Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:41

Кыргызча күн аттары кайдан келген?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызда жети күн бир жума же бир апта деп айтылат. Жума деп айтабызбы же апта деп айтабызбы, иши кылып андагы жети күндүн да ар биринин дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби деген өз-өзүнчө энчилүү аттары бар. Бүгүн биз аптанын (жуманын) жана күн аталыштарынын кайдан чыкканы же кыргыз тилине кайсы тилден келип киргени жөнүндө кеп курууну чечтик.

Ушул жылдын 18-февраль күнү «Азаттык» радиосу менин көп жылдык изденүүмдүн натыйжасында жазылган «Шабдалы деген сөз кайдан келген?» деген аталыштагы блогумду жарыялаган болчу. Анда мен бакчылык, багбанчылык жагында жана айрым жемиштердин аттары, ал аталыштардын кыргыз тилине кайсы тилдерден келип киргени жөнүндө сөз кылган элем. Ошондой эле кылымдар бою бирде түздө болсо, бирде бийик тоолордун арасында көчмөн турмушту баштан кечирип, төрт түлүк күтүп келген кыргыз элинин тили өзү жашаган жерлердин жаратылышына, географиясына жана табигый шарттарына жараша жер-суу аталыштарына абдан бай экенин мен бир катар мисалдарга таянып айткан жазган эле.

Ошол блогду окуган бир боордошум «автор неудачный убакта неудачный теманы баштаптыр. Бир даракты бак десе болбойт деген теманы шылтоолоп, кыргыз сөздөрүн жетелеп барып тажик тилине байланыштырыптыр. Тажикти жакшы көрсө өзүнчө эле жакшы көрбөйбү. Мага десе кызыңды берип күйөө бала кылып ал…», деген пикирин жазган эле.

Ооба, жазылган блог боюнча ар ким өз оюн айтууга акылуу. Бул жерде мен улуттук тилдер, алардын тарыхы жана ар кандай тарыхый шарттар менен кырдалдарда бир тилге башка тилдерден оошуп кирген сөздөр жагынан кабары жок кишилер «төө десе бээ дегендей» же «мурдуң кайсы десе көзүн көрсөткөндөй» болбой «чымчыкты сойсо да касапчы сойсун» дегендей, «тиштери өткөн» темада талашып-тартышса жакшы болор эле. Ошентип бүгүн да кыргыз тилине тажик тилинен оошуп кирген айрым сөздөр жана алардын маанилери жөнүндө сөз болмокчу.

Мен адатта фарсы тили дегендин ордуна тажик тили деп жазып жүрөм. Себеби, биз, кыргыздар, кылымдар бою фарсы тилдүү элдердин ичинен тажиктер менен гана кошуна жашап, жакын санаалаш кошуна катары ушул эл менен карым-катнаш түзүп келебиз. Ал эми ирандыктар кайда да биз кайдабыз?

Жыл санакта жылдын же айдын жети күндүк убакыт үзүмү кыргыз тилинде «апта» деп айтылат. Бул сөз кайсы бир замандарда биздин тилибизге тажик тилинен келип кирген. Бул сөз тажик тилиндеги «хафта» деген сөздөн өздөштүрүп алынып, эсептик санды түшүндүрөт. Бул сөздүн уңгусу «ъафт» деп айтылып, кыргыз тилине «жети» деп которулат. Ал эми жыл же ай ичиндеги жети күндүк эсептик санакта «хафта» – «жетөө» деп айтылып, жети күн деген маанини билдирет

Биз азыр Григорий жыл санагы боюнча үчүнчү миң жылдыктын жыйырманчы жылында жашап жатабыз. Саатпы, күнбү, аптабы, айбы, жылбы, мүчөл жылбы же кылымбы, иши кылып убакытты, Жердин Күндү, Айдын Жерди айлануусунун убактысын эсепке алуу адамзат тарыхындагы зор жетишкендик болуп саналат.

Өтүп жаткан убакытты саноо миңдеген жылдардын ичинде уламдан-улам такталып, өнүгүп келгени маалим. Секунд, мүнөттөн баштап саат, күн, апта, ай, жыл жана кылымга чейинки убакытты саноо максатында ойлоп табылган сааттар, жыл санактар адамзаттын жүздөгөн билерман жана акылы тунук балдарынын түйшүктүү эмгегинин натыйжасы болуп саналат. Алардын ичинде фарсий жана түрк тилдүү элдерден чыккан Орёбхото, Марылык Абумансур, Ферганалык Ахмад, Хоженттик Абумахмуд, Берунилик Абурайхон, Умар Хайём, Насриддин Туси ж.б. ондогон ойчул бабаларыбыз болгон. Алар математика, астрономия илимдерине да Пифагор, Аристарх, Эвдокс, Гипарх, Евклид, Птолемей, Ши Жэн, Коперник, Браге, Кеплер, Галилей, Ньютон, Гюгенс, Эйнштейн ж.б.у.с. атактуу инсандардан кем эмес салымдарын кошушкан.

Адам баласы таш доорунан бери эле убакыт саноонун жөнөкөй ыкмаларын ойлоп таап пайдаланып келген. Тарых барактарында ошол жөнөкөй ачылыштар жөнүндө маалыматтар сакталып калган. Убакыт саноонун зарылчылыгы, тагыраак айтканда жыл санактарды түзүү иши мергенчиликке чыгуу, жараткан адам баласына ыроологон табият байлыктарын жыйноо, жер иштетүү, мал багуу сыяктуу турмуштук зарылдыктардан улам келип чыккан.

Археологиялык казуулар дүйнөдөгү алгачкы мамлекеттүүлүктүн пайда болгон мекени Жакынкы Чыгыш экенин аныктаган. Байыркы Бабулдун (Вавилон) даанышмандары Ай менен Күндүн, жылдыздардын кыймыл-аракетин үйрөнүүнүн аркасында жылды 365 күнгө жана асмандагы жылдыздарды 12 буржга (галажылдызга) бөлүшкөн. Ал эми жылдагы күндөрдү саноо оңой болушу үчүн аларды 12 айга, бир айды 29-30 күнгө, Күндүн айласында жердин айланып чыгышын 24 саатка, бир саатты 60 мүнөткө, бир мүнөттү 60 секундга жана айлананы (тегерек сызык) 360 градуска бөлүшкөн. Булардан тышкары Күн жана кум сааттарын түзүшкөн. Ушул жерде айта кетсем, мен кыргыз тилинде секундду ирмем, ал эми мүнөттү тыным деп атап алмакмын. Талаачылык менен мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө жана кеңири жайылтууга байланыштуу убакыт санагы акырындап башка аймактарга да тарай баштаган.

Баса, мурунку доорлордо арий тукумундагы элдерде деле 12 айга бөлүнгөн бир жыл 365 күндөн, 12 айдын ар бири 30 күндөн туруп бир жыл 360 күндү түзгөн. Калган беш күн жылдын акырына кошулган.

Эмне үчүн айдын күндөрүн апталарга (жума) бөлүшкөн? Буга биз айдагы күндөрдү саноо оңой болушу үчүн деген жоопту айткыбыз келет. Ай менен аптанын күндөрүн эсептөөнүн бул жөнөкөй ыкмасы байыркы адамдардын узак мезгилдер бою изденүүлөрү менен тажрыйбаларынын натыйжасында жаралган.

Акыркы төрт-беш миң жылда эски билермандар түзгөн жыл санактарда апта үчтөн онго чейинки күндөрдөн турган. Жакынкы Чыгыш менен арийлер мекендеген жерлердеги жети күндүк апта эсеби айдын күндөрүн бөлүүнү ойлоп табуунун биринчи табылгасы болуп саналат. Египет менен Грекияда он күндүк жана Римде жети күндүк апта жыл санагы да пайдаланылган.

