Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:01

Коронавирус: Жаңы жыл алдындагы чаралар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жаңы жыл алдында дүйнөдөгү бир катар өлкөлөр кошумча чектөөлөрдү киргизүүдө. Мындай жол менен майрам алдындагы вирустун таралышынын алдын-алууга аракет кылып жатышат.

Бразилияда коронавируска байланыштуу Жаңы жылдын алдында Рио-де-Жанейродогу пляждар жабылат. Ага чейин шаар бийлиги Жаңы жылда жүз миңдеген адамдар чогулган атактуу Копакабана пляжын убактылуу жабууга буйрук берген. Быйыл майрамдык салют да атылбай турган болду. Ошентип, жыл жаңырганда миллиондогон туристтердин сүйүктүү жайына айланган Рио ээн болот.

Бразилия - дүйнөдө коронавирус көп жайылган өлкөлөрдүн бири. Жон Хопкинс университетинин санагы боюнча, бул өлкөдө пандемия башталгандан бери 7,5 миллиондой адам вирус жуктуруп, 191 миңден ашык адам каза болду.

Ага чейин Австралия бийлиги жарандарына Сиднейдеги атактуу фейерверкти үйдөн чыкпай көрүүнү сунуш кылган болчу. Дүйнөдөгү бир катар өлкөлөр майрамдык иш-чараларды азайтып жатат. Мисалы, Нью-Йоркто майрамдык программалар онлайн режиминде өтүп, социалдык тармактардан көрсөтүлөт.

Британияда аныкталган коронавирустун жаңы штаммы дагы эле бир катар өлкөлөрдө тынчсыздануу жаратууда. Учурда мындай мутацияланган вирус Европанын бир нече өлкөлөрүндө, Канадада, Иорданияда, Жапонияда табылды. Вирустун бул түрү мурдагыга салыштырмалуу тезирээк жайылат деп божомолдонууда.

Бирок эпидемиологдор коронавирустун жаңы түрү өтө коркунучтуу жана башка ооруларды козгойт деп шектенүүгө эч кандай далил жок экенин айтышууда. Алар вируска каршы вакциналар жаңы аныкталган штамм үчүн да натыйжалуу болот деген ишенимде турушат.

Лондондогу Империялык коллеждин иммунология боюнча профессору Дэнни Альманн Британиядагы эпидемиологиялык абал тууралуу буларды айтты:

«Азыр аябай олуттуу жана кооптуу учур болуп жатат. Биз январь айы аябай оор болорун, алдыда суук кыш турганын билгенбиз. Ошондуктан, дарыгерлер эс алууга кетпей, реанимациялык бөлүмдөр даяр болчу. Бирок ошондой болсо да биз дал ушундай ооруканаларга күч келген учурга даяр эмес экенбиз».

Буга чейин дүйнөдөгү бир катар өлкөлөр Британия менен каттамдарга чектөө киргизген. Акыркы Филиппин 29-декабрда 19 өлкөдөн келген адамдардын өлкө аймагына киришине тыюу салды. Бул чара 15-январга чейин уланат.

Орусиянын бийлиги да Улуу Британия менен аба каттамдарды токтотуу мөөнөтүн 12-январга чейин узартты. Ал эми Индияда болсо Британиядан келген алты адамдан жаңы штамм аныкталганы жана алар изоляцияга алынганы кабарланды. Бул өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Британия менен каттамдар айдын аягына чейин токтотулду. Бирок каттамдар токтогонго чейин эле миңдеген адамдар келип алышкан. Алардын ичинен 114 адамдан коронавирус аныкталганы жана учурда жаңы штаммга текшерилип жатканы кабарланды.

Венгриянын өкмөтү болсо Орусияда өндүрүлгөн «Sputnik V» вакцинасынан 6000 доза алганын жарыялады. Өлкөнүн тышкы иштер министри Петер Сиярто жергиликтүү эксперттер бул вакцинаны колдонуу боюнча иштерди жүргүзүп жатканын «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Евробиримдиктин эрежелерине ылайык, «Sputnik V» вакцинасы шаркеттин Дары-дармектерди көзөмөлдөө агенттигинин каттоосунан өтүшү керек. Азыркы убакта мындай чечим жок эле биримдиктин курамындагы Венгриянын орус вакцинасын алганы чектен чыккан кадам катары сыпатталып жатат.

Ал ортодо «Бир жылдан бери дүйнөнү түйшүккө салган пандемиядан эмне сабак алдык?» деген суроонун айланасында талкуулар күчөдү. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эпидемиологу Мария Ван Керкхове пандемияны биргелешип жеңүү боюнча буларды билдирди:

«Бул пандемиядан алчу сабагыбыз - баарыбыз бири-бирибизге маалымат берип күрөшүү болду. Биз мындан ары да олуттуу чакырыктарга даяр болушубуз керек. Биз пандемияда жоготкондорду эскерүү менен күн сайын жасап жаткан ишибизди мындан да мыкты аткарууга тийишпиз».

Жон Хопкинс университетинин санагы боюнча, 29-декабрга карата дүйнөдө 81 миллион адам вирусту жугузса, 1 миллион 776 миң адам көз жумду.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG