Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Өкмөттө өлкөдөгү коопсуздук талкууланды


Жыйында жаңы жылдык майрам күндөрү коопсуздукту камсыз кылуу маселеси талкууланды.
Жыйында жаңы жылдык майрам күндөрү коопсуздукту камсыз кылуу маселеси талкууланды.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 31-декабрда укук тартибин коргоо жана күч органдарынын жетекчилери менен Жаңы жыл майрамы учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, кеңешмеде 30-декабрда тартип коргоо органдары күчөтүлгөн режимде иштей баштаганы, маанилүү стратегиялык объектилерди жана мамлекеттик чек араны кайтаруу күчөтүлгөнү айтылды.

Артем Новиков күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери ыйгарым укуктарынан аша чаппай иштеши керек экенин эскертип, аларды жумушун так, сыпайы аткарууга жана ар кандай чагымга алдырбоого чакырды. (RK)

XS
SM
MD
LG