Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:59

Казакстан вакцинасы коронавирустан 96% коргой турганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстан өзү жасаган «QazCovid-in» вакцинасынын натыйжалуугу тууралуу билдирди. Cаламаттык сактоо министри Марат Шоранов 28-декабрда брифингде берген маалыматка ылайык, клиникалык сыноо учурунда препарат дээрлик 96% чейин натыйжалуу экенин көрсөттү. Бирок министр казак вакцинасын жапырт колдонуу тууралуу айтуу эрте экенин эскертти.

Клиникалык база катары Алматы менен Тараз шаарларындагы ооруканалар тандалып алынган. Министр 21-декабрда орусиялык вакцина Караганды шаарында өндүрүлө баштаганын кошумчалады. «Азыр анын сапатын текшерүүгө жөнөтүлдү, январь айынын аягына чейин жыйынтыгы колубузга тиет», деди Шоранов.

Буга чейин казак бийлиги калкты жапырт эмдөөгө келерки жылдын башынан тартып киришерин билдирген. Анда препарат адегенде калктын аялуу катмарынын өкүлдөрүнө, дарыгерлерге, мугалимдерге жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине сайылары айтылган.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев орус вакцинасын өндүрүш үчүн атайын завод куруларын маалымдаган. Нур-Султан өз вакцинасын март айынан баштап чыгарганы жатат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19га каршы эки казакстандык вакцинаны өз тизмесине кошкон.

XS
SM
MD
LG