Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Кудайыңды тааный жүр


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз тилинде «кудай» сөзүнө байланышкан көп сөздөр айтылат. Анда ушул сөздөргө токтололу.

«Кудай акы» деп коёт. Бир нерсенин чындыгын, аныгын, ошол окуянын болгону анык экенин бышыктоо иретинде колдонушат. Мисалы: «Кудай акы, бул сөзүңдү калыс айттың» дейт.

* * *

«Кудай алгыр!» деп коёт. Ичи тойбой калгандыгын, нааразылыгын, жактырбай калганын билдирген сөз. «Кудай алгыр, ал башынан ошондой болчу» дейт. Бул сөздүн «Кудай аткыр! Кудай албагыр!» дегендери да бар. Кээде минтип да айтылат. Мисал келтирели: «Кудай алкагыр! Баламды ишке орноштуруп жакшы иш кылбадыңбы» дейт.

* * *

«Кудай алсын!» деп да коёт. Ошол да кеппи, андан кам санаба, оңой эле, жеңил эле бүтөт деген мааниде айтылат. «Аны кудай алсын, мага кой, бүгүн эле базарга алып чыгып пулдап жиберем» дейт.

* * *

«Кудай бетин салбасын» деген сөз бар. Кандайдыр бир нерсенин өтө көп, өтө мол экендигин же адамдар таң калгандай мыкты, сонун же тескерисинче начар экендигин күчөтүш үчүн айтылган сөз. Мисалы: «Кудай бетин салбасын, тим эле өрүгү эшигинин алдына чейин төгүлүп жатыптыр» дейт. Дагы бир мисал: «Кудай бетин салбасын, жер катуу силкинген экен, жаңы эле салган тамдардан кадимкидей жарака кетиптир» дейт.

* * *

«Кудай билет» дейт. Арсар, али белгисиз жагдайды түшүндүрөт. «Барар-барбасыбызды кудай билет» дейт. «Тигилердин балбаны да мыкты экен, сеники жеңерин кудай билет» дейт.

* * *

«Кудайга кой» деген бар. Ишен, ишенип кой деген өңдүү актануу маанисинде колдонулат. «Биз сага жамандык кылсак, кудайга кой» дейт. Кээде бирөөгө өтө нааразы болгондо ошол нааразылыгын билдирип каргаганда да айтылат. «Сени кудайга койдум» дейт.

* * *

«Кудай жалгасын!» дейт. Көбүнчө келиндерди, жакшы иш жасаган кичүүлөрдү алкоо иретинде айтылат. «Кудай жалгасын, өмүрүң узун болсун балам!» дейт. Ушунун эле «Теңир жалгасын!» дегени да бар. «Сени Теңир жалгасын, балам, көп жаша!» дейт.

* * *

«Кудай кут кылсын!» деп да айтат. Буюрсун, ушул эле жетет, мындан көптүн кереги жок деп каниет кылуу маанисинде колдонулат. «Ушул тапканыбызды кудай кут кылып эл менен аман бололу, балдарым, бизге мындан деле көптүн кереги жок» дейт.

* * *

«Кудай урсун!» деген сөз бар. Кайсы бир ишти тануу, төгүнгө чыгаруу, ошонусуна ишендирүү үчүн айтылган, кай бирде каргануу үчүн колдонулуучу сөз. «Кудай урсун! Менин колум да тийген эмес» деди.

Бул сөз кээде жемелөө, тилдөө иретинде да колдонулат. «Сени Кудай урсун! Акыл-эсиң ордуңда туруп, ушундай да иш кыласыңбы!» деп тилдеди дейт.

Ушундай эле мааниде «Куран урсун!», «Туз урсун!» деген сөздөр да айтылат.

* * *

«Кудай момун» деп коёт. Абдан жоош, кой оозунан чөп албаган кишилерге айтылат. «Ал аябагандай кудай момун киши болчу» дейт.

Ушул эле мааниде айтылып жүргөн «Кудайдын боз кою» деген сөз да бар. Чыңгыз Айтматов бир чыгармасында «өзү да кудайдын боз кою дешип аяп жүрүштү» деген сүйлөм бар.

* * *

«Кудай-теңирин тааныбай калуу». Дөөгүрсүп калуу, көбүү, дардаңдап эч нерсени көзүнө илбөө, теңине албай текеберденүү ж.б. «Акчалуу болгондон баштап эле кудай-теңирин тааныбай, өзүнөн улуу кишилерди «сен» деп кекетчү болду» дейт. «Анын акылын акча алып кеткенден бери, үй-бүлөсү менен кудай-теңирин тааныбай калышты» дейт. «Адам баласы бирди көрөр кезинде кудай-теңирин тааныбай калчу эле» дейт.

* * *

«Кудайы конок». Жолоочулап келатып, жол жүрүп келатып, аты да, өзү да чарчап, чаалыгып, түнөп кетүүгө жай сурап кайрылган кишини кыргыздар илгертен эле «кудайы конок» деп атына жем-чөп, өзүнө жатарына жай, жээрине тамак-ашын берип келген. «Кудай конокмун, байбиче!» деп аттан түшкөн адамды, кемпир үйүнүн төрүнө өткөрүп, бапыраңдап колдо бар тамагы менен сыйлады» дейт.

* * *

«Кудайы суроо» дейт. Кайыр-садага, жардам суроо. «Эл-жерге жеткиче кудайы сурап жан багып келдим» деген эмеспи айтылуу Токтогул Сатылган уулу Сибирдеги түрмөдөн келген кезин.

* * *

«Кудайга колу жеткенсүү». Кекирейүү, менменсүү, текеберденүү, эчкимди теңине алгысы келбөө. «Кудайга колу жеткенсип, бир заматта өткөнүн унутуп калды» дейт.

* * *

«Кудайга үнү жетүү» деп коет. Абдан катуу үн чыгаруу, азаптан, ызадан, кайгыдан чыккан ачуу үн.

«Акыры кудайга үнү жетсе керек, жетим жүрүп жетилди» дейт.

* * *

«Кудайга шүгүр» дейт. Ыраазы болуу, каниет, топук кылуу, алымсынуу. «Кудайга шүгүр, ач курсак акыры тоюнат, жыртык кийим бүтөлөт, андан көрө элибиз аман болсун» дейт.


* * *

«Кудайдан жөө качкан» дейт. өтө шум, ашкан митаам адамга айтылат. «Кудайдан жөө качкан адам экен» дейт.

* * *

«Кудайдын алы жетпегир» дейт. Ыймансыз, абийри жок, жандими адамдарга айтылат. «Эмне кылалы, Кудайдын алы жетпегирлер иштеп жатпайбы!» деп ачууланды дейт.

* * *

«Кудайдын көзү түз экен» дейт. Эч кандай күнөөсү жок экен, тарткылыгы жок экен деген мааниде колдонулат. «Кудайдын көзү түз экен, акыры акталып чыгып, өнүп-өскөн жеримдин тузун таттым» дейт.

* * *

«Кудайдын тузун уурдоо» дейт. Күнөө кылуу. «Мен анчалыкка баргандай, эмне, кудайдын тузун уурдадым беле?» дейт.

* * *

«Кудайдын куттуу күнү». Күн сайын, күнүгө, дайыма, такай деген мааниде. «Кудайдын куттуу күнү ишке чыгып жүрдүк» дейт.

* * *

«Кудайдын кулагы сүйүнсүн!» дейт. Жакшылык эле болсун, ылайым жамандык болбосун деген сөз. «Кудайдын кулагы сүйүнсүн, акыры бул илдетти да жеңип чыктык» дейт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG