөн тарта уланып келе жаткан саясий жараянга болгон жарандык катыш акыл-эстүүлүккө караганда көбүнесе фанаттык жана радикалдык тариздеги негиздерге таянды. Диний мааниде бир диний лидердин айтканына гана ынанып, анын айткандарын анализдебей акыйкат катары кабылдоо канчалык кооптуу болсо, саясий маанидеги фанаттык берилүү да кудум ошончолук кооптуу жана опурталдуу...

Так ушундай эле диний маанидеги радикализм менен саясий маанидеги радикализмдин айырмасы жок. Экөөндө тең көпчүлүктүн тагдыры чийки аң-сезимдин кадамдары менен белгиленип калат... Гётеге таяндырылган төмөнкү накыл сөздө мындай абал таамай бааланыптыр: «Эч бир нерсе ишке киришкен караңгылыктан/түркөйлүктөн дагы да коркунучтуураак боло албайт.

Кыжырды кайнаткан куулук

Эми бул маселенин бир жагы. Тактап айтканда, караламан топ толугу менен эле кээ бир саясатчылардын багыттоолору менен ызы-чуу чыгарган жок. Эгемендүүлүктөн берки саясий жараяндагы чабалдыктар, жасалмалуулук деле карапайым элди жетиштүү деңгээлде толкутуп, ыңкылапка чакырып койду...

Ал эми бийликке шарт коюп, кара күч менен кыска жолдон максат-муратына жетүүнү самап, абалды пайдаланып кеткиси келген тараптар үчүн бир тал ширеңкени күйгүзүп жерге таштап коюу гана жетиштүү экенин баамдап келатабыз.

Саясий төңкөрүш жана элдик ыңкылап учурунда кулаган бийликтин актанганга моралдык акысы дээрлик эч калбайт. Эгерде өкмөт өзүнүн ишмердүүлүгүндө жок дегенде элдин назарында «канааттандыраарлык» деген баа ала алса, балким төңкөрүш жасоо же ыңкылапка чыгуу Ала-Тоодо адатка айланмак эместир.

Дегиңкиси, бийликти күч менен тартып алуунун өзү туура эмес. Бирок, ошол эле учурда, эки жүздүү жана жемкор бийлик төбөлдөрүнүн: «Бийликти күч менен тартып албагыла, бардыгы мыйзам жолу менен чечилет», – деген сөзүнө да эч ким ынанбай калгандыктан, бедели таптакыр түшкөн бийлик ээлеринин мыйзам талаасына кайтууга чакырыктары мындай саясий бурулуш маалында жооп таппай калат тура.

Мындай абалдын жаралышына, албетте, биринчи кезекте бийлик өзү жоопкер деп дагы баса белгилейбиз. Анткени төбөлдөр өлкөдө мыйзам чегинде адилеттүү иш алып баруу мүмкүн экендигин жетиштүү өрнөктөр менен көрсөтүп бере алышпады. Тескерисинче, алардын көптөгөн мыйзамсыз иштерге бөгөт коё албагандыгы, элдин купулуна толгон чара көрө албагандыгы шайлоону бурмалоо жүрүмүндө айрыкча ашкереленип калды.

Бийликтеги төбөлдөр шайлоо маалында так ошол «мыйзамдуу» администрациялык кысым жолу менен да, көпөстүн калың капчыгына таянган түрдүү жемкорлук «өрнөктөрү» аркылуу да ого бетер ашынгандык жана тоотпостук мамилесин айгинелетип берди окшойт...

Бул –– мурдагы көз боёмочулуктун уландысы эле... Тактап айтканда, мыйзамдар бийликтеги белгилүү жука катмардын пайдасына иштей бере тургандай кылып жазылып, атайылап сокур жерлерди кошуп ишке салып алган соң, «мыйзамдуу» кылмыштарга жол эч бөгөтсүз ачыла берет эмеспи.

Мисалга, мурдагы саламаттык сактоо министри 82 000 доллар каражат сарптап өзүн ташып жүрө турган автоунаа сатып алуу үчүн Дүйнөлүк банкка кат жазгандыгы маселеси учурунда көтөрүлгөн болчу.

Жогорку Кеңештин депутаты: «...Өлкөдөгү медицинанын абалын эске алганда, ошончо акчаны министрди ташып жүрө турган унаага сарптаганга камданганыңыз үчүн моралдык жоопкерчилик сезесизби? Ушул туурабы?» – деген мааниде суроо узаткан. Министр: «Бардыгы мыйзам чегинде болду», – деп гана аксымданып жообун кайталап тура берген.

Жыйынтыгы жарабай калган соңку парламенттик шайлоонун үгүт иштери жүрүп жатканда, партиянын жетекчилери жана өкүлдөрү сыналгыдагы дебатта жолугушуп, бири экинчисине № 2 форма мүмкүнчүлүгүн колдонуп, амалкөйлүк менен шайлоого чейин эле жарым миллион шайлоочуну ар кайсы жакка көчүрүп, добуштарын алдын ала энчилеп алгандыгын, мунун адилетсиз болуп калгандыгын айтты.

