Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

Сузакта иске ууланып аял үч баласы менен каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сузак районунун Кашка-Терек айылында 1-январь түнү көмүр исине ууланып төрт адам каза болду. Алар - 30 жаштагы келин, анын тогуз жаштагы баласы жана төрт жаштагы эгиз уулдары болгон. Бул факт райондук милициянын Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кошуналарынын айтымында, аялдын күйөөсү Орусияда иштеп жүргөн. Келин кайын журту менен бир короодо, бирок өзүнчө үйдө турушкан. (TB)

XS
SM
MD
LG