Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

Коронавирус тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна кабар берилгенине бир жыл болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Кытайдын бийлиги коронавирус жайылып жатканы боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДССУ) расмий кабар бергенине бир жыл болду.

2019-жылдын 31-декабрында ДССУнун Кытайдагы бюросуна Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында белгисиз түрдөгү өпкө кагыны менен бир нече адам ооруп жатканы тууралуу кабар түшкөн.

2020-жылдын 3-январында Кытай бийлиги жаңы вирус 44 адамдан табылганын, алардын 11и оор абалда экенин кабарлаган. Андан соң вирус тездик менен дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө тарап, март айында ДССУ аны пандемия деп жарыялаган.

Жонс Хопкинс университетинин санагы боюнча, азыркы маалга карата дүйнөдө вирус жугузгандар 82,5 миллион адамга жетсе, анын кесепетинен каза болгондор 1 миллион 800 миңге чамалады. 47 миллиондой адам вирустан айыгып чыкты.

Пандемиядан улам быйыл дүйнөдө Жаңы жыл алдында майрамдык иш-чаралар кыскартылып, чектөөлөр киргизилди.

Мындай кырдаалда Британияда жакында аныкталган коронавирустун жаңы түрү чочулоону күчөтүүдө. Мурдагыга караганда жугуштуу деп болжолдонгон жаңы штамм дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүндө табылды.

Ошол эле кезде коронавируска каршы вакцина өндүрүлүп, учурда бир нече өлкөдө эмдөө башталды.

XS
SM
MD
LG