Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Британия коронавируска каршы «AstraZeneca» вакцинасын колдонууга уруксат берди


Британиянын бийлиги коронавируска каршы «AstraZeneca» компаниясы Оксфорд университети менен чогуу өндүргөн вакцинаны жалпы колдонууга уруксат берди. Бул СOVID-19 вирусуна каршы каттоодон өткөн экинчи препарат болуп калды. Буга чейин бул өлкө «Pfizer/BioNTech» вакцинасын каттоого алып, эмдөөнү баштаган.

Британ саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок жаңы вакцинанын жардамы менен өлкөдө пандемияны жазга карай жеңүү мүмкүнчүлүгү жаралганын билдирди. Жакынкы айларда өлкөдө эмделген адамдардын саны миллионго жетиши мүмкүн. Учурда кары-картаңдарга жана медкызматкерлерге вакцина сайылып жатат.

Өлкөнүн премьер-министри Борис Жонсон оксфорддук вакцинанын каттоодон өтүшүн фантастика жана британ илиминин жетишкендиги катары баалады.

Британияда жаңыдан катталган коронавирустун мутацияланган штаммы учурда тынчсыздануу жаратып, бир катар өлкөлөр каттамдарды токтотту. Вирустун бул түрү мурдагыга караганда тезирээк жугушу мүмкүн экени айтылган.

«AstraZeneca» компаниясы Оксфорд университети менен чогуу өндүргөн вакцина коронавируска каршы башка вакциналарга караганда арзан жана ташып жүрүүгө ыңгайлуу экени айтылган.

Британия бул вакцинаны колдонууга уруксат берген алгачкы өлкө болуп калды. 2021-жылдын аягына чейин компания 3 миллиард доза вакцина өндүрүүгө ниеттенүүдө.

Буга чейин дүйнөдөгү бир катар өлкөлөр «Pfizer/BioNTech» вакцинасын жана америкалык «Moderna» компаниясы өндүргөн вакцина менен калкты эмдөөгө уруксат берген.

Ал эми Орусия болсо «Спутник V» вакцинасын өндүрүп, коронавируска каршы эмдөөгө колдонууда.

XS
SM
MD
LG