Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:13

Ошто дүлөйлөр үчүн диний баяндар өткөрүлүүдө


Жума баянын угуп жаткандар. Ош шаары, 1-январь, 2021-жыл.
Жума баянын угуп жаткандар. Ош шаары, 1-январь, 2021-жыл.

Ош шаарында радикалдуу диний агымдарга кирип кетпеши үчүн дүлөйлөргө жума баяндары уюштурулуп жатат. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынын басмы сөз кызматы маалымдады.

Өткөн жума күнү шаарга жакын райондордон жалпы элүүдөн ашык адамга диний баян өткөрүлдү. Ош шаарынын «Мажүрүмтал» мечитинин имамы Медер Кадыровдун айтымында, аларга өзүнчө бөлмө бөлүнүп, котормочу аркылуу түшүндүрүлүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG