Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Коронавируска байланыштуу коопсуздук чараларынын шартында Чыгыш өлкөлөрү жаңы жыл тилкесине кирди


Австралия Жаңы жылды тосуп алды. Сидней шаары. 2021-жылдын 1-январы.
Австралия Жаңы жылды тосуп алды. Сидней шаары. 2021-жылдын 1-январы.

Евразиянын чыгышында, Австралияда бир катар элдер коронавируска байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлгөн кырдаалда 2021-жылды тосуп алышты.

COVID-19 илдетинин алааматы Жаңы жыл майрамын адамзат буга чейин эч көрбөгөндөй карантин шарттарында тосууга мажбурлады.

Орусиянын Ыраакы Чыгышы Жаңы жыл майрамын белгилеген түнкү сааттын босогосуна жетер соңку мүнөттөрдө президент Владимир Путиндин куттуктоосу обого чыгарылды. Ал коронавирус илдетинин айынан мурда эч күтүлбөгөн кыйынчылыктар болгонун айтып, ошону менен катар эле бул оор жыл – «мүшкүлдү жеңүүгө үмүттөнүү менен сыймыктын» да жылы болгонун баса белгиледи.

31-декабрда Орусияда 27 миңден ашуун кишиден коронавирус табылды. Жыл башынан бери бул илдетке өлкөдө 3,16 миллиондой киши чалдыккан. Акыркы 24 саатта бул илдеттен өлкөдө 593 киши өлдү, ал эми жалпысынан 57 019 киши көз жумду. Өлгөндөрдүн чыныгы саны бул сандан алда канча көп экендигин Орусиянын расмий бийлик өкүлдөрү жоромол кылышууда.

Кыргызстандын калкы да коронавируска карата санааркоо жана президенттик шайлоого кызуу даярдык кырдаалында Жаңы жыл майрамын тосту.

Чыгыш элдеринин, анын ичинде кыргыздардын 12 жаныбардын атына негизделген мүчөл жыл санагына ылайык, 2021-жыл - Уй жылы болот. Кыргызстандыктар жаңы жыл май-көл, сүт көл жылы, ынтымактын, ден соолуктун жылы болсун деген маанидеги каалоо-тилектерин айтышты.

Адистер 10-январда боло турган президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу түрүн аныктай турган референдум быйылкы Ала-Тоодогу майрамга саясий түс да берип койгонун белгилешүүдө.

Австралиядагы Сиднейден АКШдагы Нью-Йоркко чейин салттык шаан-шөкөттүү фейерверк атуу жөрөлгөсү өзгөрүүгө учурады, мурдагыдай топурап аянтка чогулган кишилер кескин азайтылды, бир катар коомдук шаан-шөкөттүү иш-чаралар өткөрүлбөй калды.

Батыш Европа коронавирустун жайылышынын жаңы толкунуна байланыштуу майрамды өзгөчө тынч тосууда. Францияда ыксыз топурап чогулуп, майрамдоо далалаттарына каршы туруш үчүн полиция жүз миңдей кызматкерин күзөткө чыгарды.

31-декабрда Германиянын канцлери Ангела Меркел мекендештерин Жаңы жыл менен куттуктаган билдирүүсүн жарыялады. Анын бул сөзү өкмөт башчы катары акыркы ирет жаңы жылдык куттуктоо болгондугу белгиленүүдө.

Меркел айым акыркы 15 жыл ичинде эч бир жолу жаңы жылды ушунчалык азап менен тоскон учур болбогонун, бирок эч качан ушунчалык кубаттуу үмүт менен жаңы жылды күтүү да буга чейин болбогонун баса белгиледи.

Төгөрөктүн төрт бурчунда 1 миллион 800 миңдей киши коронавирустун айынан өмүрүнөн ажырады. Жалпысынан 81 миллиондой киши бул вирусту жугузуп, алардын басымдуу көпчүлүгү айыгып чыкты.

Дүйнө өлкөлөрүнүн бир катарында удаа жана атаандаш өндүрүлгөн жаңы вакциналар менен коронавируска каршы эмдөө иштери жүрүүдө. Үчүнчү дүйнө деп шарттуу аталган жакыр өлкөлөрдүн бир далайы 2021-жылдын алгачкы айларында эмдөө ишин башташы күтүлүүдө. (TT)

XS
SM
MD
LG