Экинчи тарап кылган ишинин «мыйзамга туура келээрин», арыз-доо болсо мыйзам чегинде чара көрүлөөрүн айтып, мыйзам менен атаандашынын «тилин байлаганга» жетишти... Менин баамдашымча, бул экинчи тарап: «Моралдык, адептик норманын бузулгандыгы, элдин тандоосу менен ойноо кеп эмес. Мыйзамга туура келсе эле боло берет», – деген ойду айткансыды... Ал «Кыргыздар көчмөн эл да» – деп кошумчалап, шылдыңдаган, саясий атаандашын теңине албаган маңыздагы жообун шардана кылды. Ал өзүнө ылайыктап кыйшайтып жазып алган «мыйзамына» ишенип, элдин каалоо-тилегине кожолук кылгандан ырахаттанды. Бул жагдай өлкөдө моралдык кош стандарт жаатында абалдын ушунчалык начарлап кеткенин даана көрсөттү.

Бул эки мисалдан айгинеленгендей, бийликке жана эки жүздүү турумга таянган саясий тараптар өз кызыкчылыгы үчүн жаратылган ар кандай мыйзамдын артына жашынганга маш. Саясий жашообуздагы чыңалуунун эң башкы себептеринен бири –– дал ушул эки жүздүүлүктүн мыйзамдары деп ойлойм.

Өзгөчө баса белгилесек, аткаминер менен карапайым элдин ортосундагы гармониянын жоктугунун жана элдик ыңкылапка жана ар кандай төңкөрүшкө кириптер кылчу жүрүмдүн түпкүрүндө дал ушул элге каршы жана чийки мыйзам чыгаруу жана бийликтин ушундай бир беткей мыйзам менен эрежелерге таянуу тажрыйбасы турат.

Төңкөрүшкө жана элдик толкундоолорго жигердүү катышкан калың элдин бардыгы тең эле куу саясатчыларга алданганынан селдей болуп агып жаткандыгына ишенүү кыйын. Эл бийликтен күткөн минималдуу ийгиликти көрө албай, тескерисинче кыңыр иштери көбөйүп кеткен учурда деле калайыктын бир бөлүгү былк этпей тура бергенин көрүп, жарандык коомдун жигердүү өкүлдөрү бук болуп калып жатат.

Так ушундай кездерде, элдин мүдөөсүн аңдаган саясатчылар алардын моокуму кана турган кылып сүйлөп койсо эле, аларды мамлекеттин куткаруучусу катары көрүп, чоң үйдү бошотуп бергиси келип тийиштүү даректи карай жөнөөгө даяр топтордун арасында, албетте, жаштардын өкүлдөрү арбын болоору бышык.

Мыйзам, кылдаттык, ак ниеттүүлүк

Демек, маселе, эң башта оюндун эрежелерин, мыйзамды жазуу ишине кылдат мамиле кылууда деп эсептейм. Негизи, мыйзам аркылуу теңдикти, адилеттүүлүктү, жалпы мекендештердин жыргалчылыгын кепилдикке алуу аракети жасалышы күтүлөт. Эл мыйзамдуулуктан ошону күтөт.

Андыктан калктын көөдөнү, жүрөгүнүн түпкүрүндө эңсегени менен эсептешпестен жазылган бир беткей мыйзам канчалык сиңимдүү болот? Мындай маңыздагы мыйзамдар эл менен бийликтин ортосундагы көпүрөнү бүлүндүрүү кызматын канчалык деңгээлде аткара алат? Ким калыстыктан тайган бул мыйзамды сыйлайт?

Арам ниетке кызмат кылган «мыйзамдын» артына жашынып кыялдангандар узакка бара албай турганын билишсе кана, атаганат! Элдин көөдөнүндөгүсү менен мыйзамдын максаты, мүдөөсү бир болууга тийиш. Мына ошондо мыйзамды сыйлоо болот, эл менен бийликтин ортосундагы ымала жылыйт. Моралдык жана адептик принципке туура келген нерселер гана мыйзамдуу болууга тийиш. Мына ошондо «Элдин кызыкчылыгын өзүбүз саздаган «мыйзамдын» колу менен жайлай беребиз» деген маңыздагы пас түшүнүк жокко чыгарылат. Элдин көөдөнүнө туура келбеген, алардын терең кызыкчылыктары менен шайкеш келбеген мыйзамдарды кабыл алуу – элге чыккынчылык болуп эсептелет.

Дал ушул жерден эл өкүлү болуп Жогорку Кеңешке баруунун канчалык жоопкерчиликтүү иш экенин депутаттар (өзгөчө, «мен үчүн добуш берчү седепти басып койчу» деп өз кесиптешине кайрылгандар) дагы терең аңдоосу зарыл. Өлкөнүн тагдыры ошол жерде, азганактай эл өкүлдөрү үчүн (Кыргызстандын 6,5 миллиондуу калкы үчүн 120 депутат –– бир ууч эле киши) ар бир шайлоочу чоң үмүт менен добуш берип жатканда чечилип жатканын депутаттыкка талапкерлер да аңдашабы?

Элмурат Кочкор уулу.
Элмурат Кочкор уулу.

Мыйзам чыгаруудагы кыпындай ката кези келгенде коомду аска-зоодой зыянга учуратышы мүмкүн экендигин болочокку эл өкүлдөрүнүн бардыгы толук аңдашабы?

Келиңиздер, эң алгач «оюндун эрежелери» жазылчу жерге – Жогорку Кеңешке татыктуулаарды гана туура тандоого маани берели!..

Элмурат Кочкор уулу,

Түркия.

Ред.:

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG