Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Эски жылды күлкү менен узатсак, Жаңы жыл жылмайып кирет


"Кана, мырза, Сизге башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк коркунуч келтирген жылды өңүнөн таанып, бизге көрсөтө аласызбы?" (Сергей Елкиндин азил сүрөтү).
"Кана, мырза, Сизге башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк коркунуч келтирген жылды өңүнөн таанып, бизге көрсөтө аласызбы?" (Сергей Елкиндин азил сүрөтү).

«Күлкү кербен» куржуну Жаңы жылды майрамдоого байланыштуу кезектеги азилдер шиңгилин сунуштайт.


* * * * * * *
Дүйнө жүзүндө Жаңы жылдын ирегесинде убада берүү жөрөлгөсү кеңири таркаган.
— Жаңы жылдык убада деген эмне, өзү?
— Бул улам башка жылга көчүрүлүп кете берчү оңой нерсе!..
— Мен Жаңы жылда мурдагыдан көбүрөөк окуйм деп убада берем.
— Деги, аны аткара аласыңбы?
— Албетте, көгүлтүр экрандан кинону жөн көрбөй, асты жагына титрлик текстти чыгарып алам да!
— А мен болсом чылым чегүү, жана башка бардык жаман өнөкөттөрдү калтырам деп былтыр убада кылгам.
— Анан алар аткарылдыбы?
— Баарын аткарып салсам, кийинкиге эмне убада кылам деп айрымдарын сактап койдум...
* * * * * * *
— Үйгө кандай тапшырма беришти эле, Жаңы жыл майрамына чейин аткара салбайсыңбы?
— Макул, апа. Мугалим Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтына балаты тигилет, анан 31-декабрда өзүң ошол аянтка барып, анын бийиктигин оболу көз менен өлчөп, анан айланасын арыштап ченеп чык, деген болчу...

* * * * * * *
— 31-декабрда учурашкан досторуң 1-январдын таңында кантип учурашат?
— Алар былтыртан бери көрүнбөй кеттиң ко, сагындырып, — дешет.
* * * * * * *
— Мен азыр Жаңы жылга арнап тост айткым келип жатат...
— Жок, сага тост бербейбиз. Былтыр эмне дедиң эле? «Ушу жаңы 2020-жыл тим эле миң жылга унутулбай тургандай эсте каларлык жыл болсун!» деп айтканың чын чыгып, эсибиз эки болду го!..
—А балким, өзүң эле былтыр «кудай, жумушка барбай эле үйдө көбүрөөк отургандай кыла көр!» деп тилек кылганыңды унуткарып жаткандырсың?
* * * * * * *
— Мына, Жаңы жыл да жакын калды. Деги турмушта азыр кандай өзгөрүү болсун дейсиң?
— Ылайым беткапсыз эле саламаттыгыбыз сакталсын! — дегим келет...

* * * * * * *
Күйөөсү:
— Алтыным, Жаңы жылга карата кандай белек-бечкек каалайсың?
Аялы:
— Майда-чүйдө эле... Айтор, ылдамдык которгуч жабдуусу автомат болсо эле жетишет!..
* * * * * * *
Аяз Атага бир жарандын каты:
«Урматтуу Аяз Ата! Мен азыр 45темин, сизден эч нерсе деле кереги жок. Бир эле нерсени ачыктап айтып эле койсоңуз: кайсы шоркелдей Сизден коомдук унаанын баасын көтөрүп кой деп жыл сайын өтүнүч кат жазып келет? Анан эмне үчүн ошонун каалоосун үзбөй аткарып жатасыз?»
* * * * * * *
1-январдын таңы. Дүкөндө кезекте туруп бирөө сурап калды:
— Карындаш, бул наныңыз жаңыбы?
— Каяктан!.. Былтыркыны сатып жатам!
* * * * * * *

Бир бала Аяз Атага кайрылып, жылуу тон, тумак, чокой жана мээлей сураптыр. «Ата-энемдин сатып берүүгө эч мүмкүнчүлүгү жок» деп да кошумчалаптыр.
Ошол айылдагы боорукер почтоочу катты окуп, өзү эле Аяз Атанын атынан жылуу тон, тумак жана чокой сатып алып, балага жеткириптир.
Анан бир күндөн соң Аяз Атага даректелген жаңы кат келиптир:
«Урматтуу Аяз Ата! Сизге чоң ыракмат! Сиз жиберген жылуу тон, тумак жана чокой жакшы жетти. Ал эми кооз, жылуу мээлейди почтоочу өзү эле кымырып алган окшойт!»
* * * * * * *

XS
SM
MD
LG