Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

Жаңы жылды майрамдоо диний маңызга ээби?


Жаңы жылдык балаты, суктандырат, карачы! Ала-Тоо аянты, Бишкек. 2019-жыл.

Жаңы Жылды майрамдоону четке каккандар, адатта, аны чоочун майрам катары жериш керек деп санашат. Бирок байистүү мусулмандар бул майрамга эч тоскоол кылбашы абзел. Элмурат Кочкор уулунун кезектеги блогу.

Негизи, «Жаңы жыл тоссо болобу?» деген маселелерди сөз кылууга, талкуулоого кажет жок деп эсептечү элем. Бирок, коомдук талкуу, ушул маселеге байланыштуу бир пикирди жактоодогу аша чабуу, жиктешүү сыяктуу көрүнүштөр коомдук гармонияга кедергисин тийгизип коюшу толук мүмкүн экендигин көргөн соң, пикир билдирип коюуну туура көрдүм.

Диний маани кийирүү негиздүүбү?

Жаңы жылды тосууга/майрамдоого караманча каршы чыккан топтун негизги жүйөөлөрүнөн бири катары «Жаңы жылды тосуу - Ыйсанын туулган күнүн тосуу/майрамдоо» деген маанини берет деп белгилешет, бул болсо мусулманчылыкка туура келбейт, дешет. Анткени, алардын оюнча, Ыйса – христиан дининде кудай уулу катары саналса, исламда – Алланын кезектеги пайгамбары катары гана кабыл алынат.

Ыйсанын (мусулманча Ыйса пайгамбардын) туулган күнү тууралуу так күндү белгилеп айтуу кыйын... Анткени Батыш чиркөөсүнүн (католиктер менен протестанттардын) айтымында, Ыйсанын туулган күнү Григорий жылнаамасына ылайык 25-декабрда белгиленет. Демек, мунун Жаңы жыл үчүн тийешеси жок.

Ал эми православдар Юлий календарына ылайык бул майрамды 25-декабрда белгилөөнү уланткандыктан, алардын майрамы Григорий жылнаамасы боюнча Жаңы жыл өткөн соң, 7-январга туура келет. Мунун да Жаңы жылга тийешеси жок (армяндардын чиркөөсү Ыйсанын туулган күнүн 6-январда белгилешет).

Мындан улам Жаңы жыл майрамы (31-декабрдан 1-январга өткөн түнү дал түн ортосунда белгиленчү майрам) – жылнаамалык (календарлык) гана майрам, анын эч бир динге тиешеси жок деп таасын айтса болот.

Бул жылнаамалык майрамды – Ыйсанын (мусулмандарда – Ыйса пайгамбардын) туулган күнүнүн уландысы катары кароо таптакыр негизсиз.

Жаңы жылдык балаты. Грузия.
Жаңы жылдык балаты. Грузия.

Жаңы жыл тоскон киши динден чыгып калабы?

Мусулман катары Жаңы жылды григорийлик жылсанак боюнча майрамдагандарды дээрлик каапырлыкка чыгарганга чейин барган көз караштын дагы бир жүйөөсүн ­ «Ким кандайдыр бир коомго окшошкусу келсе, анда ал ошол коомдон болуп саналат» деген маанидеги хадиске такагандар бар.

Бул хадиске таянып, «Жаңы жыл христиандардыкы болгондуктан, аны майрамдап койсо – динден чыгат; майрамдаган киши да христиан болуп калган болот», - деген тыянак чыгарган сабатсыздар жок эмес.

Биринчиден, бул хадис согуш учурунда айтылган. Тагыраак айтканда, Мукамбет пайгамбар мусулман аскерлерге: «Кимде-ким каршы тараптын кыймыл-аракетине, кылык-жоругуна окшогон таризге кирсе, биз аларды (мусулман болгонуна карабастан) алардан (душман тараптан) деп эсептейбиз», – дегендей мааниде эскертүү берген.

Кыскасы, бул хадис согуш талаасында, мусулман аскерлеринин арасында тартипти сактоо максатында айтылган эскертүү болчу. Бул хадисти жаңы жыл майрамдап койгон кишини ыймандан чыгарууга далил катары көрсөтүү орундуу болбой калат деп ойлойм.

