Линктер

шаршемби, 24-апрель, 2019 Бишкек убактысы 02:43

Доңуз жылы жана мүчөл


Чыгыштын жылсанагы Жапониянын Фукуока шаарындагы синтоисттик “Кусида” (“Кушида”) ыбаадатканасынын дарбазасынын шыбына оюлуп чегилген.

Тарыхчынын чыгыш элдеринин этнографиясынын кызыктуу маселесине – он эки жаныбардын атына ылайык түзүлгөн көөнө жылсанакка жана анын ичинде “Доңуз жылы” аталышына арналган блогу.

Сөз алды

Кыргызстанда мүчөлгө (12 жаныбардын атына негизделип түзүлгөн чыгыш жыл санагына) жана андагы жыл аттарына байланыштуу талкуулар ар жылы Жаңы жыл майрамынын босогосунда жана андан кийинки күндөрү өзгөчө жанданат.

Быйылкы жылдын (2019-жылдын) аты — Доңуз жылы.

Бул аталыш (Доңуз жылы) — көчмөн бабалар тарабынан 12 жаныбардын жыл санагы ойлоп табылган кезден берки аталышы, б.а. "азан чакырып аталган" нукура аталыш.

Арийне, өзүн “момундун момуну” эсептеген айрым замандаштарыбыз Интернеттеги коомдук тармактарда “доңуз” сөзүн чанып, аны таптакыр колдонбоого чакырганда, биз тарыхый маалымат менен бөлүшүүгө шаштык.

Көөнө Хун доору

Түрк элдеринин байыркы бабаларынын бири — Ички жана Борбордук Азияда көчмөндөр дөөлөтүн негиздеген хундар болгон.

Хундар он эки жаныбардын аталышына негизделген жылсанакты колдонгондугу жоромол кылынат. Жылсанакка кирген жаныбарлардын ичинен ажыдаар (лу) хундар үчүн өзгөчө тотемдик мааниге ээ болгон.

Хундардын ичинен Чыгыш жана Борбордук Европага чейин журт которгон бөлүгү (гунндар) да бул чыгыш жылсанагы туууралуу маалыматты жаңы аймактарга тааныткан. Маселен, гунндардан кийин Эдилден журт которуп, азыркы Болгарияга, Балканга чейин келип, өз түрк тилдүү мамлекетин негиздеген (кийин славяндашып кеткен) булгарлар 12 жаныбар атына негизделген төмөнкүдөй жылсанакты колдонушкан:

1. Kuzgé — чычкан

2. Shiger (сыгыр) — уй

3. Kuman (Imén) Ügur — жолборс,

Myachè Ügur — жолборс

4. Taushan — койон

5. Samar — ажыдаар

Birgün (Bergen, Birig, Baradj) — ажыдаар (б.а. улуу)

6. Dilan — жылан

7. Tykha — жылкы

8. Téké — теке (б.а. “кой жылы” эмес, “теке жылы”)

9. Bichin, Michin — маймыл (мечин)

10. Tavuk — тоок

11. It — ит

12. Shushma — доңуз (бул “шушма” сөзү “чочко” сөзүнө окшоп турат).

Акырындап христиандашкан (тарса болуп калган) борбордук европалык булгарлар жапайы каманды туюнткан “доңуз жылы” сөзүнүн ордуна жыл аталышы катары “шушма йылы” (“чочко жылы”) сөзүн колдонуп калгандыгы кызык.

Энесай Кыргыз каганаты жана Чыгыш Түрк каганаттары

Энесай жана Орхон руна сымал жазма маданиятын түптөгөн кыргыз жана чыгыш түрк элдери да 12 жаныбардын атына негизделген жылсанакты ырааттуу колдонушкан.

Асыресе, VIII к. таандык орхондук руна сымал жазма булактарда он эки айбандык жыл санактын жыл аттары пайдаланылган.

Маселен, азыркы Монголиядагы Орхон дарыясынын сол жээгинде Хөшөө Цайдам жергесинде табылган Күл-тегинге арналган руна сымал жазма эстелик ташта (экинчи каптал бетинде, 13-сапта) кой жылы (коң йылы), мечин жылы (бичин йылы) эскерилет.

Эл Этмиш Билге каганга (ханзуча Мойунчур, б.а. Байан-Чор) арналган руна сымал жазма таш эстеликте (9-сапта) да “коң йыл” (“кой жылы”) эскерилген. Ушул эстеликте (20-сапта) “койон жылы” орхондук түрктөрдүн тилинде “табышған йыл” (tabïšγan yïl) деп берилген. Башка жеринде (40-сапта) “тоок жылы” — орхон түркчө “такығу йыл” (taqïγu yïl) деп аталган.

Кыргыздар азыркыга чейин “кой жылы”, “мечин жылы” аталыштарын сактап келет (ошондуктан азыркы айрым кыргыз замандаштарыбызды “модага” ыктап, айрым башка элдердин варианттарын ээрчип, бул жыл аталыштарын “кой жылы” эмес — “теке жылы” жана “мечин жылы” эмес — “маймыл жылы” деп башка аталышка “ооп кетүүгө” азгырылбоого чакыраар элем).

Эл Этмиш Билге каганга багышталган экинчи жазма эстеликте (Терх) барс жылы менен жылан жылы (barš yïl; yïlan yïl; 1-сапта), мечин жылы (бичин йыл — bičin yïl; 25-сап), ит жылы (ït yïl; 27-сапта), доңуз жылы (лагзы йыл — laγzï yïl; 28-сап), чычкан жылы (“күсгү йыл” — küsgü yïl; 29-сап) эскерилет.

Орхондо Күли-Чорго арналган эстеликте (6-сапта) бул баатыр тогуз жашында азуулуу доңуз (“азыклығ тоңуз” — azïqlïγ toŋuz) өлтүргөнү айтылат.

Демек, чыгыш түрктөр жапайы доңузга аңчылыкка чыгышкан.

Кыргыз тарыхы боюнча ханзу жазма маалыматтары. Мамбеттурду Мамбетакун редакциялаган китептин мукабасы.
Кыргыз тарыхы боюнча ханзу жазма маалыматтары. Мамбеттурду Мамбетакун редакциялаган китептин мукабасы.

Ал эми ханзуча «Тан шу» («Тан сулалесинин тарыхы») чыгармасынын ся-цзя-сы, б.а. кыргыздарга арналган бөлүмүндө кыргыздар «он эки айбандын [аталышынын] жардамы менен жылдарды санашат; маселен, жыл [ханзулардагы] инь жылына туш келсе, аны барс жылы деп аташат», — делген.

X–XII кылымдардагы мусулман жана каапыр бабаларыбыз

Мусулмандык Карахандар каганатында деле “Доңуз жылы” аталышы кеңири колдонулган.

Ысык-Көлдө туулуп-өскөн чыгаан илимпоз бабабыз Махмуд Кашгари Барскани өзүнүн араб тилинде жазган айтылуу "Дивану лугати т-турк" — "Түрк тилдеринин сөз жыйнагы" чыгармасында (1072-1077) бул календардык системаны дурус чагылдырган.

(Шилтеме: Kâşgarlı Mahmud. Dîvânü... / Tıpkıbasım. — S. 106b).

«Диванда» түрктөрдүн жыл аттары төмөнкүдөй тартипте саналаары айтылат (биз номурладык):

1. Сычган йылы (азыркы кыргызча — чычкан жылы);

2. Уд йылы (уй жылы);

3. Барс йылы (барс жылы);

4. Тавышған йылы (коён жылы);

5. Нек йылы (улуу, б.а. ажыдаар жылы; айтмакчы, бул жыл арабдар түшүнгөндөй кылып арабчага «ат-тимсаах» — «крокодил» жылы катары которулган экен816);

6. Йылан йылы (жылан жылы);

7. Йунд йылы (жы'лкы жылы);

8. Қой йылы (кой жылы);

9. Бичин йылы (мечин, б.а. маймыл жылы);

10. Тақағу йылы (тоок жылы);

11. Ит йылы (ит жылы);

12. Тоңуз йылы (доңуз жылы).

Махмуд Кашгари Барскани бул жылдар менен түрк калктары ар кыл ырым-жырымдык аныктамаларды берерин да учкай эскерет.

Махмуд Кашгари Барскани арапча жазган "Дивану лугати т-турк" (1072-1077) эмгегинин алгачкы бети.
Махмуд Кашгари Барскани арапча жазган "Дивану лугати т-турк" (1072-1077) эмгегинин алгачкы бети.

Маселен, өгүздөрдүн бири-бири менен сүзүшкөндүгүнөн улам, уй жылы келсе, салгылашуулар көп болот, - деген ишеним болгон. Тоок жылы азык-түлүк көп болот, бирок кишилер тоокторчо чокулашы ыктымал.

Нек (улуу) өзү сууда жашаган себептүү, нек жылы жаан-чачындуу болушу да күтүлөт. Ал эми доңуз жылы менен катуу ызгаар байланыштырылган.

Бул календарга байланыштуу түрк ырым-жырымдары жана он эки айбандын атынын түркчө жыл санак системасына чагылдырылып калышы тууралуу элдик уламыш эң алгач Махмуд Кашгари Барсканиде кезигет.

Махмуд Кашгари Барскани “кийик” тууралуу сөздүктүк макаласында бул термин эти азык болгон ар кандай жапайы аң үчүн жалпылама аталыш экенин белгилеп, эти желиши мүмкүн болгон жаныбарлардын арасында жапайы доңузду да атап кеткен.

Өз доорунун калыс илимпозу катары Махмуд Кашгари Барскани жалаң гана мусулман түрктөрдүн сөз жыйнагын илктеп чектелбестен, түрк калктарынын лексикалык байлыгын диний айырмачылыгына карабастан чогулткан. Ошондуктан доңуз этин кайберен эти катары саноо менен ал Карахандар каганатындагы жана андан сырткаркы чыгыш түрк калктарынын тамак-аш маданиятын да бөксөртпөстөн көрсөткөн.

Суннийлердин ханафий агымын туткан кыргыздар жана башка борбордук азиялык көчмөн түрк мусулмандар кийин деле жапайы доңуз этин дарылыкка колдоно бергенин төмөндө айтабыз.

Теңир-тоолук тарсалар жана мүчөл

Теңир-Тоодогу несторийчи (тарсалык, б.а. христиандык агым) түрктөр гана XIII–XIV кылымдарда жаңы жылды январь айынан баштаган он эки айбанаттык календарды пайдаланышкан.

Кыргызстандык таанымал түрколог Четин Жумагулов несторийчи тарса түрктөрдүн эстеликтериндеги жыл аталыштарын мындайча санап берет (кашаага азыркы кыргызча аталышын жазабыз):

1. Сычган (чычкан)

2. Уд (уй)

3. Парс (барс)

4.Табышкан (койон, коён)

5. Луу (улуу; ажыдаар)

6. Йылан (жылан)

7. Йонт (жылкы)

8. Кой (кой)

9. Пичин (мечин, маймыл)

10. Тақақу (тоок)

11. Ит (ит)

12. Тоңғуз (доңуз).

XI кылымда бешинчи орундагы жылды “нек” деп аташса, XIII-XIV кылымдардагы тарса мүрзө таш жазма эстеликтеринде «лу» деп аташкан (азыркы кыргыз тилинде бул сөздүн башкы «Л» тамгасынын алдына «У» үндүү тыбышын кошуп, “улуу” деп айтышат).

Шилтеме: Чоротегин, Т.К. Махмуд Кашгари Барсканинин «Дивану лугати т-түрк» эмгеги - түрк элдеринин тарыхы боюнча көөнөргүс булак: Илимий басылыш / Илимий редакторлор профессор Т. Өмүрбеков, доцент К. С. Молдокасымов. – Бишкек: “Турар” басмасы, 2017. – "Мурас” фонду. - [“Тарых жана мурас” түрмөгү]. - “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. - Б. 255-257.

Доңуз эти – көчмөндөрдө дарылыкка колдонулган кайберен эти

Интернеттеги талкуунун жүрүшүндө кыргыз Интернет агартуучусу Чоробек Сааданбек «Фейсбуктагы» өз окурмандарына чыгаан тарыхчы жана санжырачы Белек Солтонкелди уулу Солтоноевдин «Кызыл Кыргыз тарыхы» эмгегиндеги кызыктуу маалыматтарын эскертти:

“Белек Солтоноев. "Кызыл кыргыз тарыхы":

«Камандай качырганыңан кайта тартпа» деген макал бар. Эски заманда кыргыз чечек оорусунан абдан корккон. Чечектен аман калуу үчүн эгерде элди чечек каптаса, чечек чыкпайт деп доңуздун этин дары катарында жеген.

Доңузду кыргыз “кара кийик” деп да айткан жана тукуму тез өсүп, көптөн тууган үчүн жылга киргизсе керек”.

Талкуунун жүрүшүндө ушул саптардын ээси мындайча пикирин кошумчалады:

“Менимче, теңир-тоолук түрк калктары исламдашкандан кийин гана доңузду тергеп “кара кийик” деп атай башташкан. Жазма булактарда "доңуз жылы" деп эле айтылат. Бөрүнү кийин гана табу кылып тергеп "карышкыр" атап калган сыяктуу көрүнүш”.

Айтмакчы, бул он эки жаныбардын атына байланыштуу жылдык система күн календарынын бир түрү болуп саналат. Адатта, жазындагы күн менен түн теңелген маал (нооруз) – түрк калктары үчүн жаңы жылдын башаты болгон.

Ата-бабабыздын түшүнүгүндө, доңуз жылы - токчулук жылы деп саналган.

Кыргыздын көпчүлүгү ислам динине өтүп, анан жапайы доңуздун этин да жерий баштаганда, “доңуз” сөзүнө табу өзүнөн өзү жарыяланып (тергелип), ал түгүл быйылкы жылды да “Кара кийик жылы” деп атагандар бар. Мунун өзү да, балким, убактылуу “мода” сыяктуу көрүнүштүр.

Замандаштарыбыз жана этнографтар туура белгилешкендей, азыр деле мусулман эмес кыргыздар жапайы доңуз этин жей беришет (мисалы, фу-йү кыргыздары, тарбагатай кыргыздары ханафий кыргыздардын диний чектөөлөрү менен эч иши жок жашап келишет).

Доңуз жылы. 2007-жылы Кыргызстанда чыгарылган почтоо маркасы.
Доңуз жылы. 2007-жылы Кыргызстанда чыгарылган почтоо маркасы.

Дагы бир жагдай бар. Жыл аталышы - азык аталышы эмес.

Эгерде мүчөлдүк жыл аталышындагы “доңуз” сөзүн азык катары аңдасак, анда чычкан, улуу, жылан, маймыл, ит жылдарынын атын эмне кылабыз? Алардын этин деле жебейбиз го.

Албетте, дарылыкка деп жылан, иттин этин жегендер учурап калып жүрөт деңизчи, бирок уламыштагы жана жомоктогу ажыдаардын (жылсанакта “улуу” деп аталган жандыктын) этин жемек тургай, сүрөтүн гана мултфилмден эле көрүп келебиз го?

Демек, алардын аты менен аталган жылдардын аталышын азык-түлүк булагы катары “тергөөнүн” деле зарылчылыгы болбогон соң, быйылкы жылды “ийменип” “Кара кийик жылы” дебестен, миңдеген жылдар мурдагыдай эле “Доңуз жылы” деп атай бергенибиз ылайык го.

Айтмакчы, “маймыл” сөзү (фарсыча “маймун” – میمون) кыргыз тилине кийин гана кирген. Жылдын аталышын байыркы бабаларыбыздын терминин жок дегенде мүчөлдүк жылсанакта сактоо максатында “Мечин жылы” деп атай бергенибиз туура го деп ойлойм.

Эми мүчөлдүк жыл санакка ылайык соңку маалыматты тиркей кетелик

Мүчөл

жылдарынын

аталышы

Григорийлик жылсанак жылдары

Чычкан жылы

1960

1972

1984

1996

2008

2020

Уй жылы

1961

1973

1985

1997

2009

2021

Барс жылы

1962

1974

1986

1998

2010

2022

Койон жылы

1963

1975

1987

1999

2011

2023

Улуу жылы

1964

1976

1988

2000

2012

2024

Жылан жылы

1965

1977

1989

2001

2013

2025

Жылкы жылы

1966

1978

1990

2002

2014

2026

Кой жылы

1967

1979

1991

2003

2015

2027

Мечин жылы

1968

1980

1992

2004

2016

2028

Тоок жылы

1969

1981

1993

2005

2017

2029

Ит жылы

1970

1982

1994

2006

2018

2030

Доңуз жылы

1971

1983

1995

2007

2019

2031

"Доңуз жылы" аталышынын жана жалпы он эки жаныбардын аты менен аталган жылсанактын келип чыгышы тууралуу байыркы ханзулардын, азиялык бутпарастардын, монголдордун, кхмерлердин жана башка калктардын өз алдынча уламыштары бар.

Аларга токтолуп отурбастан, тек гана бул он эки жаныбардын аталышына негизделген жылсанак салты Чыгыш, Түштүк, Борбордук жана Кичи Азиянын жана Чыгыш Европанын көптөгөн калктары үчүн кылымдар карыткан улуттук-маданий асыл-нарктардын бирине жатаарын, демек, адамзаттын кыйла бөлүгү үчүн орток маданий мурас болуп калгандыгын баса белгилейлик.

Куттук сөз

Доңуз жылы жалпы эл-жерибиздин түгөл эсенчилигинин, ынтымагынын, өнүгүүсүнүн жылы болсун!

Эл арасында ар бир үй-бүлөнүн жалпы мээнети кайткан, изги мүдөөсү жүзөгө ашкан бакыбаттыкта, шаттыкта өмүр сүрүшүн тилейбиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG