Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-июнь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 05:58

Кубалап алар карам жок...


Иллюстрациялык сүрөт.

"Сөз дайра" берүүсүнүн бул чыгарылышында куу деген сөздүн ар түрдүү айтылышын жана алардын маанисин чечмелейбиз.

Кыргыз тилинде «Көлөкөңдү кууба, жел менен жарышпа» деген макал айтылат. Биз сиздерге «куу» сөзү байланышкан айрым сөздөрдүн маанисин түшүндүрө кетүүнү туура көрдүк.

«Куу аяк» деп койгон, начар, жакыр, жакшыраак оокат-тиричиликке жетпей келаткан үй-бүлөнү. «Азыр деле жакшылап байкасаңар, айлыңардан куу аяк үй-бүлөлөрдү табууга болот» дейт. «Ал бечараны куу аяк кедейсиң деп эле кемсинте бербегиле» дейт.

«Куу баш» деп коёт. Баласы жок, туяксыз өткөн кишилерге же үй-бүлөлөргө карата айтылган сөз. Төлөгөн Касымбековдун чыгармасында «Согончогу канабаган куу баш баланын баркын билмек беле?» деген сүйлөм бар.

«Кубалап алар карам жок, куу баш өттүм балам жок» деп зарлаган Жеңижок акын.

«Куу далы» деген сөз бар. Далысы жабышкан, арык, чабал, арык балдарга айтылат. «Ал жаштайынан эле эч жакшылык көрбөй куу далы болуп бүттү» дейт. Экинчиден итий, рахит оорусу менен оорукчан болуп калган баланы «Баласы куу далы болуптур» деген.

«Кара далы» деген да сөз бар. Бирок бул сөз башка маанини түшүндүрөт. Көчмөн турмушта кыргыздар кыздарын эрте турмушка беришкен. Ар кандай себептерден улам күйөөгө чыкпай калган же кечигип бараткан кыздарды «кара далы» деп коюшкан. Азыр бул сөз маанисин жоготуп салган.

«Куу жолтой» деп коёт, «кара жолтой» деп да айтат. «Куу жолтой киши экен» дейт. «Кара жолтой келин болду» дейт.

Дагы бир мааниси бактысыз, таалайсыз деген мааниде, көбүнчө балдарын жемелеген учурда колдонушат. «Жакшы бараттык эле, жолдон куу жолтой балам чыга калып адаштырып кетпедиби» дейт.

«Куу казан» дейт. Оокат-ашынын же казан-аягынын берекеси жок, үйүнөн адамдарды кубантып, кардын тойгузарлык тамак-аш бербеген сараң, пейили тар, битиреген адамдарга карата айтылган сөз. «Үйүнөн такыр кишилерге тамак бербеген куу казан кошунам бар» дейт. «Кокуй аныкына барбайле койгула, аялы такыр куу казан эме» дейт.

«Куу кулак» деп коёт. Дүлөй, керең, кулагы катуу кишилерге айтылган сөз. «Аларга айта бергенден пайда жок, баары эле куу кулак болуп бүткөн тура» дейт.

«Куу камчы» деп коет. Чыр-чатакты жакшы, уруп-сабаганды жакшы көргөн кишилерди айтат. «Маркум аябагандай куу камчы эмес беле» дейт.

«Куу канжыга» деген бар. Илгери мергенге чыккан кишилерди үй-бүлөсү эле эмес, бүт айылы күткөн. Анткени бир айылды бир эле мерген эт-шилең менен багып келген учурлары болгон. Мергенчи кээде аңчылыктан жолу болбой куру кол кайткан кездери болгон. «Ал дагы куу канжыга келген тура» дешкен. Бул сөз «куру кол келиптир, эч нерсе атпай келиптир» дегенди түшүндүргөн. Кийин, мергенчилерден өтүп, базарлап кетип, куру кол кайткан кишилерге өтүп, аларды да «куу канжыга келиптир» деп айтып, анан кеңири мааниге өтүп кеткен.

«Куу каптал» деп коет. Митайым, абдан куу, калп эле билмексен болгон, анткор кишилерге айтылган. «Куу каптал болуп бүткөн эме экен, кезеги келер менен башка жакка булт берип чыгып кетти» дейт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG