Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:54

Элита эс-тутумду жоготсо, жалпы элге зыян


Алааматтуу июлда коронавируска каршы күрөштө элдик демилгенин ролу чоң болду. Ал түгүл ресторан убактылуу ооруканага айланды. Бишкек. 2020-жылдын 22-июлу.
Алааматтуу июлда коронавируска каршы күрөштө элдик демилгенин ролу чоң болду. Ал түгүл ресторан убактылуу ооруканага айланды. Бишкек. 2020-жылдын 22-июлу.

Кыргызстан 2020-жылы коронавирус алааматына жана саясий жоопкерчиликсиздикке байланыштуу зор жоготууларга кириптер болду. Эми элита гана эмес, жалпы жарандык коом жакынкы өткөндүн сабагын алууга тийиш. Бакыт Асановдун блогу.

Жыл cоңунда узап бараткан жыл кандай болду, эмнеге жетип, эмнени жоготтум деп ичиңден анализ салып, өткөн күндөрдү бир кылчайып карап алмайыбыз бар. Караганын го карайбыз, бирок сабак алабызбы же болгон нерсени, өткөндү констатациялап (санап) тим болобузбу?

Узап бараткан жыл жөнүндө ойлогондо, жүрөктө тынчсыздануу жаратып, тамак бууган ыза пайда кылган Кыргызстандагы быйылкы "кара июль" дароо эске түшчү болду.

Айласы алты куруп, үрөйү учкан эл, концентратор көтөрүп, үйдөн үйгө чуркаган ыктыярчылар, колундагы бейтапты өлүмгө алдырдым деп өпкөлөп ыйлаган ыктыярчы София-Айдана, оорукананын алдында колунда бир тууганынан ажыраган бишкектик байке, дарыкананын алдында бир тоголок дарыга зар болгон жүздөгөн адамдар эстен кетпейт...

Кечээ гана телефондон сүйлөшкөндө жөтөлүн баса албай энтиккен кесиптешим маркум Бүбүкан Досалиева эжеке, эл жардамга зар болуп турганда жардам тургай жылуу сөзгө жарабаган, мамлекеттин көмөгү деп "Терракота аскерлердей" каз катар тизилген тамак-аш салынган баштыктарды аралап бараткан ал кездеги президенттин карааны көзгө тартылчу болду.

Дүйнөнү түйшүккө салган пандемиянын каарын Кыргызстан дал ушундай ачуу сезип, журтубуз кыйсыпырга түшпөдүбү... Адамдын баасын сезип, эртең менен маалымат тасмасын ачаарда "өлүм-житим тууралуу жаман кабар болбосо экен!" деп ичибизден тиленип калбадыкпы...

Чынында, кылымга тете жыл болду. Адамдын аң-сезимин, ар бирибизди, мамлекеттин кубатын, башчылардын уятын, журт мыктысымын деген саясий элитанын (айрымдар кер какшык менен жазган "илитанын") жоопкерчилигин капысынан олуттуу сынаган жыл болду.

Өлкөнү эле эмес, бүткүл дүйнөнү эсине келтирип, бай-кедейин бир сапка теӊеп, адам өмүрүнөн баалуу байлык жок экенин аңдап сездирчү жыл болду.

Жашы эбак жетсе да, телчиге албай кыйналган, экономикасы начар, мамлекеттик институттары чабал, жемкорлуктун деңгээли улам жогору өскөн Кыргызстан сыяктуу өлкөлөргө быйыл ого бетер оор жыл болду.

Ушундан кийин ар бир адам эсине келип, эми эл башчылары баш болуп, сабак алат, өзгөрөт го деген илгери үмүт жылт эткен.

Ошол күндөрү "ковид кризиси дүйнөнү өзгөрткөндөй, Кыргызстанды да өзгөртөт, бирок кайсы тарапка?" деп интернеттеги коомдук тармактарга жазып, жакын адамдар менен талкуулаганым эсимде.

Өзгөрүү деп ошол учурда кудуретсиздигин көрсөткөн өкмөткө, мамлекеттик институттарга татыктуу адамдарды алып келип, ачык, таза иштөөгө жол ачылабы деген акыл менен анча ишенбесең да, баёо сезим менен жетеленген үмүт болгон...

Бирок андай болгон жок... Үмүт жана электе ага суу сепкенге шашкандар болду. Илдетке карабай ыплас шайлоо өткөрдүк.

Анын жыйынтыгы 5-6-октябрда башталган окуяларда көрүндү. Бийлик башындагылардын акылы чолок, эс-тутуму абдан кыска болуп чыкты. Аны менен катар коомдун да институтташкан эс-тутуму абдан кыска экени ачык дайын болду.

Ар бир кишиде жаратман же кыйраткыч кубат болушу ыктымал болгон сыяктуу, ар бир элдин, коомдун оӊ жана терс кубаты болоорун окумуштуулар аныкташкан, тарых далилдеген.

Биздин терс сапаттарыбызды, кыйраткыч кубатыбызды саясий элитанын башындагы көптөгөн пенделер атайылап чыгаргысы келгендей болду окшойт. Элдин кубатын жакшы иштерге, жаратууга, өнүгүүгө багыттабай, дем бербей, өксүккө түртүп, артка тартканга жаралгансып, улам бири, улам кийинкиси мурункусунан аша шорго жаралгансып, андай саясаттагы пенделердин кесепети коомго тийип келет.

Мунун баарын дүйнөдөгү жана өлкөдгү эпидемиологиялык абалдын опурталдуу экенин аңдап билгенибизге карабай, жүздөгөн кишилерди топуратып чакырып, эпостогудай ири тойлор өткөрүп, стадион толтура киши жыйнап, жыйналышка чогулткандардан көрүп жатпайбызбы...

Болбосо, быйылкы "кара июлду" бийлик да, коомчулук да эң жок дегенде эки жылдай жадынан чыгарбай туруусу керек эле, анын ачуу сабактарын улам эстеп, калайык коопсуздугунун жана эсенчилигинин кызыкчылыгында улам жаңы натыйжалуу кадамдар жасоого умтулушу зарыл эле...

Дегеле, өлкө эгемендик алганы калпыстыктар улам-улам кайталанып, жаңы келген далай өкмөттөр улам жаза басып, кайра эл тарабынан анын жазасын алып келди; жакынкы тарыхый тажрыйбаны тез эле унуткаруунун айынан канчалаган үмүттүү жана каармандык өмүр текке өттү, канчалаган коомдук убакыт текке кетти..

Андан сабак азыр да алына электей сезилет. Улам жаңы толкун менен бийликке келгендер да дал ушундай коомдук эс-тутумдун кыскалыгынан утур-утур пайдаланып, элди каалаганындай өкчөп, көздөгөнүн кылып келди. Бийликтер «Кыргызстанда биринчи жолу ал жол салынды, өлкөдө биринчи жолу тигил камалды, бул иш туңгуч ирет жасалды» деген көз будамайлаган саясатты жүргүзүүнүн кыныгын алып алышты.

Учурда өлкөдө кандай гана тагдыр чечээр окуя болбосун, ал жаатта эки-үч күн гана сөз болуп, андан соң ал окуя эмнеден улам чыкты, эмне кесепет алып келди, эмне сабак алдык дебестен, эзелки түгүл жакынкы өтмүштү да унуткарып койчу болдук. Убактылуу «Флешмоб коомго» айландык десек чычалайбыз, бирок бир күндүк көпөлөктү элестеткен андай жагдайды эч четке кага да албайбыз.

Альбер Камю жазган "Сизиф жөнүндө уламыштай" 30 жылдан бери бир жолу улам кайталап басып, баягы жерге барып, кайра келип убара тартканыбыз тарткан.

Мына эми Конституцияны өзгөртөбүз деп 20 жыл мурун басып өткөн жолго кайрадан барууга ашыгып жаткандайбыз. Мыйзамды бузууну адатка айландырдык, конституциянын сакралдуулугуна (ыйыктыгына) шек келтирип тим болбостон, аны айдан ачык тебелеп, бардык кемчиликтерибизге Баш мыйзам айыптуудан бетер аны улам-улам өзгөртүүнү өнөр көрдүк.

Референдумдар конституцияны өзгөртүүнүн эӊ жеӊил, оӊой куралына айланды. Плебисцит идеясы биздин отуз жылдык тарыхта нечен ирет бузулганына карабастан, эми дагы бир ирет референдумду реформа сыяктуу эле дискредитациялап, «элдин атынан» элди мажбурлап отурабыз.

Ошондуктан, кечээкиден сабак албастан, жакынкы замандагы каталарды өжөрлүк, көк беттик менен улам кайталап жатканыбыз - биздин коомубуздун эң башкы көйгөйү, узак мөөнөттүк залакасы тийиши ыктымал болгон кемчилигибиз деп айтаар элем.

"Эс-тутумдун кыска болуп жатышына эмне себеп болду?" деп суроо салып, чынын айтсам, ага анык жооп таппай келем.

Балким, бир жерден экинчи жерге оңой гана жер которгон көчмөндүк жашоо бейнесинин таасириби? Бул деле олуттуу себеп эместей. Болбосо кылымдар түпкүрүнөн берки окуяларды, тарыхый сабактарды көчмөндөр да кеменгер акылмандары, көрөгөч журт башчылары, калыс чечендери, данакер элчилери, манасчылары, төкмөлөрү, санжырачылары, өнөрпоздору, уздары менен усталары ж.б. аркылуу ырааттуу сакташкандыктан, көөнөргүс мурастарыбыз муундан муунга сакталып келгени да чын.

А мүмкүн, азыркы коомдун элитасынын акыл жүгүртүп, сереп салганга (анализдегенге) чыгынбаган ыкшоолугу же мажүрөөлүгүбү? Менимче, дал ушул жагдай да кандайдыр бир салым кошту сыяктанат.

А балким, эл башкарам дегендердин кыйласынын тарыхый жоопкерчилик жаатында түшүнүгү тайыз болгондуктан, эл-журтту улам убайга салып, дурусураак ойлонгонго, акыл калчаганга мүмкүнчүлүк бербей, көшөкөрлөрдү жана атайын каржыланган троллдорду пайдалануу менен калайыктын кыйла бөлүгүн жетеленме топко айландырганында болбосун?

Ошондуктан, азыртан баштап айдыңдар (интеллигенция) баш болуп, эркин маалымат каражаттары төш болуп, тарыхый эс-тутумдан тайбай, ар бир кадамга бейтарап жана кылдат сереп салып, "кечээ муну баспадык беле, жакшысы - бул, жаманы - тигил" деп бүгүнкү жарандык коом орток жыйынтык чыгарбаса, кайра эле аркандалган музоодой бир жерде такалып, же циркте оюн көрсөткөн аттай бир айлампада айланып жүрө беришибиз ыктымалдан алыс эмес.

Ылайым Жаңы жылда ар бирибиз айтканыбызга, жасаганыбызга астейдил сереп салып, сын көз карашта олуттуу ой-жүгүртүүнү өнүктүрсөк экен, мурдагы күнкүдөн, кечээкиден, бүгүнкүдөн чындап сабак алсак экен!..

Эгер бүгүн сабак албай калчу болсок, анда…

Ред.: Автордун көз карашы редакциялык турум катары кабыл алынбашы керек.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG