Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Казакстандын президенти өлүм жазасын тыйган мыйзамга кол койду


Беларус түрмөсүнүн ичи.
Беларус түрмөсүнүн ичи.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тынч маалда өлүм жазасын колдонууга тыюу салган эл аралык келишимге кол койду. Бул тууралуу маалымат казак президентинин сайтына жайгаштырылды.

Өлкө бул жазаны жокко чыгарган жарандык жана саясий укук жөнүндө Эл аралык пакттын экинчи факультативдик протоколуна кошулду. Документте протоколдун катышуучулары өлүм жазасынан баш тартуу адам укуктарын сактайт жана адамдык ариетти бекемдейт деп эсептери жазылган.

Казакстан эми Кылмыш кодексинин 17 беренесинен бул жаза тууралуу эскертүүнү алып салышы керек.

Азыркы иштеп жаткан мыйзам долбоорунда өлкөдө өлүм жазасы терроризм, аскердик убактагы оор кылмыштарга, президенттин жана Казакстандын мурдагы мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин өмүрүнө кол салгандарга колдонулары жазылган.

  • Постсоветтик аймакта беларус бийлиги гана өлүм жазасын колдонуп келет. 1990-жылдан бери Минскиде 400 киши өлүм жазасына тартылган.

  • Орусияда 1996-жылы өлүм жазасына мораторий кирген.

XS
SM
MD
LG