Айдагы күндөрдүн жети күндүк аптадан турушу эски диний түшүнүктөргө барып такалат. Ошол эски диний түшүнүктөргө негизденип айта турган болсок Кудай-Таала Ааламды жети күндө жараткан болот. Көрсө байыркы Бабулдагы табынуучу (сыйынуучу) жети кабат чоң имарат да жогоруда айтылганга атайын негизделип курулган экен. Асманда деле жети сейилчи (планета) – Ай менен Күн жана Күндү жандоочу дагы беш сейилчи болгон. Ушундай себептерден улам фарси тилдүү журттарда жети саны байыртадан бери ыйык саналып келет. Буга бул элдерде зороастризмдин тушунда Нооруз майрамын утурлап аталыштары «Ш» тамгасынан башталган Шароб (шарап), 2. Шир (сүт) 3. Ширин (таттуу), 4. Шакар (шекер, кант), 5. Шарбат (шербет, шире суулар), 6. Шом (шам, чырак) жана 7. Шона (тарак) сыяктууларды даярдалып келишкенин мисал келтирсе болот. Ал эми ислам дини келгенден кийин жогорудагы тизмедеги айрым нерселер, мисалы, ичкен кишини акылдан аздырып-тоздурган шарап менен отко сыйынуунун белгиси болгон шам бул тизмеден алынып ташталып, аттары «С» тамгасынан башталган бул жети нерсе: 1.Сир (сарымсак). 2. Сабза (буудайдын майсасы, көгү). 3. Санжид (жийде). 4. Себ (алма). 5. Сирко (уксус). 6. Сипанд (чөптүн бир түрү). 7. Сухон (бадамдын данеги кошулуп жасалган печенье, коржик) нооруздук дасторконго коюла баштайт.

Ошентип башка фарси тилдүү элдер сыяктуу эле бизге кошуна жашаган тажик элинде да жети деген сан байыртадан бери ыйык тутулуп келет.

Биз жогоруда тажик тилинде «хафта» («апта») деген сөз «жетөө» деген эсептик санды билдирет деп айттык. Бирок бүгүнкү күндө «хафта» («апта») деген сөз убакыт аралыгын же бөлүгүн саноодо «жети күн» деген маанини туюндурат.

«Шанбе» – «ишемби» деген сөз фарсы-тажик тилдеринде сандаган кылымдардан бери белгилүү. Бул сөз орто кылымдардагы сөздүктөр менен чыгыш поэзиясынын жылдыздарынын чыгармаларында «шанбид» жана «шанбеҳ» деген түрүндө да кезигет. Окумуштуулардын божомолуна таянып айта турган болсок, «шанбе» деген сөз азыркы жыл санактын биринчи миң жылдыгында соми тилинин бабул деген тарамында «Күн» деген маанини да туюндурган.

«Шанбе» деген сөздүн ислам дини пайда болгондон кийин араб жана жаңы арий жерлеринде жашаган фарси тилдерине жайылып кеткени шек туугузбайт. Бул аймакта «шанбе» деген сөзгө бирден бешке чейинки як, ду, се, чахор жана панж деген сандарды кошуу менен биринчи күндөн бешинчи күнгө чейинки күндөрдү аташкан. Ошентип «якшанбе» деген сөз кыргызчага биринчи күн, «душанбе» экинчи күн, «сешанбе» үчүнчү күн, «чахоршанбе» төртүнчү күн жана «панжшанбе» бешинчи күн деп которулат. Ал эми «жума» деген сөз араб тилинен алынган. Фарси тилдүүлөр бул күндү «адина» деп да аташат. Бул сөз «аноҳит» же «ноҳид» күнүнүн эски аталышынын тыбыштык жактан өзгөртүлүп айтылган түрү болушу мүмкүн. Илгери мусулман элдери жума күнүн жума намазы окула турган күн болгондуктан майрам катары тосуп алышкан. Бир маанисинде жума «жам» - чогулуу, топтошуу деген маанини билдирет. Мисалы бардык мусулмандар жума намазын окуш үчүн жами мечиттерге келишет. Христиан дининдеги элдер деле диний жөрөлгөлөрдү аткарыш үчүн «соборный церковдорго» барышат эмеспи.

Ошентип «апта» деген сөз да, аптадагы «жумадан» башка күндөрдүн аталышы да кыргыз тилине фарси-тажик тилдеринен келип кирген. Болгону эле ал сөздөр кыргыз тилинин ички мыйзамдарына баш ийүү менен тыбыштык жактан өзгөрүп айтылып калган.

Абдил-Ахат КУРБАН уулу, саясат таануучу

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG