Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:31

Трамп экономиканы колдоо чаралары тууралуу мыйзам долбооруна кол койду


Доналд Трамп. 2020-жылдын 24-ноябры.
Доналд Трамп. 2020-жылдын 24-ноябры.

27-декабрда кечирээк АКШ президенти Доналд Трамп пандемиядан жабыркаган экономикага 900 миллиард доллар бөлүү тууралуу мыйзам долбооруна кол койду. Президент 11 миллион америкалык жаранга жумушсуздук боюнча кошумча жөлөк пул төлөөнү караган документке бир нече кұндөн бери кол коюудан баш тартып келген.

Көпкө созулган талаш-тартыштардан кийин мыйзам долбоорун ага чейин Өкүлдөр Палатасы менен Сенат жактырган.

Жардам пакетинде ошондой эле кирешеси аз америкалыктарга бир жолу 600 доллардан төлөп берүү каралган. Бирок Трамп бул акча өтө аз деп, эки миң долларга чейин көбөйтүүнү сунуш кылган. Президент федералдык өкмөткө сентябрга чейин 1,4 триллион доллар бөлүүгө да каршы чыккан. Трамп 29-декабрга чейин кол койбосо, өкмөттүн мамлекеттик ишмердикти каржылоого акчасы жок калмак.

Быйыл жазында АКШ Конгресси пандемиядан келип чыккан кризиске туруштук бериш үчүн өлкө экономикасына 2,7 триллион доллар бөлүүнү чечкен.

XS
SM
MD
LG