Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги талапкер Жапаров жөнүндө айтылган маалыматты төгүндөдү


Москвада иштеген кыргызстандык. Иллюстрация.
Москвада иштеген кыргызстандык. Иллюстрация.

Социалдык тармактарда Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кызматкери президенттик шайлоого катышуу үчүн каттоого турганы барган жарандан «Садыр Жапаровго добуш бересиңби?» деп сураганы жөнүндө маалымат тараган.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) бул маалыматты төгүндөдү. Министрлик Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде административдик ресурс колдонууга жана кайсы бир талапкерге үгүт жүргүзүүгө жол берилбей турганын белгилейт.

ТИМ элчиликтин имаратында камера жана үн жаздыруучу аппараттар орнотулганын билдирип, мыйзамсыз иштерге күбө болгон кыргыз жарандарын арыз менен кайрылууга чакырат. Мекеме үгүт учурунда жалган маалымат таратуу чагымга алып келиши мүмкүн экенин, ал үчүн жоопкерчилик каралганын эскертет.

Москвадагы кыргыз элчилиги Орусиядагы жарандарды tizme.gov.kg сайты аркылуу тизмеден өзүн тактап алууга жана консулдук каттоого алдын ала туруп, №2 форма менен арызын тапшырууга чакырууда. Орусиядагы жүз миңдеген мигранттардын арасынан шайлоого катышкандардын саны 0,01% да жетпейт.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодо Орусиянын аймагында 12 шайлоо тилкеси ачылып, 6 465 жаран добуш берген. Ал эми миграцияда жүргөндөрдүн саны жарым миллиондон ашат. (TSh)

XS
SM
MD
LG