Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Маймыл жылы машакат көп болобу?


Астрологдор маймыл жылы төрөлгөн адамдардын арасында артисттер, жазуучулар жана саясатчылар басымдуу болорун айтышат. Мындан улам алар жаңы жыл өзгөчө саясий чөйрөдө жүргөндөр үчүн бурулуш жыл болорун эскертишет.

Кой жылы соңуна чыгып, маймыл жылынын алдында астрологдор жылдыз төлгө тартып, жаңы жылдын боло турган жаңылыктары менен өксүктөрүн таразалап турган мезгили.

Чыгыш календары боюнча жылнаамага аты ыйгарылган маймыл ички туюму күчтүү, жөндөмдүү, бирок маанайы тез өзгөргөн, айрым учурда ачуулуу болуп, эч нерсени көтөрө албаган, кылык-жоругу күтүүсүз өзгөрүп кеткен жаныбар катары сүрөттөлөт. Мындан улам астрологдор келе жаткан жаңы жылды маймылдын кулк-мүнөзүнө салыштырып карашат.

Бишкектеги “Астрон” адам мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөчү борбордун жетекчиси Андрей Рязанцевдин божомолунда, Кыргызстан үчүн маймыл жылы айрым кыйынчылыктар менен башталчудай. Өзгөчө январь, февраль айлары татаал келип, бул учурда мурда кетирилген, туура эмес жасалган кадамдардын кесепеттери чыга баштайт. Мындан улам март айында өкмөттүк деңгээлде айрым өзгөрүүлөр, кызматтык орун алмашуулар болору күтүлөт. Анын жыйынтыгы март айында сезилерин айтат астролог:

- Маймыл жылын бир жактуу кароо мүмкүн эмес, бул жыл окуяга бай болуп, Кыргызстанда өзгөчө валюта рыногунда кыйынчылыктар орун алат. Өкмөттүк деңгээлде болгон өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгы март айында сезиле баштайт. Июнь-июль айларында демилге көтөрүлгөн реформалар экономика жана өндүрүш тармагында реалдуу өзгөрүүлөргө жол ачат. Буга чейин ишке ашпай турган долбоорлор кайра көтөрүлүп, алар үчүн инвесторлор табылып, ишке аша баштайт. 2015-жыл Нептун планетасынын таасири астында болуп, ал учурда кайсы бир аракеттер көрүлгөндөй болгону менен реалдуу жылыштар байкалган эмес. 2016-жылы Уран менен Меркурий планеталарынын таасири тиет. Мындай учур өлкө эгемендик алган мезгилден бери боло элек болчу. Бул жыл бурулуш жыл болуп, өзгөрүүлөр 2017-жылга чейин созулат. Мында учур 40 жылда бир келет.

Астролог 2016-жыл маймыл жылында төрөлгөн адамдар үчүн абдан ыңгайлуу учур болорун белгилейт. Ал маймыл жылы туулгандардын арасында өзгөчө маданият адамдары, жазуучулар, саясатчылар басымдуу болорун айтып, бул убак аларды бир топ жаңы кадамдарга түртөрүн кошумчалайт. Астролог өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин маймыл жылы төрөлгөнүнө токтолуп, анын жашоосундагы өзгөрүүлөр түздөн түз мамлекеттеги окуялар менен байланыштуу болорун эскертет.

Ошентип астрологдун божомолуна ишене турган болсок, анда президент Атамбаев үчүн 2016-жыл алтын доордун башталышы болчудай.

- Президент маймыл жылы менен бийкеч жылдызынын тогошкон учурунда төрөлгөнүн эске алганда, бул жерде анын элге кайрылууларын, үй-бүлөлүк баалуулуктарга карата көз карашын белгилеп өтүүгө болот. Ал бийликке өтө татаал учурда келди. Ошентсе дагы соңку беш жылда биз салыштырмалуу туруктуу өлкөдө жашап жатабыз. Ал азыр өлкөнүн өнүгүшүнүн жолдорун издештирип жатканы көрүнүп турат. Президенттин жалындуу маймыл жылында төрөлүп, анын ушул учурда бийликте туруусу дагы маанилүү дал келүү десек болот. Азыр бардыгына көзү жетип турган куракта турат. Мындан улам анын алдында бүт өмүрүн көз алдынан өткөрүп, жаңы максаттарды аныктоо милдети турат. Анткени алдыда жасай турган иштер көп.

Кыргызстанды 2016-жылы олуттуу өзгөрүүлөр коштойт деген көз карашты ушул тапта саясаттан оолак жүргөн, революционер Азимбек Бекназаров да айтат. Бирок ал жаңы жылы боло турган саясий окуяларды таптакыр башкача боёкто көрөрүн айтып, астрологдордун оптимисттик көз карашын бөлүшө албастыгын белгиледи.

Азимбек Бекназаров да астролог айтмакчы, өзгөрүүлөргө карай бет ала турган маймыл жылкы саясатчылардын катарын толуктайт. Ошондой эле 2005-жылы ал активдүү катышкан революциянын толкуну менен тактан түшүп, качып кетип, тагдыры түп-тамырынан өзгөргөн экс-президент Аскар Акаевдин да маймыл жылы төрөлгөнүн эскерте кетели.

- 2004-жылы да ушундай суроо болгондо мен айткан элем, ошол жылы ушундай бир аныктоочу жыл болот, 2005-жылы Кыргызстанда чоң бир өзгөрүүлөр болот деген элем. Айткандай эле алардын баары болду. Эми 2016-жыл сөзсүз аныктоочу жыл болот дегим келет. Оппозиция да, позиция да, саясий күч, элита өзүнүн жүзүн көрсөтөт. Бул 2017-жылга чоң плацдарм болот. Жакын арада ийгиликтүү жыл болбойт. Эмнебизге ийгиликтүү жыл деп айтабыз?

Бийликтин иш-аракетине ичи чыкпаган саясатчы келечекке карай пессимисттик позицияда турганы менен жаңы жылды жакшы тилек менен тосуп, мүчөл жашына карата ырымдап кызыл көйнөгүн кийип, жеке турмушунда алдыга койгон максаттарын ишке ашырам деп турган чагы экен.

- Быйыл максаттарым бар. Мен быйыл докторлугумду жактайын деген ниетим бар. Кудай кааласа жактайм. Мен 2011-жылы талапкер болгом. Ушул мага чоң максат. Экинчиси - мына азыр карапайым элге мыйзамды түшүндүргөн же жөнөкөй эле кеңеш берген контора болбой жатканына байланыштуу бир ишти баштагам, бир ай болоюн деп калды, ошону улантам.

Мурдагы мамлекеттик катчы, коомдук ишмер Дастан Сарыгулов алдын ала келечекке көз чаптыруу үчүн астрологдордун божомолуна ишене бербестигин белгилейт. Анын пикринде келаткан жыл оор сыноолорго бай болот. Азыркы кризистик жагдай, соңку беш жыл ичинде жаза басылган кадамдардын жыйынтыгы ушул 2016-жылы калкып чыгат.

Сарыгуловдун айтымында, келечекти аныктоо үчүн кандайдыр бир божомол, сыйкыр ишенимдерге үмүт байлоо мүмкүн эмес, анткени келечек адамдын өзүнүн аракетинен, жасаган ишинен көз каранды.

- Балким бай адамдар бийликке жетип алып, анда жүргөн адамдар үчүн ошондой жакшы маанайда божомол кылуу жакшыдыр. Бирок биз ачуу чындыкты жаап-жашыра албайбыз. Жылды канчалык мактап, жакшы болот деген менен калыс баалай турган болсок, жыл оор болот, муну элге ачык айтышыбыз керек. Кыргызда “Өмүр тагдыр жараткандан, турмуш тагдыр адамдын өзүнөн” деген накыл сөз бар. Ушундай баалуулуктар менен кыргыз кыйынчылыктарды жеңип келген. Ошондуктан кийинки жылы кыргыз ойгонуп, көзү ачылып, бабалардын тарыхый басып өткөн жолунан үлгү алып, ошого таяна турган болсо, кыйынчылыкты жеңет.

Ошентсе да маймыл жылында мүчөл жашка толуп, бурулуш окуялардын ээси болуп, кызык көйнөк кийчүлөрдүн катары экс-президент Аскар Акаев, азыркы президент Алмазбек Атамбаев, революционер саясатчы Азимбек Бекназаров менен эле чектелбейт. Астролог адис айтмакчы, жаңы жылдын ийгиликтери көбүрөөк энчилеген бактылуулардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жээнчороев, Кубанычбек Жумалиев, Рыскелди Момбеков, биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев, экономика министри Арзыбек Кожошев, Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Алик Мамыркулов жана башкалар бар.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG