Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Индияда коронавируска каршы жергиликтүү вакцинага уруксат берилди


Индиялык "Коваксин" (COVAXIN) вакцинасы. Ахмедабад. 2020-жылдын 26-ноябры.
Индиялык "Коваксин" (COVAXIN) вакцинасы. Ахмедабад. 2020-жылдын 26-ноябры.

Индия бийлиги сыноосу аяктай элек коронавирустун жергиликтүү вакцинасын колдонууга уруксат берди. Бул тууралуу "Hindustan Times" гезити жазды.

Индиялык Bharat Biotech дары-дармек өндүрүүчү коампаниясынын "Коваксин" дары заты организмге коронавирустун “өлгөн” фрагментин жеткирип, ага иммундук реакцияны чакырган классикалык схема менен таасир этет.

Бул дары эки жолку сыноодон өтүп, өндүрүүчүлөр анын үчүнчү баскычына ыктыярчыларды тандап жатканын кабарлашкан. Саламаттык сактоо тармагындагы индиялык бейөкмөт уюмдар "Коваксин" препаратына уруксат берүүнү азырынча токтотууга чакырган.

Ошондой эле Индия өкмөтү 1-январдагы отурумунда Улуу Британиянын Оксфорд университети менен AstraZeneca компаниясынын вакцинасын чукул кырдаалда колдонууга уруксат берди. Эми Индиянын дары-дармекке көзөмөл башкармалыгы уруксат кылчу болсо, анда келээрки аптанын башынан тартып Oxford / AstraZeneca вакцинасы менен жапатырмак эмдөө башталмакчы.

Индия – дүйнө жүзүндө COVID-19 вакцинасына талап жогору боло турган ири өлкөлөрдүн бири. Өлкө калкынын саны 1 миллиард 380 миллион адамды түзөт. Индияда коронавирус жуктуруп алгандар 10 миллиондон ашты.

Ал эми дүйнө жүзү боюнча Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, 84 миллион адамдан коронавирус табылып, анын ичинен 1 миллион 800 миңдейи көз жумду.

XS
SM
MD
LG