Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:13

Жумушчу топ БШКга Садыр Жапаровго эскертүү берүүнү сунуштады


Талапкер Садыр Жапаровдун жолугушууларынын биринде театрлаштырылган көрсөтмө коюлду делген сүрөт.
Талапкер Садыр Жапаровдун жолугушууларынын биринде театрлаштырылган көрсөтмө коюлду делген сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын үгүт иштерине көз салган жумушчу топ президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Каракол шаарындагы эл менен жолугушуусундагы театрлаштырылган көрсөтмөнү үгүт эрежесин бузуу деп таап, расмий эскертүү берүүнү сунуштады. Сунуш Боршайкомдун жалпы жыйынында чечилет.

Жумушчу топтун мүчөсү Семетей Аманбековдун айтымында, 2-январдагы отурумга талапкер Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин да чакырылды. Мощин Жапаровдун жолугушуусундагы театрлаштырылган көрсөтмөнү штаб эмес, жергиликтүү тургундар өздөрү уюштурган деп билдирген.

Социалдык тармактарда президенттик жарышка катышуу үчүн өкмөт башчы кызматын тапшырган Садыр Жапаровдун жолугушууларынын биринде театрлаштырылган көрсөтмө көрсөтүлдү делген сүрөт тарап, кызуу талкууга жем таштаган. Үгүт мыйзамдарына ылайык, талапкердин жолугушууларында театрлаштырылган ар кандай шоуларга тыюу салынган. Талапкер эки жолу үгүт эрежесин бузган учурда жарыштан четтетилет.

Президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталган. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Бул кызмат үчүн 17 талапкер ат салышып жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG