Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Доңуз жылы азил чачыласын чачып келе жатат


"Бир кылым артка кеттик, саатым!" (Кимбайкенин азил сүрөтү). 02.6.2011.
"Бир кылым артка кеттик, саатым!" (Кимбайкенин азил сүрөтү). 02.6.2011.

“Күлкү кербендин” кезектеги чыгарылышы 2019-жылдын ирегесиндеги жаңы жылдык азилдер шиңгилинен турат.

* * * * * * *

Урматтуу айымдар жана мырзалар! 31-декабрда саат 23:55те уюкфонду жана интернетиңерди четке койо тургула! Болбосо Доңуз жылы үйүңөргө байкатпастан кирип кетиши мүмкүн!

* * * * * * *

— Вова Путин менен Нуракенин жаңы жылдык каалоолорунун өзөгү эмнеде?

— Окшош эле. Экөө тең: «Мен силер менен кийинки жылы да боло берем, элим! Демек, белди бек бууп, чыдашыңар керек» дешет.

* * * * * * *

Сирия… Орус аскер базасынын четинде нөөмөттө турган жаш жоокер автомат менен тытыратып, анан «Тийди-и!» деп мактана кыйкырып калды.

— Жолдош командир! Мен бизге мүшөк көтөрүп келе жаткан чоң сакалчан ваххабитти атып салдым! Кызыл-тазыл чапан кийип алыптыр!

— Ка-ап, мына ушу сендейлердин азабынан бизге белек алып келе жаткан Аяз атаны ушуну менен экинчи жылы атып салып жатабыз!

* * * * * * *

31-декабрда кечинде тестиер Шоңур ата-энесине келип айтат дейт:

— Келгиле, азыр эле «Доңуз жыл келди! Кана, тортту тезирээк кескиле!» деп чогуу кыйкыралык.

— А эмне үчүн?

— Кошунабыздын баласы Моңур укса, Жаңы жыл Шоңурдукуна эртерээк келген окшойт деп ойлоп калат да!

* * * * * * *

Эрезеге жеткени калган улан же кыз үчүн эң мыкты Жаңы жылдык белек – бул акчалай белек. Анткени ал «мындай белекти мурда эле алгам» деп эч качан капа болбойт да.

* * * * * * *

Жаңы жылдык куттук катты орусча жазганга караганда кыргызча жазуу жеңил. Анткени кыргыз тилинде эркек жана аял деп жыныска бөлүп отурбайсыз! Тек гана башында эркектерге ата, аба, байке, аке, таяке, тага, кайним… деп коюш керек, аялдарга жазганда апа, эже, тайэже, сиңдим, балдызым… дегенди унутпаш керек. Бөлөгө жазсаңыз жынысына бөлбөстөн«бөлөм!» деп эле койосуз. Кандай жеңил!

* * * * * * *

— Жаңы жыл маселеси боюнча силер тиешелүү үй-бүлөлүк чечим кабыл алдыңарбы?

— Ооба. Эл катары бизге деле Жаңы жыл келе берсин деп чечтик.

* * * * * * *

Жаңы жыл босогого жакындаганда небереси Шоңур чыргоолой баштаганда чоң апасы аны капысынан сүйүнттү:

— Билесиңби, сага Аяз ата чоң белек – оюнчук тапанча алып келе жатат! Тартиптүү болсоң, сөзсүз тапшырат.

— И-ий, ырас болбодубу! Эми менде эки тапанча болуп калат турбайбы!

— Каяктан экинчи?.. — дееп чоң энеси таң калды.

— Берки биринчисин сиздин керебеттин алдында жашырып койгон жериңизден жанараак таап алдым да!

* * * * * * *

Жаңы жыл алдында Аяз атанын ролун аткарып үймө-үй кыдырып жаткан эки өнөрпоздун бири кесиптешине кайрылды:

— Досум, менин үй-бүлөмө да башпагып, Жаңы жылы менен куттуктап койчу, байболгур.

— Эмнеге өзүң барбай жатасың?

— Билесиң да, мен мындай тейлөө кызматы үчүн көп сурайт эмесминби!

* * * * * * *

— Атаке, дүйнөдөгү эң чобур кулун кайсы, билесизби?

— Айтчы, кайсы кулун экен, уулум?

— Үч жыл мурда өзүңүз Жаңы жыл алдында мага сатып берем деп убада кылган кулун! Дагы эле бизге жете албай жатат!

* * * * * * *

Жаңы жыл убадасы – бул аткарылбас убада айтуунун куру убарасы.

* * * * * * *

(TT)

XS
SM
MD
LG