Мукамбет пайгамдардын доорунда дүйнөдө григорийлик жылнааманын өзү да кабыл алына элек болчу.

(Григорийлик жыл санак рим папасы Григорий XIII тарабынан 1582-жылы 4-октябрда сунушталып, анын эртеси дароо 15-октябрга секиртилген. Күн жыл санагынын ушул реформасынын мөмөсү адамзатка ушул күнгө чейин эч бир динге карабастан жалпы кызмат кылып келет).

Балатыдагы Аяз Атанын кучак жайган мээримдүү сөлөкөтү. Алматы. 2014-жыл.
Балатыдагы Аяз Атанын кучак жайган мээримдүү сөлөкөтү. Алматы. 2014-жыл.

Экинчиден, диний мааниге ээ кадамдар аң-сезимдүү түрдө ташталышы шарт.

Мисалга, шариятта деле күнөө кылуу жана сооп табуу аң-сезимдүү түрдө ташталган кадамдар менен гана мүмкүн болот. Билбестен жаңылыштык кетирип алган кишиге күнөө жазылбайт, арыктоо максатында орозо тутканга сооп жазылбайт дегендей...

Бул, негизи, логикалуу жана туура принцип деп эсептейм. Демек, христианчылыктан кабары жок, Ыйсаны кудай катары да, пайгамбар катары да тааныбаган миллиондогон кишилер деле жалпы адамзаттын орток майрамы катары Жаңы жылды белгилеп жатканын кайсы бир диндин чен-өлчөмүнөн тар түшүнүктө баалоо жарамсыз.

Чыгыштын 12 жаныбарга негизделген жылсанагы Жапониянын Фукуока шаарындагы синтоисттик “Кусида” (“Кушида”) ыбаадатканасынын дарбазасынын шыбына оюлуп чегилген. 20.7.2010.
Чыгыштын 12 жаныбарга негизделген жылсанагы Жапониянын Фукуока шаарындагы синтоисттик “Кусида” (“Кушида”) ыбаадатканасынын дарбазасынын шыбына оюлуп чегилген. 20.7.2010.

Исламдык баалуулуктарды чануу ниети болбогон кишилердин Жаңы жылды туугандары же жакындары менен майрамдап коюшун «каапырдыкка жеткирген күнөө» катары көрүүгө эч кажет жоктугу түшүнүктүү.

Жаңы жылды майрамдагандардын канчасы диний аң-сезимдүүлүк менен христиандыкты тандагандыгы үчүн майрамдашат? Адамзаттын бардыгы тең эле бул майрамды динге байланышпаган үй-бүлөлүк календарлык салтанат катары белгилеп келишет.

Татарстандын борбору Казан шаарындагы Жаңы жылга арналган жасалгалар. Орусия. 2019-жылдын 24-декабры.
Татарстандын борбору Казан шаарындагы Жаңы жылга арналган жасалгалар. Орусия. 2019-жылдын 24-декабры.

Туризм өнүккөн мусулман өлкөлөрүндө деле «Жаңы жылды бизде тоскула» деп миллиондогон долларлык жарнамаларды жайгаштырышып, сырткаркы конокторду курорттук жана туристтик жайларга чакырышууда.

Мындан сырткары, жогорудагы айтылуу хадисти сөзмө-сөз мааниде түшүнгөн чакта деле, сырткы келбеттин саал окшошуп кеткени – ал кишини башкалардан деп эсептегенге жетиштүүбү?

Балаты жасап, 31-декабрь менен 1-январь күндүн тогошкон учурун көңүлдүү өткөргөнү, үй-бүлөсүндө балдардын бактылуу күлкүсүн уюштургандыгы үчүн кайсы бир кишини «христиан» же «каапыр» деп эсептөөгө жүйөө жетиштүүбү?

Анда, муну жетиштүү деп эсептеген кишилердин демейде «каапырга окшоп» кийинип жүргөнүн, АКШ, Германия, Жапония, Түштүк Кореяда ж.б. өлкөлөрдө «каапырлар чыгарган» темир тулпарлардын кымбаттарын минип, тез жүргөн поюздарын колдонуп жатканын, жогорку маалымат технологиясын, уюкфондорду, компүтерлерди жигердүү колдонгондугун, ал тургай Мекеге ажыга сапарга чыкканда «каапыр» чыгарган заманбап учакка «каапырга окшоп» олтуруп эле учуп барып келгенин кандайча баалаш керек?

Ошол эле Мукамбет пайгамбардын «Алла силердин мал мүлкүңөргө, сырткы көрүнүшүңөргө маани бербейт, Ал силердин жүрөгүңөргө жана кылган амалдарыңарга маани берет», – деген хадиси шариятта деле аң-сезимдүүлүк жана маңыз – турмуштук олуттуу критерий экендигин айгинелеп турат.

Шарият Жаңы жылды майрамдоого каршыбы же ошол күнү жасалышы ыктымал күнөөлөргө каршыбы?

Жүйөөлөрдүн дагы бири катары бул майрам күнү өзгөчө шаар жергесиндеги жаштардын ичимдик, кумар жана тартипсиздик аралашкан отуруштарды уюштургандыгы да айтылып келет. Кыскасы, ал күнү Жаңы жылдын шылтоосу менен шариятта арам деп эсептелген бир канча жоруктун орун алынышы майрамга каршы жүйөө катары көрсөтүлөт.

Албетте, мындай терс көрүнүш табияты бузулбаган, адам бойдон сакталып кала алган бардык эле кишиге жакпаса керек. Бирок, сиздер да байкагандай, бул жерде Жаңы жылга б.а. календардык күнгө карата тыюу жөнүндө эч сөз болгон эмес. Бул жерде маселе – жамандыктын алдын алуу.

Ал эми жогорудагы жоруктарды тартипсиздер башка күнү деле жасап жатышпайбы! Ошол эле Жаңы жылды жогорку маданияттуулук менен тынч өткөргөн миллиондогон үй-бүлөлөрдү бир ууч киши үчүн жектөөгө болобу?

Белгилей кетчү нерсе, ислам болсун, бутпарастык, христианчылык болсун, алкоголдук ичимдикти, баңги затын колдонууну, эртеси соолукканда бушайман болуп кала турган кадамдарга барууну жактабайт, жактырбайт.

Бирок, мындай нерсени болтурбоонун жолу – Жаңы жылдык майрамдоого тыюу салып коюу эмес деп санайбыз.

Жаңы жылды майрамдоого же андан баш тартууга диний маани таңуулоо - негизсиз.
Э. Кочкор уулу

Эгерде кайсы бир өлкөдөгү жашоо шарты начарлап, коомдогу билимсиздиктин жана элдик педагогиканын жаралары кайсы бир тургундарды жосунсуз жоруктарга кириптер кылып салса, анда Жаңы жылдык майрамдоону жокко чыгаруу менен коомдогу көйгөйдү чечилди деп эсептөө күлкү гана келтирет.

Мындай жерде жамандыктын алдын алуунун жападан жалгыз жолу – өлкөнү ар тараптуу өнүгүү, өсүү жолуна салууга, ар жарандын ички маданиятын жана терең билимин өстүрүүгө салым кошуу гана болуп саналат.

Жыйынтык

Жыйынтыктап айта турган болсок, Жаңы жылды майрамдоого же андан баш тартууга диний маани таңуулоо - негизсиз.

Элмурат Кочкор уулу.
Элмурат Кочкор уулу.

Жеке пикиримде, майрамды эмгек сиңирген соң майрамдоо максатка ылайык болот. Мугалимдер күнүн мугалимдер майрамдаган сыяктуу... Бул логика менен кете турган болсок, эски жылды канчалык максаттуу жашап өткөргөндүгүн, жаңы жылды кандай жакшы тилек-максаттар менен күтүп жаткандыгын аңдаган, өзү менен өзү мунун эсеп-кысабын кылган киши ар бир үй-бүлөдө тоссо, анын жеке майрамына эмне үчүн тоскоолдук жаратуу керек?..

Демократиялуу өлкөдө жашаган соң, башкаларга зыяны тийбеген ой-пикирге, кыймыл аракетке, үй-бүлөлүк жылсанактык жөрөлгөгө ж.б. сырт жактан кийлигишүүнүн өзү орунсуз.

Элмурат Кочкор уулу,

блогчу.

Пикирлерди көрүңүз (50)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG