Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Байлык колдун кири


Мүнүшкөр.
Мүнүшкөр.

Кыргызда байларды мүнөзүнө, адамдарга жасаган мамилесине жараша атап келишкен.

Илгери, илгери бай атасы баласын ээрчитип алып, жакыр жашоо кандай экендигин өз көзү менен көрсүн деп, айылдын четиндеги эң эле кедей жашаган кишиникине алып барат.

Көрүп чыгып, жолдо келатканда баласынан сурайт:

Жактыбы?, -деп.

Жакты,- дейт баласы.

Эмнеси жакты?, - дейт атасы.

Биздин бир эле итибиз болсо, алардын төрт ити бар экен. Биздин ит үйдө биз менен чогуу жашаса, алардын иттеринин ар биринин сыртта бирден кичинекей үйлөрү бар экен.

Биздин бассейнибиз бакка чейин эле болсо, алардын арыгынын узунуна көз жеткидей эмес, биздин бассейн үн чыгарбай тунуп турса, алардын арыгы шылдырап агып турат экен. Биздин терассабыз короонун башына чейин эле болсо, алардыкы тоого чейин созулуп жатат экен.

Биз жер-жемишти, картошканы базардан сатып алсак, алар баарын өздөрү өстүрөт экен. Биздин үйүбүздү бийик дубал тосуп, сырттагылардан эч ким көрүнбөсө, алардын үйүнүн дубалы жок, кошуналарынын балдары, көчөдөн өткөндөрдүн баары көрүнүп турат экен.

Бизге тамакты үй кызматкери жасап берсе, алар апасы жасап берген тамакты ичишет экен. Мен апамдын тамагын сагындым. Аларга салыштырганда биз аябай эле кедей жашайт экенбиз, - деген экен.

* * *

Жакында Бишкектин бир жерине бара калсак, жанымдагы жолдошум:

Мына бул үч кабаттуу особняк баланча деген байдыкы, бирок мунусу токолуна катталган. Бүгүн ушул үйүндө түнөсө, эртең тигил үйүндө, бүсүгүнү башка үйүндө жашайт, - деп калды.

- Эмне үчүн?, - дедим.

- Күн сайын орун которуп турбаса, бирөөлөр атып кетет да, - деди.

* * *

Башка элдерде балким башкадыр, кыргызда байларды мүнөзүнө, адамдарга жасаган мамилесине жараша ар түрдүү аталыш менен атап келген. “Чоң бай” же “март бай” деп койгон.

Мындай байлар колундагы байлыктарын ар дайым жарды-жалчы, кедей-кембагалдар менен бөлүшүп, кишилердин муктаждыгына жумшап, каралашып турган.

“Сараң бай” же “Колтукчу бай” деп койгон. Мындай байлар элден окчун, адам көп барбаган кокту-колоттордун колтугунда өз-өзүнчө жашаган. Байлыгымды башка бирөөлөр көрүп калбаса экен дешкен. Конок чакыргандан, конок келгенден чочулап турган.

“Сасык бай” же “Кокуй бай” дегендер болгон. Көр-жери малы менен аралашып, бытылдап, чачылып, төшөгү жыйналбай, булганыч жашаган. Булардын кебетесин, жашоо-шартын көрүп-билгендер келмек тургай ансыз деле качып туршкан. Мындай байлар эч ким келбесин деп атайылап ушундай жашаган.

“Мерез бай” деген болгон. Аты эле айтып тургандай мындай байлар колунан эчтеке чыгарбаган, ташбоор, карамүртөз болушкан. Бир улагы өлсө бир ай азап тарткан. Бирөөлөргө 10 сом берсе, он жолу санамайынча бербеген.

“Уюткулуу бай” же “Кордолуу бай” дегендер болушкан. Булар кокусунан кийин байыган байлар эмес, мурдатан эле ата-бабаларынан бери туруктуу бай болуп келаткандардын тукумдары болушкан.

“Ордолуу бай” дегендер болгон. Эзелтен бийликке, ордого мамилеси жакын ордолуу байларды Эл бийлегендер шайлоо болор алдында же жеке кызыкчылыктарын жүзөгө ашырарда пайдаланышкан, кеңешкен.

Феодалдык доордо эл бийлеген бийлер менен манаптардын оң тарабында дайыма байлар отурса, сол тарабында молдолор отурган. Карапайым калктын тагдырын чечерде, же кимдир бирөөлөрдү күнөөгө жыгарда же күнөөлүү адамдын кунун бычарда, же элге салык саларда көчмөн турмуштун жол-жобосуна ылайык бийлер менен манаптар эң ириде молдолор жана бай адамдар менен сүйлөшүп маселе чечкен. Соттордун милдетин бийлер аткарган.

Ишти калыстык менен чечкен “соттор” же “бийлер” ошол кезде деле аз болгон. Доордун мүнөзүнө жараша эл бийлегендер пара жегенден тартынышкан эмес. “Бай”, “манап”, “жаман-жакшы” деген сөздөр сыяктуу эле “пара”, “акыйкатсыздык”, “абийирсиздик” деген сөздөр да жаңы эмес, эзелки сөздөрдөн болгон.

Калыстык менен акчаны таразага тартканда акыйкаттык эмес, ар дайым акча салынган жактын ташы жеңип турган. Акыйкаттык ал кезде мыйзам менен эмес адамдын адамкерчилиги, ыйманы, уят-абийири менен өлчөнгөн. Адамдар байыган сайын, абийир менен адамгерчилик акчага сатылып, ачкөздүк гүлдөгөн сайын акчасы жоктор акыйкат таппай сыздап кала берген...

Биз бүгүн ошол феодалдык доордон канчалык алыстадык? Чын эле алыстадыкпы? Эгерде алыстасак, анда “аралыгын” азыркы эл бийлегендер менен калыстык издегендердин мамилеси аркылуу салыштырып көрүңүздөрчү?

* * *

“Бай билгенди кул билет, айтайын десе эрки жок” деген макал келип чыккан. “Берсе да бай жакшы, бербесе да бай жакшы” деген. “Жардынын бир тойгон орто байыганы” деп койгон. “Байлык колдун кири” деген.

Мындан башка дагы көптөгөн макалдар бар.

“Байлык колдун кири” деген, “байлык” деген жакшылап бир жуугандан кийин жок боло турган колдун кири сыяктуу убактылуу нерсе экендигин айтып жаткандагысы. Ошондуктан: “Эр мактанса бир октук, бай мактанса бир жуттук” деген макал айтылган. Байдын мактанган байлыгы же мал-мүлкү бир келген катуу кырсыктан тыптыйпыл жок болуп кетиши мүмкүндүгүн билдирген сөз.

* * *

“Бай” деген сөз уланган адам аттары кыргызда абдан арбын экендиги белгилүү. Казакбай, Осмонбай, Бердибай... жана башка.

* * *

Бизде жакшы көргөндүктү, жакын көргөндүктү билдиргенде да дал ушул “бай” деген сөз кошулуп айтылары белгилүү. Мисалы: “энекебай”, “эжекебай”, “акебай”, “байкебай” ж. б.

* * *

Кыргызстандын айрым жерлеринде күйөөсүн атынан атабай, жакшы көргөндүктүн, сыйлап-урматтагандыктын белгиси катары “байым” деп да коюшат, кээде кемпирлер баласын же небересин “байым” деп эркелетишкен.

* * *

Үйдүн куту болгон аял улгайганда, эли-журт, жерге жээгине алынып, жакшы карыган кезинде “байбиче” деген аткан конгон. Кээде үйдүн ээси болгон эркеги токол алганда, андан мурунку аялы - “байбиче” болуп аталган. Биздин элдин салтына ылайык “байбиче” менен “токолдун” ортосунда жазылбаган эреже - ынтымак, ыйман, бири-бирине өтө жакындык болгон. Кийин бул да бузулду.

* * *

Кыргызда азыр деле “Бай-байбиче болгула!” деп жаштарга бата беришет. Аялдардын бактысы - байбичелик доорду сүрүп турган чагы болот. Көчмөн доор канчалык алыста калган менен айрым бир жакшы жактарын, мисалы чоң эне, таенелердин небере тарбиялоо салтын, байбичеликтин нарк-насили институттарын кайра жандандырып, колдон келсе калбына келтирсек жаман болбос эле.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG