Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Калыстыкты сүйгөн Кара кийик


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Доңуз жылы кандай болот? Кимге ийгилик жылмайып, кимди жерийт?

Астрологдор 2019-жылдын ээси болгон Доңуз (же Кара кийик) тынчтыкты сүйгөн, күчтүү, өжөр жаныбар экенин эске салып, ак эмгеги менен оокат кылган, аракетчил адамдар ийгиликке жете турганын белгилеп жатышат. Мындан сырткары алар саясатта да, жеке жашоодо да окуялар тез өнүгүп, өзгөрүп, адилеттүүлүктү талап кылган жыл болорун эскертишет.

Чыгыш календары боюнча жылнаамага аты ыйгарылган Доңуз эч качан атаандашпаган, ошонусу менен ийгиликке жеткен, аракетчил, чынчыл, ишенчээк, тобокелге салбаган, бирок оюнду жакшы көргөн, ошол эле кезде ачуусуна тийгенди челип салып сазайын берчү мүнөзү бар жаныбар катары сүрөттөлөт.

Доңуз табиятынан сезимтал жана ак көңүл келип, талаш менен чырды жектеп, ызы-чуудан качып турат. Ушундан улам астрологдор 2019-жылды доңуздун кулк-мүнөзүнө салыштырып карашат. Ага ылайык, бул жыл калыстыкты талап кылган, алдыга умтулгандарга ийгилик жылмайган, ошол эле кезде окуяларга бай жылдардан болот деп божомолдошот.

Бишкектеги адам мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөчү “Астрон” борборунун жетекчиси Андрей Рязанцевдин божомолунда, Кыргызстан үчүн Доңуз жылы Ит жылына караганда жеңилирээк жылдардан болот. Астролог бул жыл мурда баштап койгон идеяларды ишке ашырууга, өнүгүүгө ыңгайлуу жыл деп эсептейт. Ал убакытты, каражатты туура пайдаланып экономикалык маселелерди чечип алууга боло турганын белгиледи:

- Ит жылы оор болгон себеби - Марс планетасынын каршылыгы себеп болду. Ал узак убакыт бою каршы багытта жүрдү. Ошондуктан мурдагы айрым маселелер калкып чыгып, кандайдыр бир жаңы идеяларды ишке ашырууда кыйынчылыктар болду. 2019-жылы планетардык абал жакшыраак, жеңилирээк. Февраль айынан тартып Доңуз жылы башталат. Ошол убактан баштап ири долбоорлорду ишке ашырууга, жаңы компанияны каттоого же инвестицияга ыңгайлуу учур келет. Финансы жагынан алганда да 2019-жыл абдан ыңгайлуу жыл деп эсептелет. Бекеринен тыйын топтогучтар чочконун формасында болгон эмес. Кирешени көбөйтүүгө февраль жана ноябрь-декабрь айлары жакшы деп эсептелет.

Рязенцевдин божомолунда, Кыргызстанда 2019-жыл эмоционалдуу, адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту далилдеген учур болот. Астролог анын жыйынтыгы март айында сезилерин айтты:

- Негизи Доңуз жылында туулгандар так, калыс жана өз оюнан кайтпаган адамдар болот. Кээде алар талашып-тартышат, күрөшсө ачык күрөшөт, бирок алардын көбү "котур ташы койнунда" эмес, интригага аралашпаган адамдардан. Ошондуктан бул жыл Кыргызстанда да мыйзамдуулукту, калыстыкты талап кылган учур болот. Саясатта, спортто жакшы жыйынтыктар кезигет. Доңуз жылындагы актерлор да, саясатчылар да көп. Мисалы, спортчу жана актер Арнольд Шварценеггер, актриса Людмила Гурченко, АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон. Эгер Кыргызстан тууралуу айта турган болсок, март айында сезимдер күчөйт. Бир жагынан алганда ал тактыкты, мыйзамдуулукту көрсөткөн учур болот. Айрымдар өзүнүн ак экенин далилдегенге аракет кылышат. Экинчиден, 2019-жыл саякаттын, байгерчиликтин жана калыстыктын жылы болот.

Ошентип, астрологдун божомолуна ишене турган болсок, 2019-жылы Доңуз жылында төрөлгөн саясатчылардын, спортчулардын, актер-ырчылардын ити чөп жечүдөй. Андай саясатчы, мамлекеттик кызматкерлердин арасында Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова, Дастан Бекешев, Бишкек жана Ош шаарынын мэрлери Азиз Суракматов менен Таалайбек Сарыбашов, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Болот Шер бар. 2020-жылы парламенттик шайлоо боло турганын эске алганда, жогоруда аты аталган депутаттар келерки жылы жанданып, эл көзүнө көрүнүшү ыктымал.

Асел Кодуранова.
Асел Кодуранова.

- Жалпы саясат кандай болорун билбейм, күндө өзгөрүп жатканын көрүп жатпайсыңарбы. Менин маселем деле кызуу болду го. Кичине кезибизден жаңы жыл келатканда чоңу да, кичинеси да “жакшы жыл болсун, элдин жашоосу оңолсун” деп тилечүбүз да. Азыр деле ошол максат менен баратабыз да. Албетте, 2019-жылдын жарым жылы тынчыраак өтсө да, жарымында шайлоого даярдык башталат да. КСДП партиясынын тарыхы чоң. Албетте, шайлоого даярданабыз. Жеке мен өзүм да шайлоого катышам деп ойлоп жатам, - дейт Кодуранова.

Доңуз жылында туулган депутаттардын дагы бири Дастан Бекешев 2019-жылы саясат кызыйт деп эсептейт. Ал да келерки жылы шайлоого даярдык көрөрүн жашырган жок:

- Саясатта кызыктуу нерселер болушу мүмкүн. Себеби парламенттик шайлоого даярдык башталат. “Мүчөл жылында ден соолукка жакшылап караш керек” деп ар кандай нерселерди айтышат, бирок ден соолукту сөзсүз караш керек.

Мурдагы мамлекеттик катчы, коомдук ишмер Дастан Сарыгулов алдын-ала келечекке көз чаптырыш үчүн астрологдордун божомолуна ишене бербей тургандыгын белгилейт. Бирок ал жылдыздар боюнча жаңырган жылда жаз эрте келип, узакка созуларын эскертүүдө. Анын пикиринде, 2019-жылы саясат кызып, экономика унутта калышы ыктымал. Мындан сырткары ал кыргыз нукура тарыхына кайтып келген жыл болот деп эсептейт.

Дастан Сарыгулов.
Дастан Сарыгулов.

- Саясат курч болот, бирок элине жагымсыз, мамлекетке кереги жок нукта жүрөт, - деди ал. - Жыл тууралуу айта турган болсок, негизи кыргыз кара кийикти дарылыкка гана жечү. Мындай урунган эмес. Дөбө маданиятында да чочконун сөөгү табылган эмес, кыргыз чочко баккан эмес. Бирок төлгө кылганда “Кара кийик оор, бирок жакшы жыл болот” деген. Саясатта да эки адамдын тиреши менен өлкөнүн өнүгүшү, идеологиясы, мамлекеттин келечеги унутта калат, экономикага кол тийбейт. Чынын айтканда, 2018-жылы экономика жаатында жигердүү аракет болгон жок да. Демек, 2019-жылы экономикада да, саясатта да абал оор болот. Бирок Доңуз жылында туулгандарга, мүчөл жылдагыларга ийгиликтүү жыл болот.

Ал эми парапсихолог Лариса Асанбекова Доңуз жылнаамадагы акыркы жыл болгондуктан жыйынтык чыгаруучу жылдардан болорун белгиледи:

Лариса Асанбекова.
Лариса Асанбекова.

- Бул ак ниет, чынчыл адамдар үчүн жакшы жыл. Алдап же тескери иш кылгандарды челип ыргытат. Анда терс энергияга туш болот. Экинчиден, бул ашыкча ысырапкорлукту жактырбайт. Билим алууга, интеллектти көтөрүүгө багытталган, фантазиясы күчтүү, жазуучулар үчүн жакшы жыл болот. Бул жылы Сары каман деп айтылып жатат. От, күн, алтын сары түстө, байлык алып келген берекелүү жыл болот. Экинчиден, өрттөн сактаныш керек. Жаңы иш баштагандарга эмес, мурдагы баштаган ишин уланткандарга ийгилик жылмаят. Бул жылнаамадагы 12 жаныбардын аягы болгондуктан бардык жылдагылар үчүн ийгилик алып келиши керек.

Астрологдордун божомолуна ишенсек, 2019-жыл ишкерлик үчүн ыңгайлуу жыл. Бул жылы дыйкандар ишинин үзүрүн көрөт.

Ал эми Доңуз жылы туулган атактуулардын арасында Стивен Спилберг, Вуди Аллен, Вольфганг Амадей Моцарт, Гектор Берлиоз, Хилари Клинтон, Арнольд Шварценеггер, Роберт Доул, Роналд Рейган, Ричард Дрейфус, Гленн Клоуз, Генри Форд, Эрнест Хемингуэй, Барри Гибб, Альфред Хичкок, Элтон Жон, Кевин Клайн, Майкл Паркинсон, Альберт Швейцер жана башкалар бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG