Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

АКШнын Сенаты жарандарга берилчү жардамды көбөйтүү жөнүндө сунушту колдогон жок


Пандемия шартындагы Нью-Йорк.
Пандемия шартындагы Нью-Йорк.

АКШнын Сенаты пандемиялык шартта жарандарга берилчү түз жардамдын суммасын 600 доллардан 2000 долларга көтөрүү боюнча демилгени колдогон жок. Буга чейин президент Дональд Трамп ушундай сунуш киргизген эле. Сенаттагы республикачыл көпчүлүктүн лидери Митч Макконнелл бийликтен кетип жаткан президенттин бул маалыматын колдоодон баш тартты. Ал айрым сенаторлордун бул маселе боюнча добуш берүү аракетин четке какты.

Митч Макконнелл АКШ Конгресси жетиштүү деңгээлдеги акчалай жардам көрсөткөнүн жана эгер кошумча каражат берилсе, жардамга муктаж болбогон америкалык үй-бүлөлөргө төлөнүп каларын түшүндүрдү. Ал эгер акчадан кыйналган үй-бүлөлөр болсо даректүү жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.

Демократ-сенаторлор Макконнелдин мындай позициясын сынга алышты. Ал эми АКШнын каржы министри Стивен Мнучин ар бир америкалыкка пандемияга байланыштуу 600 доллардан жардам шаршембиден тартып берилерин билдирген.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр Палатасы антикризистик чаралардын жаңы пакетин кабыл алган. Ага ылайык, мамлекеттен көпчүлүк америкалыктар бир жолу 600 доллардан жардам алат. Ал эми жумушун жоготкондорго кошумча колдоо көрсөтүлөт. Мындан сырткары чакан ишкерликти колдоого 325 миллиард доллар жумшалса, 15 миллиард доллар авиакомпанияларга бөлүнөт.

Трамп көпчүлүк жарандарга 600 доллардан берилерин сынга алып, Конгрессти бул сумманы 2000 долларга чейин көтөрүү боюнча сунуш менен кайрыларын билдирген. Бирок бир күн өтпөй позициясын өзгөртүп, документке кол койгон.

XS
SM
MD
LG