Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:57

Тажикстан: камактагы оппозиционердин жакындары президентке кайрылышты


Махмурод Одинаев.
Махмурод Одинаев.

Тажикстанда ушу тушта камакта отурган Социал-демократиялык партиянын төрагасынын орун басары, оппозициячыл саясатчы Махмурод Одинаевдин аялы менен уулдары президентке кайрылышты.

Анда соттук териштирүүнү адилет жүргүзүүнү өтүнүшкөн. Азырынча Эмомали Рахмондун администрациясы үн ката элек.

Ушул айдын башында Гиссар шаардык соту Одинаевди эки айга камоо тууралуу өкүм чыгарган. Ага бейбаштык боюнча айып коюлган. Бирок саясатчынын тарапташтары анын камалашынын саясий өңүтү бар экенин айтып жатышат.

Башкы прокуратура Одинаев өткөн айдын аягында мурдагы аялы жана армияга чакырылган уулу менен Гиссар шаардык аскер комиссариатына келгенде коомдук тартипти бузган деп билдирген. Одинаевдин жакындары мындай доомат негизсиз экенин айтышкан.

Мындан көп өтпөй, 15-декабарда Махмурод Одинаевдин иниси Зулфикор Одинаев да кармалган. Анын алдында саясатчы «Фейсбуктагы» барагына Дүйшөмбү шаарынын мэри, президенттин уулу Рустам Эмомалиге кайрылып, азык-түлүктүн кымбатташына байланыштуу нааразылык акциясын өткөрүүгө партиянын атынан уруксат сураган. Ошондон кийин анын дайыны чыкпай калган.

Социал-демократтар партиясы Тажикстандагы жападан-жалгыз оппозициялык күч болуп саналат. Бул партия өткөн айдагы президенттик шайлоого бойкот жарыялап, талапкер көрсөтүүдөн баш тарткан.

XS
SM
MD
LG